ГВАТЕМАЛА шаары: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:28, 16 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГВАТЕМА́ЛА (Гватемала ля-Нуэва) – Гватемала Республикасынын борбору, Борбордук Америкадагы ири шаар. Калкы 1,1 млн (шаар айланасы м-н 2,9 млн, 2006). Панамерика жолундагы ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен. Тамак-аш–татымал, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Кафедралуу собор (1782–1815), Улуттук сарай, Плаза Майор аянты, Минерва паркы, университеттер, институттар, театр, филармония, улуттук опералык труппа, улуттук бий мектеби (бий балети м-н), консерватория, искусство академиясы, музейлер (анын ичинде тарых ж-а асем өнөр, археология, этнография) бар. 1524-жылы Сантьяго деген ат м-н негизделген. Алаамат жер титирөөлөр (1917, 1918, 1976) болгон.