ГИТАРА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИТА́РА ''' (испан. guitarra – кифара) – кылдуу чертме | '''ГИТА́РА ''' (испан. guitarra – кифара) – кылдуу чертме музыкалык аспап. Гитаранын негизги бөлүктөрү: алмурут сымал алды-үстү капкакталган чара, үстүӊкү капкагына добуш жаӊыртуучу тешик, беренелүү моюн, моюндун башында кыл толгоочу бир нече кулак жайгаштырылган. Адегенде ичеги кыл тагышкан, кийин металл жана нейлон кыл тагып калышкан. Гитара жөнүндөгү алгачкы маалыматтар XIV–XV кылымдардагы булактарда кездешет. Испанияда 4 жуп кылдуусу пайда болгон. XVII кылымда испан Гитарасы деген ат менен Америкага тараган. XVIII кылымдан бир жуп кылы алынып, 6 кылдуу Гитара кеӊири тарайт. 7 кылдуусу орус Гитарасы деген ат менен XVIII кылымдын 2-жарымынан баштап белгилүү. Гитаранын тизеге коюп плектр (медиатор) менен ойноочу гавайя түрү (XX кылым), оркестр жана жаз Гитарасы бар. Өркүндөтүлгөн электр Гитаралары азыр кеӊири колдонулат. Гитара Кыргызстанда да тараган. Кыргыз гитарачысы Д. Назарматов элдик бир нече обон-күүнү Гитарага ылайыкташтырып иштеп чыккан, ошондой эле «Гитара күүлөрү», «Гитарада ойноо» аттуу китептерди жазган. | ||
[[Файл:Назарматов.jpg|left|thumb|432x432px|Даниал Назарматов – Кыргызстандын көрүнүктүү гитаристи. ]] | |||
[[Файл:Гитара.jpg|thumb|Классикалык алты кылдуу гитара.]] | |||
[[Файл:Гитарист 1.jpg|center|thumb|В. А. Тропинин. Гитарист (В. И. Марковдун портрети), холст, май, 1839-жыл., ]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:48, 22 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГИТА́РА (испан. guitarra – кифара) – кылдуу чертме музыкалык аспап. Гитаранын негизги бөлүктөрү: алмурут сымал алды-үстү капкакталган чара, үстүӊкү капкагына добуш жаӊыртуучу тешик, беренелүү моюн, моюндун башында кыл толгоочу бир нече кулак жайгаштырылган. Адегенде ичеги кыл тагышкан, кийин металл жана нейлон кыл тагып калышкан. Гитара жөнүндөгү алгачкы маалыматтар XIV–XV кылымдардагы булактарда кездешет. Испанияда 4 жуп кылдуусу пайда болгон. XVII кылымда испан Гитарасы деген ат менен Америкага тараган. XVIII кылымдан бир жуп кылы алынып, 6 кылдуу Гитара кеӊири тарайт. 7 кылдуусу орус Гитарасы деген ат менен XVIII кылымдын 2-жарымынан баштап белгилүү. Гитаранын тизеге коюп плектр (медиатор) менен ойноочу гавайя түрү (XX кылым), оркестр жана жаз Гитарасы бар. Өркүндөтүлгөн электр Гитаралары азыр кеӊири колдонулат. Гитара Кыргызстанда да тараган. Кыргыз гитарачысы Д. Назарматов элдик бир нече обон-күүнү Гитарага ылайыкташтырып иштеп чыккан, ошондой эле «Гитара күүлөрү», «Гитарада ойноо» аттуу китептерди жазган.


