ГИПЕРРЕАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИПЕРРЕАЛИ́ЗМ ''' (англ. hyperrealism – ашынган реализм) – живопись | '''ГИПЕРРЕАЛИ́ЗМ ''' (англ. hyperrealism – ашынган реализм) – живопись менен скульптурадагы багыт. 1960-жылдардын ортосунда Америка Кошмо Штаттарында пайда болгон жана бөлөк өлкөлөргө кеӊири тараган. Фотографияны деталына чейин көчүрмөлөп, аны чоӊ полотнонун көлөмүнө чейин чоӊойтуу бул ыкманын негизин түзөт. Фото сүрөттөлүштүн бардык өзгөчөлүктөрүн сактап калуу менен гиперреалисттер көчүрүүнүн механикалык ыкмаларын – диапроекцияны, масштабдык торчону, жебилге ордуна аэрографияны, даяр картинанын үстүӊкү бетин жылмалоону (шлифовка) колдонушкан. Натыйжада фотография инфраструктурасынын толук кайталанышы келип чыккан. Живопистеги Гиперреализмдин америкалык ири өкүлдөрү: Дон Эдди, Ричард Эстес, Ральф Гоингс, Роберт Коттингем, Бен Шонцайт, Малколм Морли жана портретчи Чак Клоуз. Гиперреализм скульпторлору (Жон де Андреа, Дуэйн Хэнсон) тирүү фигуралардын муляжын жасашкан, натурага окшоштуруп боёшкон жана даяр кийим кийгизишкен. Гиперреализмдин өзгөчө варианты 70-жылдары Эстонияда (Андо Кесккюла, Рейн Таммик, Хейти Полли), Латвияда (Миэрвалдис Полис), Россияда (А. А. Волков, А. И. Петров, Е. И. Амаспюр), Украинада (С. А. Гета, С. А. Базильев) калыптанган. Алардагы жалпылыктар заманбап турмушка болгон көз караштын күтүлбөгөн образдуу эффектин батыш Гиперреализм техникасы менен айкалыштыруу жана бул максаттар үчүн живопистик жана графикалык каражаттарды пайдалануу болгон. Гиперреализм мындан сырткары фотореализм, муздак реализм, кескин фокустук реализм, радикалдык реализм деп да аталат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:21, 22 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГИПЕРРЕАЛИ́ЗМ (англ. hyperrealism – ашынган реализм) – живопись менен скульптурадагы багыт. 1960-жылдардын ортосунда Америка Кошмо Штаттарында пайда болгон жана бөлөк өлкөлөргө кеӊири тараган. Фотографияны деталына чейин көчүрмөлөп, аны чоӊ полотнонун көлөмүнө чейин чоӊойтуу бул ыкманын негизин түзөт. Фото сүрөттөлүштүн бардык өзгөчөлүктөрүн сактап калуу менен гиперреалисттер көчүрүүнүн механикалык ыкмаларын – диапроекцияны, масштабдык торчону, жебилге ордуна аэрографияны, даяр картинанын үстүӊкү бетин жылмалоону (шлифовка) колдонушкан. Натыйжада фотография инфраструктурасынын толук кайталанышы келип чыккан. Живопистеги Гиперреализмдин америкалык ири өкүлдөрү: Дон Эдди, Ричард Эстес, Ральф Гоингс, Роберт Коттингем, Бен Шонцайт, Малколм Морли жана портретчи Чак Клоуз. Гиперреализм скульпторлору (Жон де Андреа, Дуэйн Хэнсон) тирүү фигуралардын муляжын жасашкан, натурага окшоштуруп боёшкон жана даяр кийим кийгизишкен. Гиперреализмдин өзгөчө варианты 70-жылдары Эстонияда (Андо Кесккюла, Рейн Таммик, Хейти Полли), Латвияда (Миэрвалдис Полис), Россияда (А. А. Волков, А. И. Петров, Е. И. Амаспюр), Украинада (С. А. Гета, С. А. Базильев) калыптанган. Алардагы жалпылыктар заманбап турмушка болгон көз караштын күтүлбөгөн образдуу эффектин батыш Гиперреализм техникасы менен айкалыштыруу жана бул максаттар үчүн живопистик жана графикалык каражаттарды пайдалануу болгон. Гиперреализм мындан сырткары фотореализм, муздак реализм, кескин фокустук реализм, радикалдык реализм деп да аталат.