ГАРВАРД УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГА́РВАРД УНИВЕРСИТЕТИ ''' – АКШдагы окуу жайы. 1636-ж. коллеж катары Кембридж ш-нда (Массачусетс штаты) уюшулган. 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган ж-а мүлкүнүн жарымын, китепканасын коллежге мураска калтырган англ. министр, иск-во бакалавры Ж. Гарварддын ысмында. 18-к-дын аягына чейин Г. ун-тинде Библия ж-а байыркы тилдер гана окутулган. Кийин жаӊы тилдер, математика окутула баштаган. 19-к-дын 1-жарымында медицина (1810) ж-а укук (1817) ф-ттери кошулгандан кийин коллеж ун-тке айланган. Ун-ттин өсүшүнө белгилүү педагог, ун-ттин президенти (1869–1909) Ч. Элиот чоӊ салым кошкон. Жалпы билим берүүчү коллежден башка, гуманитардык ж-а табигый илимдер, укук, медицина, саламаттык сактоо, дин илими, мамл. башкаруу, пед. ф-ттери, колдонмо физика, инж. бөлүмдөрү болгон. Ун-тте обсерватория, китепканалар, музейлер иштейт. АКШнын 7 президенти Г. ун-тин бүткөн. Учурда Кырг-ндан барып билим алып жаткан студенттер да бар.
'''ГА́РВАРД УННИВЕРСИТЕТИ - '''Америка Кошмо Штаттарындагы окуу жай. 1636-жылы коллеж катары Кембридж шаарында (Массачусетс штаты) уюшулган. 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган жана мүлкүнүн жарымын, китепканасын коллежге мураска калтырган англиялык министр, искусство бакалавры Ж. Гарварддын ысмында. XVIII кылымдын аягына чейин Гарвард университетинде Библия жана байыркы тилдер гана окутулган. Кийин жаӊы тилдер, математика окутула баштаган. XIX кылымдын 1-жарымында медицина (1810) жана укук (1817) факультеттери кошулгандан кийин коллеж университетке айланган. Университеттин өсүшүнө белгилүү педагог, университеттин президенти (1869–1909) Ч. Элиот чоӊ салым кошкон. Жалпы билим берүүчү коллежден башка, гуманитардык жана табигый илимдер, укук, медицина, саламаттык сактоо, дин илими, мамлекеттик башкаруу, педагогика факультеттери, колдонмо физика, инженердик бөлүмдөрү болгон. Университетте обсерватория, китепканалар, музейлер иштейт. Америка Кощмо Штаттарынын 7 президенти Гарвард университетин бүткөн. Учурда Кыргызстандан барып билим алып жаткан студенттер да бар.  
 
[[Файл:Китепкана.jpg|thumb|426x426px|АКШ, Кембриж, Массачусетс, Гарвард университети.]]
[[Файл:Гарвард.jpg|left|thumb|497x497px|Гарвард университети.]]
[[Файл:Гар.jpg|center|thumb|391x391px|Университеттин алдындагы Жон Гарварддын эстелиги.]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:25, 30 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГА́РВАРД УННИВЕРСИТЕТИ - Америка Кошмо Штаттарындагы окуу жай. 1636-жылы коллеж катары Кембридж шаарында (Массачусетс штаты) уюшулган. 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган жана мүлкүнүн жарымын, китепканасын коллежге мураска калтырган англиялык министр, искусство бакалавры Ж. Гарварддын ысмында. XVIII кылымдын аягына чейин Гарвард университетинде Библия жана байыркы тилдер гана окутулган. Кийин жаӊы тилдер, математика окутула баштаган. XIX кылымдын 1-жарымында медицина (1810) жана укук (1817) факультеттери кошулгандан кийин коллеж университетке айланган. Университеттин өсүшүнө белгилүү педагог, университеттин президенти (1869–1909) Ч. Элиот чоӊ салым кошкон. Жалпы билим берүүчү коллежден башка, гуманитардык жана табигый илимдер, укук, медицина, саламаттык сактоо, дин илими, мамлекеттик башкаруу, педагогика факультеттери, колдонмо физика, инженердик бөлүмдөрү болгон. Университетте обсерватория, китепканалар, музейлер иштейт. Америка Кощмо Штаттарынын 7 президенти Гарвард университетин бүткөн. Учурда Кыргызстандан барып билим алып жаткан студенттер да бар.

АКШ, Кембриж, Массачусетс, Гарвард университети.
Гарвард университети.
Университеттин алдындагы Жон Гарварддын эстелиги.