ГАНДИ Индира: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГА́НДИ ''' Индира (19. 11. 1917, Индия, Аллахабад – 31. 10. 1984, Индия, Дели | '''ГА́НДИ ''' '''Индира''' (19. 11. 1917, Индия, Аллахабад – 31. 10. 1984, Индия, Дели шаары) – Индиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ж. ''Нерунун'' кызы. Швейцария, Англия (Оксфорд университетин) жана Индияда билим алган. 1938-жылы Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясына кирип, колониялык үстөмдүккө каршы жигердүү күрөшкөн, бир нече жолу жазага тартылган. Индия өз алдынчалыкка жетишкенде (1947) Индия улуттук конгрессинде жооптуу кызматтарды аткарган. 1959–1960-жылдары Индия улуттук конгрессинин төрайымы, 1964-жылдан Л. Б. Шастринин өкмөтүнүн Маалымат жанаа радио уктуруу министри, Улуттук | ||
[[File:ГАНДИ 157.png | thumb | none|300x300px]] | |||
[[File:ГАНДИ 157.png | thumb | none]] | коргонуу советинин мүчөсү (1964-жыл, июль). 1966–1977-жылдары Индиянын премьер-министри. 1967–1977-жылдары Премьер-министрлик кызмат менен кошо атом энергиясы жана тышкы иштер министри, Пландоо комиссиясынын төрайымы болгон. 1969–1970-жылдары реакциянын каршылыгына карабастан, 14 ири банкты мамлекеттештирген. 1977-жылы шайлоодо жеӊилгенден кийин, Индия улуттук конгрессинин төрайымдыгынан жана премьер-министрликтен кеткен. 1980-жылы кайрадан премьер-министр болгон. 1984-жылы сикх диний уюмунун мүчөлөрү болгон өзүнүн жеке сакчылары тарабынан өлтүрүлгөн. Тышкы саясатта Ганди Америка Кошмо Штаттарынын Вьетнамга, Израилдин араб өлкөлөрүнө жасаган агрессияларын айыптап чыккан, анын тушунда Индиянын Пакистандын ички иштерине кийлигишүсү жаӊы мамлекет – Бангладештин пайда болушуна (1971) алып келген. Ички саясатта атасы Ж. ''Нерунун'' саясатынын негизги принциптерин – Индиянын бир да согуш блокторуна кошулбоо, тынчтыкты жана эл аралык кызматташтыкты колдоо, улуттук (мамлекеттик) экономиканын негиздерин пландуу өнүктүрүү саясатын уланткан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
11:38, 15 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГА́НДИ Индира (19. 11. 1917, Индия, Аллахабад – 31. 10. 1984, Индия, Дели шаары) – Индиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ж. Нерунун кызы. Швейцария, Англия (Оксфорд университетин) жана Индияда билим алган. 1938-жылы Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясына кирип, колониялык үстөмдүккө каршы жигердүү күрөшкөн, бир нече жолу жазага тартылган. Индия өз алдынчалыкка жетишкенде (1947) Индия улуттук конгрессинде жооптуу кызматтарды аткарган. 1959–1960-жылдары Индия улуттук конгрессинин төрайымы, 1964-жылдан Л. Б. Шастринин өкмөтүнүн Маалымат жанаа радио уктуруу министри, Улуттук

коргонуу советинин мүчөсү (1964-жыл, июль). 1966–1977-жылдары Индиянын премьер-министри. 1967–1977-жылдары Премьер-министрлик кызмат менен кошо атом энергиясы жана тышкы иштер министри, Пландоо комиссиясынын төрайымы болгон. 1969–1970-жылдары реакциянын каршылыгына карабастан, 14 ири банкты мамлекеттештирген. 1977-жылы шайлоодо жеӊилгенден кийин, Индия улуттук конгрессинин төрайымдыгынан жана премьер-министрликтен кеткен. 1980-жылы кайрадан премьер-министр болгон. 1984-жылы сикх диний уюмунун мүчөлөрү болгон өзүнүн жеке сакчылары тарабынан өлтүрүлгөн. Тышкы саясатта Ганди Америка Кошмо Штаттарынын Вьетнамга, Израилдин араб өлкөлөрүнө жасаган агрессияларын айыптап чыккан, анын тушунда Индиянын Пакистандын ички иштерине кийлигишүсү жаӊы мамлекет – Бангладештин пайда болушуна (1971) алып келген. Ички саясатта атасы Ж. Нерунун саясатынын негизги принциптерин – Индиянын бир да согуш блокторуна кошулбоо, тынчтыкты жана эл аралык кызматташтыкты колдоо, улуттук (мамлекеттик) экономиканын негиздерин пландуу өнүктүрүү саясатын уланткан.