ГЕНЕТИКАЛЫК КОД: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕНЕТИКАЛЫК КОД ''' – нуклеин | '''ГЕНЕТИКАЛЫК КОД ''' – нуклеин кислоталарынын молекулаларындагы тукум куума информацияны туюндуруучу нуклеотиддердин жайгашуу тизмеги. Нуклеин кислоталары – дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) м-н рибонуклеин кислотасында (РНК) нуклеотиддердин 5 тиби (ар бир нуклеин кислоталарында төрттөн) болот. Булар бири биринен курамындагы азоттуу негиздер м-н айырмаланат. ДНКнын курамында аденин (А), гуанин (Г), цитозин (Ц), тимин (Т); ал эми РНКда тиминдин (Т) ордуна урацил (У) болот. Генетикалык коддогу коддоочу нуклеотиддердин саны (4) м-н белоктогу амин кислоталардын саны (20) дал келбегендиктен, коддун саны (б. а. 1 амин кислотаны коддоочу нуклеотиддин саны) триплет (43=64) болот, б. а. бир амин кислотага 3 нуклеотид (коддон) туура келет. Гендеги нуклеотиддердин тизмеги төмөндөгүдөй ЦЦГ–АЦА–ГУА–УУА болсо, булар үчтөн болуп (триплет), ЦЦГ нуклеотиддери пролинди, АЦА треонинди ж. у. с. башка амин кислоталар чечмеленет. Генетикалык код клеткада 2 этап м-н өтөт. Биринчиси ядродо өтүп, ''транскрипция'', экинчиси цитоплазмада жүрүп, ''трансляция'' деп аталат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:16, 22 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕНЕТИКАЛЫК КОД – нуклеин кислоталарынын молекулаларындагы тукум куума информацияны туюндуруучу нуклеотиддердин жайгашуу тизмеги. Нуклеин кислоталары – дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) м-н рибонуклеин кислотасында (РНК) нуклеотиддердин 5 тиби (ар бир нуклеин кислоталарында төрттөн) болот. Булар бири биринен курамындагы азоттуу негиздер м-н айырмаланат. ДНКнын курамында аденин (А), гуанин (Г), цитозин (Ц), тимин (Т); ал эми РНКда тиминдин (Т) ордуна урацил (У) болот. Генетикалык коддогу коддоочу нуклеотиддердин саны (4) м-н белоктогу амин кислоталардын саны (20) дал келбегендиктен, коддун саны (б. а. 1 амин кислотаны коддоочу нуклеотиддин саны) триплет (43=64) болот, б. а. бир амин кислотага 3 нуклеотид (коддон) туура келет. Гендеги нуклеотиддердин тизмеги төмөндөгүдөй ЦЦГ–АЦА–ГУА–УУА болсо, булар үчтөн болуп (триплет), ЦЦГ нуклеотиддери пролинди, АЦА треонинди ж. у. с. башка амин кислоталар чечмеленет. Генетикалык код клеткада 2 этап м-н өтөт. Биринчиси ядродо өтүп, транскрипция, экинчиси цитоплазмада жүрүп, трансляция деп аталат.