ГЕРБ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРБ ''' (пол. herb, нем. erbe – мурас дегенден) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. | '''ГЕРБ ''' (пол. herb, нем. erbe – мурас дегенден) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. Герб мамлекетке, жерге таандык (шаардык, облустук, аймактык), уруулук, корпорациялык болуп бөлүнөт. Герб монета (тыйын), ошондой эле өз менчиги экендигин белилөө үчүн архитектуралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал-жарактарга, искусство чыгармаларына, кол жазмаларга, китептерге түшүрүлөт. Байыртадан эле уруулук жана жеке менчикти белгилөө максатында славяндарда ар кандай белгилер, түрк элдеринде, монгол<br/> | ||
<br/> | [[File:ГЕРБ2.png | thumb | none|331x331px]] | ||
[[File:ГЕРБ2.png | thumb | none]] | [[File:ГЕРБ3.png | thumb | Герб: 1 – Пишпектин герби; 2 – Кыргыз ССРинин герби.|386x386px]] | ||
[[File:ГЕРБ3.png | thumb | Герб: 1 – Пишпектин герби; 2 – Кыргыз ССРинин герби.]] | жана башка калктарда тамгалар пайдаланылган. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлөрүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы Гербдин жаралышын шарттаган. Биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыкта Шумер мамлекетинде Герб арстан баштуу бүркүт, Египеттики жылан, Персияныкы бүркүт, Байыркы Грекияда: Афинаныкы үкү, Коринфтики канаттуу жылкы, Родостуку атыр гүл, Самостуку тоо жана башкалар болгон. Орто кылымдардан шаарлардын азыркыга чейин сакталып калган Гербдери (Флоренциянын кызыл лилиясы, Венециянын канаттуу арстаны, Лондондун кылыч жана калканы жана башкалар) пайда болгон. Тирүү жандыктарды тартууга тыюу салынган мусулман өлкөлөрүндө Гербдерге оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Россияда XII кылымда шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков жана башка) Гербдери болсо, дворяндардын алгачкы Герби XVI–XVII кылымдарда пайда болуп, XVIII кылымда кеӊири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамлекетинин расмий эмблемасы жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын мамлекеттик атрибуттары да (Герби, гимни, желеги) жаӊыланды, к. ''Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:36, 22 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕРБ (пол. herb, нем. erbe – мурас дегенден) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. Герб мамлекетке, жерге таандык (шаардык, облустук, аймактык), уруулук, корпорациялык болуп бөлүнөт. Герб монета (тыйын), ошондой эле өз менчиги экендигин белилөө үчүн архитектуралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал-жарактарга, искусство чыгармаларына, кол жазмаларга, китептерге түшүрүлөт. Байыртадан эле уруулук жана жеке менчикти белгилөө максатында славяндарда ар кандай белгилер, түрк элдеринде, монгол


жана башка калктарда тамгалар пайдаланылган. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлөрүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы Гербдин жаралышын шарттаган. Биздин заманга чейинки 3-миӊ жылдыкта Шумер мамлекетинде Герб арстан баштуу бүркүт, Египеттики жылан, Персияныкы бүркүт, Байыркы Грекияда: Афинаныкы үкү, Коринфтики канаттуу жылкы, Родостуку атыр гүл, Самостуку тоо жана башкалар болгон. Орто кылымдардан шаарлардын азыркыга чейин сакталып калган Гербдери (Флоренциянын кызыл лилиясы, Венециянын канаттуу арстаны, Лондондун кылыч жана калканы жана башкалар) пайда болгон. Тирүү жандыктарды тартууга тыюу салынган мусулман өлкөлөрүндө Гербдерге оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Россияда XII кылымда шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков жана башка) Гербдери болсо, дворяндардын алгачкы Герби XVI–XVII кылымдарда пайда болуп, XVIII кылымда кеӊири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамлекетинин расмий эмблемасы жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын мамлекеттик атрибуттары да (Герби, гимни, желеги) жаӊыланды, к. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.