ГВИАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГВИА́НА, ''' Ф р а н ц у з д у к Г в и а н а – Франциянын деӊиздеги алыскы депертаменти (1946). | '''ГВИА́НА, ''' Ф р а н ц у з д у к Г в и а н а – Франциянын деӊиздеги алыскы депертаменти (1946). Түштүк Американын түндүк-чыгышында жайгашкан. Батышынан Суринам, түштүгүнөн ж-а чыгышынан Бразилия м-н чектешет. Түндүгүн ж-а түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 91 миӊ ''км''2. Калкы 294,0 миӊ (2021), негизинен креол, метис, негр, ички аймактарында индейлер жашайт; алар негизинен океан жээктеринде отурукташкан. Административдик борбору ж-а негизги деӊиз порту – Кайенна шаары. Расмий тили – француз тили. Административдик-аймактык жактан 2 округка бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Франция парламентинде Улуттук чогулуштун 3 депутаты ж-а 2 сенатору Гвиананын өкүлү.
Гвиана бөксө тоосунун четки түн.-чыгышын ж-а Гвиана түздүгүн ээлейт. Аймагы тоолуу түздүк (бийиктиги 850 ''м''); аны түндүгүнөн ичке жээк ойдуӊу курчап турат. Климаты субэкватордук,

Гвиана бөксө тоосунун четки түн.-чыгышын ж-а Гвиана түздүгүн ээлейт. Аймагы тоолуу түздүк ( | |||

[[File:ГВИАНА84.png | thumb | Мангр токою.]] | [[File:ГВИАНА84.png | thumb | Мангр токою.]] | ||
ысык ж-а нымдуу, айлык | ысык ж-а нымдуу, айлык орточо температурасы 25–28°С. Жылдык жаан-чачыны 2700 ''мм''ден 3700 ''мм''ге чейин. Дарыялары көп, босоголуу. Ири дарыялары – Марони, Ояпок, Апруаг. Кызыл сары ферралит топурагы басымдуу. Аймагынын 90%тен ашыгын нымдуу жыш дайыма жашыл тропик токою (түндүгүндө ж-а борбордук бөлүгүндө бийик чөптүү саванна ж-а 500дөн ашык дарак өсүмдүктөрүнүн түрү ж. б.) ээлейт. Океан жээктерин сейрек кездешүүчү деӊиз таш бакалары мекендейт. 19 табигый аймак коргоого алынган. Гвиананын аймагында алгач француздар 1604-жылы отурукташкан. Плантацияларында Африкадан алынып келинген кул негрлер иштеген. 18-кылымдын аягынан сүргүнгө айдалчу жерге айланган.

[[File:ГВИАНА85.png | thumb | none]] | [[File:ГВИАНА85.png | thumb | none]] | ||
1946-жылдан Франциянын деӊиздеги алыскы департаменти. | 1946-жылдан Франциянын деӊиздеги алыскы департаменти.
Гвиана – экономикасы артта калган агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,5 млрд долларды (АКШ) түзүп, аны киши башына бөлүштүргөндө 8,3 миӊ доллардан туура келет. Экономикасында Франциянын космос борборунун мааниси зор (Куру космодромунан түшкөн киреше ИДПнин 25%ин түзөт). Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Ишке жарамдуу адамдын 61% тейлөө чөйрөсүндө, 21% өнөр жайда, 18% айыл чарбасында эмгектенет. Алтын

[[File:ГВИАНА86.png | thumb | Куру космодрому. «Ариан-5» ракетасы старт аянтчасында.]] | [[File:ГВИАНА86.png | thumb | Куру космодрому. «Ариан-5» ракетасы старт аянтчасында.]] | ||
казылып алынат. Жыгачтын баалуу түрү өстүрүлөт. Креветка ж-а балык кармалып, беленделет. Негизги | казылып алынат. Жыгачтын баалуу түрү өстүрүлөт. Креветка ж-а балык кармалып, беленделет. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: бал камыш (толугу м-н ром өндүрүшүнө пайдаланылат), банан, шалы. Бодо мал, чочко, үй куштары багылат. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 800 ''км'', суу жолунуку 460 ''км'' чакан кемелер үчүн. Башкы деӊиз соода порту – Дегра-де-Кан. Экспортко алтын, креветка, ром, жыгач чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина куруу ж-а химия өнөр жайы үчүн продукция алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Швейцария, АКШ (экспорт); Франция, АКШ, Тринидад ж-а Тобаго (импорт). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:51, 16 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГВИА́НА, Ф р а н ц у з д у к Г в и а н а – Франциянын деӊиздеги алыскы депертаменти (1946). Түштүк Американын түндүк-чыгышында жайгашкан. Батышынан Суринам, түштүгүнөн ж-а чыгышынан Бразилия м-н чектешет. Түндүгүн ж-а түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 91 миӊ км2. Калкы 294,0 миӊ (2021), негизинен креол, метис, негр, ички аймактарында индейлер жашайт; алар негизинен океан жээктеринде отурукташкан. Административдик борбору ж-а негизги деӊиз порту – Кайенна шаары. Расмий тили – француз тили. Административдик-аймактык жактан 2 округка бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Франция парламентинде Улуттук чогулуштун 3 депутаты ж-а 2 сенатору Гвиананын өкүлү.
Гвиана бөксө тоосунун четки түн.-чыгышын ж-а Гвиана түздүгүн ээлейт. Аймагы тоолуу түздүк (бийиктиги 850 м); аны түндүгүнөн ичке жээк ойдуӊу курчап турат. Климаты субэкватордук,

ысык ж-а нымдуу, айлык орточо температурасы 25–28°С. Жылдык жаан-чачыны 2700 ммден 3700 ммге чейин. Дарыялары көп, босоголуу. Ири дарыялары – Марони, Ояпок, Апруаг. Кызыл сары ферралит топурагы басымдуу. Аймагынын 90%тен ашыгын нымдуу жыш дайыма жашыл тропик токою (түндүгүндө ж-а борбордук бөлүгүндө бийик чөптүү саванна ж-а 500дөн ашык дарак өсүмдүктөрүнүн түрү ж. б.) ээлейт. Океан жээктерин сейрек кездешүүчү деӊиз таш бакалары мекендейт. 19 табигый аймак коргоого алынган. Гвиананын аймагында алгач француздар 1604-жылы отурукташкан. Плантацияларында Африкадан алынып келинген кул негрлер иштеген. 18-кылымдын аягынан сүргүнгө айдалчу жерге айланган.

1946-жылдан Франциянын деӊиздеги алыскы департаменти.
Гвиана – экономикасы артта калган агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,5 млрд долларды (АКШ) түзүп, аны киши башына бөлүштүргөндө 8,3 миӊ доллардан туура келет. Экономикасында Франциянын космос борборунун мааниси зор (Куру космодромунан түшкөн киреше ИДПнин 25%ин түзөт). Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Ишке жарамдуу адамдын 61% тейлөө чөйрөсүндө, 21% өнөр жайда, 18% айыл чарбасында эмгектенет. Алтын

казылып алынат. Жыгачтын баалуу түрү өстүрүлөт. Креветка ж-а балык кармалып, беленделет. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: бал камыш (толугу м-н ром өндүрүшүнө пайдаланылат), банан, шалы. Бодо мал, чочко, үй куштары багылат. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 800 км, суу жолунуку 460 км чакан кемелер үчүн. Башкы деӊиз соода порту – Дегра-де-Кан. Экспортко алтын, креветка, ром, жыгач чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина куруу ж-а химия өнөр жайы үчүн продукция алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Швейцария, АКШ (экспорт); Франция, АКШ, Тринидад ж-а Тобаго (импорт).