ГЕОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary

No edit summary

(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРА́ФИЯ ''' (''гео...'' ж-а ''...графия'') – табият ж-а коомдук илимдердин табигый ж-а өндүрүштүк аймактык комплекстерди, алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Г-нын ил. изилдөөлөрү табигый чөйрөнүн, анын компоненттеринин өнүгүсүнүн ж-а өзгөрүшүнүн аймактык ж-а мезгилдик закон ченемдүлүктөрүн аныктоого багытталып, практикалык сунуштары табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу ж-а адам жашоосу үчүн оӊтойлуу чөйрө түзүү максатын көздөйт.
'''ГЕОГРА́ФИЯ ''' (''гео...'' ж-а ''...графия'') – табият ж-а коомдук илимдердин табигый ж-а өндүрүштүк аймактык комплекстерди, алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Географиянын илимий изилдөөлөрү табигый чөйрөнүн, анын компоненттеринин өнүгүсүнүн ж-а өзгөрүшүнүн аймактык ж-а мезгилдик закон ченемдүлүктөрүн аныктоого багытталып, практикалык сунуштары табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу ж-а адам жашоосу үчүн оӊтойлуу чөйрө түзүү максатын көздөйт.
== Г-ЛЫК ИЛИМДЕРДИН СИСТЕМАСЫ Ж-А ЧЕКТЕШ ИЛИМДЕР М-Н БАЙЛАНЫШЫ.==
== ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЛИМДЕРДИН СИСТЕМАСЫ ЖАНА ЧЕКТЕШ ИЛИМДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ.==
Г. илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү ж-а тармактарга ажыроо процессинде пайда болгон.
Географиялык илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү ж-а тармактарга ажыроо процессинде пайда болгон.
Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жер таануу, ''палеогеография, геоморфология, климатология,'' кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак географиясы ж-а биогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы ж-а региондук экономикалык География, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий География ж. б.); в) ''картография'' ж-а ''геодезия.'' Ар бир географиялык илим экспедициялык ж-а стационардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, биология сыяктуу илимдердин ыкмаларын ж-а маалыматтарын пайдаланат. Экономикалык География болсо физикалык География ж-а саясий экономия, демография, социология, өнөр жай ж-а айыл чарба экономикасы ж. б. коомдук илимдер м-н тыгыз байланышта. Табигый шарттар м-н ресурстарды толук ж-а сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү ж-а өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирү ж-а кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу – Географиянын милдети.

Анын башкы тармактары: а) табигый же физ. геогр. илимдер (физ. география, жалпы жер таануу, ''палеогеография, геоморфология, климатология,'' кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак географиясы ж-а биогеография); б) коомдук геогр. илимдер (жалпы ж-а региондук экон. Г., өнөр жай, а. ч., транспорт, калк географиясы, саясий Г. ж. б.); в) ''картография'' ж-а ''геодезия.'' Ар бир геогр. илим экспедициялык ж-а стационардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, геогр. Илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, биология сыяктуу илимдердин ыкмаларын ж-а маалыматтарын пайдаланат. Экон. Г. болсо физ. Г. ж-а саясий экономия, демография, социология, өнөр жай ж-а а. ч. экономикасы ж. б. коомдук илимдер м-н тыгыз байланышта. Табигый шарттар м-н ресурстарды толук ж-а сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрд үн өсүшү ж-а өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирү ж-а кайра куруу жаатында ил. негиздерди иштеп чыгуу – Г-нын милдети.

==Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары ==
==Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары ==

(маанилүү геогр. саякаттар ж-а ачылыштар ж-дө к. ''Географиялык ачылыштар'' макаласынан). Г. – эзелки илимдерден. Алгачкы геогр. маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Геогр. кубулуштарды ж-а процесстерди табигый-ил. көз карашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деӊгээлинде түшүндүрүү б. з. ч. 6-к-да башталып, илимде 2 геогр. багыт – жалпы жер таануу же физ. география (негиздөөчү Аристотель) ж-а өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги ж-а анын бети 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү ж-дөгү ойлор пайда болгон. Б. з. ч. 3–2-к-да матем. Г. негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы Г. Страбон м-н Птолемейдин эмгектеринде (б. з. 1–2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкө таануу багытын өөрчүтсө, Птолемей Г-нын милдети карта түзүү деп санаган.
(маанилүү географиялык саякаттар ж-а ачылыштар жөнүндө к. ''Географиялык ачылыштар'' макаласынан). География – эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды ж-а процесстерди табигый-илимий көз карашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деӊгээлинде түшүндүрүү б. з. ч. 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт – жалпы жер таануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) ж-а өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги ж-а анын бети 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Б. з. ч. 3–2-кылымдарда математикалык География негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон м-н Птолемейдин эмгектеринде (б. з. 1–2-кылымдары) биротоло негизделген. Страбон өлкө таануу багытын өөрчүтсө, Птолемей Географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халифаты, О. Азия, Иран) Европага караганда География илиминин өнүгүшү жогорку деӊгээлге көтөрүлүп калган: ар түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык География өөрчүп, карталар түзүлгөн. ''Географиялык улуу ачылыштардан'' кийин География илим билимдин алдыӊкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу ж-а формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деӊиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы ж. б. аныкталып, бирок материктердин табияты али толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «География генералис…» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосферара) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал География «жер-суу шары» ж-дөгү илим деген жыйынтыкка келет.
17-кылымдын 2-жарымы – 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулуштардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүгө көп көӊүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык География алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири м-н болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. 19-кылымда Географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт м-н К. Риттер чоӊ салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845–62) Жер кубулуштарынын жалпы закон ченемдүүлүктөрүн ж-а ички байланыштарын изилдөө физикалык Географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири м-н салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт Географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган.
География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өз алдынча өнүгө баштайт. 20-кылымдын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) боюнча География табигый ж-а коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз география мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-кылымдын башында өлкө таануу м-н «адамдын географиясын» бийик деӊгээлге жеткирген.
Россияда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Географияда бир катар жаӊы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурак таануу илимине негиз салып, комплекстик физикалык географиялык изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-кылымдын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүнүк такталып, анын географиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. З. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын ж-а анын морфологиялык бөлүнүш схемасын сунуш кылган.

Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халифаты, О. Азия, Иран) Европага караганда Г. илиминин өнүгүшү жогорку деӊгээлге көтөрүлүп калган: ар түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар ж-дө көп сандаган эмгектер жазылган; матем. Г. өөрчүп, карталар түзүлгөн. ''Географиялык улуу ачылыштардан'' кийин Г. илим билимдин алдыӊкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-к-дын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Геогр. ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу ж-а формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деӊиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы ж. б. аныкталып, бирок материктердин табияты али толук изилденген эмес. Геогр. улуу ачылыштардын ил. корутундулары голл. географ Б. Варениустун (1650) «География генералис…» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атм-ра) өзгөчөлүктөрүн көрсө- түп, ал Г. «жер-суу шары» ж-дөгү илим деген жыйынтыкка келет.

СССР ИА 1920–30-жылдарда 22 млн ''км''2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк географиялык закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурак таануу, тоӊ таануу, палеогеография ж. б. тармактардын теориялык маселелерин изилдөө м-н бирге комплекстик физикалык география ж-а экономикалык география проблемаларга, райондоштурууга көӊүл бурат; табигый чөйрөнүн физикалык географиясы компоненттеринин аймактык таралышынын закон ченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы тереӊ изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик ж-а компоненттик Географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физикалык Географиянын теориялык изилдөөлөрү жалпы жер таануу (А. А. Григорьев) ж-а ландшафт таануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар ж-а деӊиздер жөнүндө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан.
Географиянын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү ж-а татаалдыгы Географияга ыкташкан жаӊы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, медициналык География ж. б.) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаӊы математикалык, геохимиялык ж. б. методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү.
Советтик физикалык Географияда табигый географиялык комплекстер (геосистемалар) жөнүндөгү илимий түшүнүк калыптанды. Ал ''географиялык кабыктын'' түзүлүшүн ж-а өнүгүү закон ченемдерин (жалпы физикалык География) ж-а анын аймактык бөлүнүшүн, морфологиялык түзүлүшүн ж. б. маселелерди (ландшафт таануу) изилдеди; ири физикалык-географиялык региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мисалы, «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» жөнүндөгү 15 томдон турган серия).
Экономикалык География жалпы теория м-н бирге СССРдин экономикалык райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук ж-а тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар боюнча жалпыланган экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөр жай, транспорт, айыл чарба, калк, шаар ж. б.), табигый шарттардын ж-а ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Советтик экономикалык География башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту.
География тарыхын ж-а тарыхый Географиянын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Советтик картографиянын География м-н тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык ж-а комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар м-н атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Советтик География акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, б. а. конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият м-н коомдун өз ара мамилелерин жалпылоочу ж-а жакшыртуучу илимий проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Советтик Географиянын теориялык ж-а практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Географиялык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.

17-к-дын 2-жарымы – 18-к-дын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулуштардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүгө көп көӊүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экон. Г. алгачкы кадамдарын жасайт. 18-к-дын 2-жарымында атайын табигый- ил. экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири м-н болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. 19-к-да Г-нын өсүшүнө, анын ил. милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт м-н К. Риттер чоӊ салым кошкон. Жердин табияты ж-дөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845–62) Жер кубулуштарынын жалпы закон ченемдүүлүктөрүн ж-а ички байланыштарын изилдөө физ. Г-нын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири м-н салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт Г-ны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган.

Г. өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өз алдынча өнүгө баштайт. 20-к-дын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) б-ча Г. табигый ж-а коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз геогр. мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-к-дын башында өлкөтаануу м-н «адамдын географиясын» бийик деӊгээлге жеткирген.
== Географиянын башка өлкөлөрдөгү абалы. ==

Россияда 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Г-да бир катар жаӊы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурак таануу илимине негиз салып, комплекстик физ. геогр. изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-к-дын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүнүк такталып, анын геогр. изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. З. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын ж-а анын морфол. бөлүнүш схемасын сунуш кылган.
Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук м-н пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамлекеттик бийликтерди ж-а монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония ж. б. айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер ж-а жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар м-н өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө ж-а чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси ж. б.) Географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык География ж-а экономикалык Географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көӊүл бурат.

СССР ИА 1920–30-жылдарда 22 млн ''км''2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк геогр. Закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурак таануу, тоӊ таануу, палеогеография ж. б. Тармактардын теор. маселелерин изилдөө м-н бирге комплекстик физ. геогр. ж-а экон. геогр. проблемаларга, райондоштурууга көӊүл бурулат; табигый чөйрөнүн физ. геогр. компоненттеринин аймактык таралышынын закон ченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы тереӊ изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик ж-а компоненттик Г-лык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физ. Г-нын теор. изилдөөлөрү жалпы жер таануу (А. А. Григорьев) ж-а ландшафт таануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар ж-а деӊиздер ж-дө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан.

Г-нын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү ж-а татаалдыгы Г-га ыкташкан жаӊы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, мед. Г. ж. б.) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаӊы матем., геохим. ж. б. методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү.
== Маанилүү Геологиялык коомдор жана мекемелер. ==

Сов. физ. Г-да табигый геогр. комплекстер (геосистемалар) ж-дөгү ил. түшүнүк калыптанды. Ал ''географиялык кабыктын'' түзүлүшүн ж-а өнүгүү закон ченемдерин (жалпы физ. Г.) ж-а анын аймактык бөлүнүшүн, морфол. түзүлү- шүн ж. б. маселелерди (ландшафт таануу) изилдеди; ири физ.-геогр. региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мис., «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» ж-дөгү 15 томдон турган серия).
Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк ж-а региондук деӊгээлдеги мааниси бар География уюмдары: Орус Географиялык коому, РФ ИАнын География институту, КМШ ИАларынын География институттары, бөлүмдөрү, университеттердин география факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому ж. б.

Экон. Г. жалпы теория м-н бирге СССРдин экон. райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук ж-а тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар б-ча жалпыланган экон.-геогр. мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөр жай, транспорт, а. ч., калк, шаар ж. б.),

табигый шарттардын ж-а ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Сов. экон. Г. башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту.
== Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү.==

Г. тарыхын ж-а тарыхый Г-нын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Сов. картографиянын Г. м-н тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык ж-а комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар м-н атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Сов. Г. акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, б. а. конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият м-н коомдун өз ара мамилелерин жалпылоочу ж-а жакшыртуучу ил. проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Сов. Г-нын теор. ж-а практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Г-лык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.
Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чыгыш элдери б. з. башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. Тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы ж-а анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-кылымдада ж-а 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. ''Риттер'' (1832, 1859) ж-а Л. ''Гумбольдт'' (1843) Теӊир-Тоо м-н Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын Географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий Географиясы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-жылы (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү ж-а жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды. 19-кылымдын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө м-н таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
Кыргызстандын Географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) ж-а жергиликтүү саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь социалисттик революциясынан кийии Географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу ж-а өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын Географиялык (КР ИАнын география бөлүмү, бийик тоолуу Теӊир-Тоо физикалык географиялык станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад университеттеринин География багыттагы факультеттери, Борбордук Азия жер изилдөө институту ж. б.) ж-а географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорологиялык элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин республиканын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР ИАнын ж-а Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын Географиясына зор салым кошту. 1948-жылы СССР ИАнын География институту негиздеген физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды.
1943-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-жылы КМУ ачылгандан бери республиканын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар м-н адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар ичинде География илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы ж. б. жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 ж. б.). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык ж-а гидрологиялык  маалымат жыйнактары, мөӊгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык ж-а комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 ж. б.) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөр жайы, айыл чарбасы, табигый ресурстарды пайдалануу ж-а алардын экономикалык Географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөр жайды ж-а эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары ж-а эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) тереӊ талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. ''Оторбаев,'' 1957 ж. б.) ж-а бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 ж. б.). Республиканын ж-а анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы ж-а энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө.
Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү ж-а өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республиканын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көӊүл бурулуп келүүдө.
Кыргызстандын аймагында абанын ж-а топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов ж. б.).
Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилденди, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө ж-а прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө ж-а калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү ж-а алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө иштерине айрыкча көӊүл бурулуп, аларды прогноздоо ж-а эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда.
Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөӊгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б.).
Табигый ресурстарын комплекстүү инвентарлаштыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфология» (Ш. Качаганов ж. б.) карталары түзүлдү.
Тармактык изилдөөлөр м-н бирдикте Кыргызстандын Географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык ж-а комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын География бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында), Алай кырка тоосунда (1973–75) ж-а Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976–80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э. К. Азыкова, С. Байгуттиев, К. Матикеев ж. б.).
Теӊир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топтому болду.
Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта республиканын Географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев ж. б.) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» ж. б. (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов ж. б.) жарыкка чыкты.
Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда ж-а жүздөгөн макалалар м-н тезистерде чагылдырылып, алар эл аралык, бүткүл союздук ж-а республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРинин климаты» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу сериясы» (1970), «Кыргызстандагы география илимдеринин өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» ж. б. «Кыргыз жергеси» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географиясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар м-н сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы География илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын ж-а илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар м-н камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия ж-а картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын ж-а саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү ж-а фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер м-н жабдылып, республиканын табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын ж-а табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин ж-а жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук ж-а координациялоо иштери КР УИАнын геология институтунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.
== Г-нын башка өлкөлөрдөгү абалы. ==

Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук м-н пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамл. бийликтерди ж-а монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония ж. б. айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер ж-а жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Г-лык изилдөөлөр аспап-жабдыктар м-н өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө ж-а чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси ж. б.) Г-нын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физ. Г. ж-а экон. Г-га бөлүү туура болбойт, Г. тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Г-нын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европ. изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көӊүл бурат.

Ад.: ''Берг Л. С.'' Ландшафтно-географические зоны Советского Союза. Т. 1–2, М.; Л., 1947–52; ''Докучаев В. В.'' Соч. Т. 1–7. М.; Л., 1949–53; Американская география. Современное состояние и перспективы / Пер. с англ. М., 1957; ''Баранский Н. Н''. Экономическая география. Экономическая картография. 2 изд. М., 1960; Методы географических исследований / Сб. ст. М., 1960; ''Григорьев А. А.'' Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; ''Бунге В.,'' Теоретическая география /Пер. с англ. М., 1967; ''Герасимов И. П''. Преобразование природы и развитие географической науки в СССР. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; ''Исаченко А. Г.'' Развитие географических идей. М., 1971; ''Анучин В. А.'' Теоретические основы географии. М., 1972; ''Саушкин Ю. Г.'' Экономическая география: история, теория, методы, практика. М., 1973; ''Нееф Э''. Теоретические основы ландшафтоведения / Пер. с нем. М., 1974; ''Умурзаков С. У.'' Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. Ф., 1959; ''Рязанцев С. Я., Павленко В. Ф''. Киргизская ССР. М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах. Ф., 1973; Киргизия (Серия «Советский Союз»). М., 1970; Природа Киргизии. Ф., 1962; Кыргыз Совет энциклопедиясы. 6 томдук. Ф., 1970–1983; «Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы». I томдук. Б., 2004–2015; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Б., 1990; ''Эргешов А. А., Музакеев М. А., Цигельная И. Д''. Водный баланс Кыргызстана. Б., 1992; ''Подрезов О. А.'' Горная метеорология и климатология. Б., 2000; Кыргызстан географиясы (энциклопедия). Б., 2004; ''Аламанов С. К., Акматов Р. Т.'' Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006; ''Чодураев Т. М.'' Взвешенные наносы рек Кыргызстана. Б., 2007; ''Аламанов С. К., Подрезов О. А.'' Изменение климата и водные проблемы Центральной Азии. М., 2006.
''С. Аламанов.''
== Маанилүү Г-лык коомдор ж-а мекемелер. ==
Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык Г. союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Г-лык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк ж-а региондук деӊгээлдеги мааниси бар Г. уюмдары: Орус Г-лык коому, РФ ИАнын Г. ин-ту, КМШ ИАларынын Г. ин-ттары, бөлүмдөрү, ун-ттердин геогр. ф-ттери, Улуу Британия королдугунун Г. коому, Канаданын королдук Г. коому, АКШ Улуттук Г. коому, Париж Г. коому ж. б.
== Г-нын Кыргызстанда өнүгүшү.==
О. Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чыгыш элдери б. з. башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. Тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. О. кылымдарда Кырг-ндын жалпы аймагы ж-а анын айрым табигый бөлүктөрү (мис., Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-к-да ж-а 19-к-дын 1-жарымында геогр. маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. ''Риттер'' (1832, 1859) ж-а Л. ''Гумбольдт'' (1843) Теӊир-Тоо м-н Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борб. Азиянын Г-сы б-ча биринчи жалпыланган ил. концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура ил. Г-сы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын ил. экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-ж. (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кырг-н аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү ж-а жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кырг-ндын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары ж-дөгү азыркы ил. түшүнүктөргө негиз салды. 19-к-дын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геол., зоологиялык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө м-н таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү ж-дө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.

Кырг-ндын Г-сын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, амер. В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) ж-а жерг. саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь соц. рев-ясынан кийии Г-лык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу ж-а өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кырг-нда бир да ил. мекеме болгон эмес, жогорку билимд үү адистер жокко эсе эле. Азыр респ-да атайын

Г-лык (КР ИАнын геогр. бөлүмү, Бийик тоолуу Теӊир-Тоо физ. геогр. станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад ун-ттеринин Г. багыттагы ф-ттери, Борб. Азия Жер изилдөө ин-ту ж. б.) ж-а геогр. багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) ил., өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорол. элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Г-га чектеш илимдер изилдейт. Кырг-н Г-лык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин респ-нын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР ИАнын ж-а О. Азия ун-тинин экспедициялары Кырг-ндын Г-сына зор салым кошту. 1948-ж. СССР ИАнын Геогр. ин-ту негиздеген Физ. геогр. станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын ил. мекеме болуп калды.

1943-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-ж. КМУ ачылгандан бери респ-нын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жерг. окумуштуулар м-н адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар ичинде Г. илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери б-ча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы ж. б. ж-дө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 ж. б.). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык ж-а гидрол. маалымат жыйнактары, мөӊгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык ж-а комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 ж. б.) аткарылды. Экон. геогр. изилдөөлөр Кырг-ндын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөр жайы, а. ч., табигый ресурстарды пайдалануу ж-а алардын экон. Г-лык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. А. ч-сын, өнөр жайды ж-а эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экон. геогр. проблемалары ж-а эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) тереӊ талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. ''Оторбаев,'' 1957 ж. б.) ж-а бүткүл Кырг-ндын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 ж. б.). Респ-нын ж-а анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы ж-а энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө.

Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү ж-а өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Респ-нын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көӊүл бурулуп келүүдө.

Кырг-ндын аймагында абанын ж-а топурак кыртышынын темп-расынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов ж. б.).

Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилденди, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө ж-а прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө ж-а калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу б-ча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы б-ча Кырг-ндын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү ж-а алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилд өө иштерине айрыкча көӊүл бурулуп, аларды прогноздоо ж-а эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда.

Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөӊгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б.).

Табигый ресурстарын комплекстүү инвентарлаштыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфология» (Ш. Качаганов ж. б.) карталары түзүлдү.

Тармактык изилдөөлөр м-н бирдикте Кырг-ндын Г-сында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кырг-нда ландшафттык ж-а комплекстүү физ.-геогр. ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын Г. бөлүмү тарабынан Нарын д-нын жогорку агымында (50-жылдардын аягында) Алай кырка тоосунда (1973–75) ж-а Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында (1976–80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э. К. Азыкова, С. Байгуттиев, К. Матикеев ж. б.).

Теӊир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт б-ча белгилүү салым болуп калды. Ал Кырг-ндын комплекстүү ил.-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топтому болду.

Респ-да топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта респ-нын Г-лык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев ж. б.) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» ж. б. (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов ж. б.) жарыкка чыкты.

Кырг-ндын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда ж-а жүздөгөн макалалар м-н тезистерде чагылдырылып, алар эл аралык, бүткүл союздук ж-а респ-лык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРинин климаты» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу сериясы» (1970), «Кыргызстандагы география илимдеринин өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» ж. б. «Кыргыз жергеси» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географиясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар м-н сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы Г. илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын ж-а ил.-популярдуу ад-ттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды.

Кырг-н эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар м-н камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам респ-дагы геодезия ж-а картография кызматы бул өксүктү толтуруу б-ча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, о. эле ресурстардын ж-а саясий-адм. карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу ил. эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү ж-а фундаменталдуу, ил. маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер м-н жабдылып, респ-нын табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын ж-а табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 ил., өндүрүштүк мекемелердин ж-а жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас б-ча ил. уюштуруучулук ж-а координациялоо иштери КР УИАнын Геология ин-тунун Г. бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.

Ад.: ''Берг Л. С.'' Ландшафтно-географические зоны Советского Союза. Т. 1–2, М.; Л., 1947–52; ''Докучаев В. В.'' Соч. Т. 1–7. М.; Л., 1949–53; Американская география. Современное состояние и перспективы / Пер. с англ. М., 1957; ''Баранский Н. Н''. Экономическая география. Экономическая картография. 2 изд. М., 1960; Методы географических исследований / Сб. ст. М., 1960; ''Григорьев А. А.'' Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; ''Бунге В.,'' Теоретическая география /Пер. с англ. М., 1967; ''Герасимов И. П''. Преобразование природы и развитие географической науки в СССР. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; ''Исаченко А. Г.'' Развитие географических идей. М., 1971; ''Анучин В. А.'' Теоретические основы географии. М., 1972; ''Саушкин Ю. Г.'' Экономическая география: история, теория, методы, практика. М., 1973; ''Нееф Э''. Теоретические основы ландшафтоведения / Пер. с нем. М., 1974; ''Умурзаков С. У.'' Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. Ф., 1959; ''Рязанцев С. Я., Павленко В. Ф''. Киргизская ССР. М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах. Ф., 1973; Киргизия (Серия «Советский Союз»). М., 1970; Природа Киргизии. Ф., 1962; Кыргыз Совет энциклопедиясы. 6 томдук. Ф., 1970–1983; «Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы». I томдук. Б., 2004–2015; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Б., 1990; ''Эргешов А. А., Музакеев М. А., Цигельная И. Д''. Водный баланс Кыргызстана. Б., 1992; ''Подрезов О. А.'' Горная метеорология и климатология. Б., 2000; Кыргызстан географиясы (энциклопедия). Б., 2004; ''Аламанов С. К., Акматов Р. Т.'' Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006; ''Чодураев Т. М.'' Взвешенные наносы рек Кыргызстана. Б., 2007; ''Аламанов С. К., Подрезов О. А.'' Изменение климата и водные проблемы Центральной Азии. М., 2006.

''С. Аламанов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:42, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОГРА́ФИЯ (гео... ж-а ...графия) – табият ж-а коомдук илимдердин табигый ж-а өндүрүштүк аймактык комплекстерди, алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Географиянын илимий изилдөөлөрү табигый чөйрөнүн, анын компоненттеринин өнүгүсүнүн ж-а өзгөрүшүнүн аймактык ж-а мезгилдик закон ченемдүлүктөрүн аныктоого багытталып, практикалык сунуштары табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу ж-а адам жашоосу үчүн оӊтойлуу чөйрө түзүү максатын көздөйт.

ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЛИМДЕРДИН СИСТЕМАСЫ ЖАНА ЧЕКТЕШ ИЛИМДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ.

Географиялык илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү ж-а тармактарга ажыроо процессинде пайда болгон.
Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жер таануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак географиясы ж-а биогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы ж-а региондук экономикалык География, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий География ж. б.); в) картография ж-а геодезия. Ар бир географиялык илим экспедициялык ж-а стационардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, биология сыяктуу илимдердин ыкмаларын ж-а маалыматтарын пайдаланат. Экономикалык География болсо физикалык География ж-а саясий экономия, демография, социология, өнөр жай ж-а айыл чарба экономикасы ж. б. коомдук илимдер м-н тыгыз байланышта. Табигый шарттар м-н ресурстарды толук ж-а сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү ж-а өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирү ж-а кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу – Географиянын милдети.

Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары

(маанилүү географиялык саякаттар ж-а ачылыштар жөнүндө к. Географиялык ачылыштар макаласынан). География – эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды ж-а процесстерди табигый-илимий көз карашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деӊгээлинде түшүндүрүү б. з. ч. 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт – жалпы жер таануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) ж-а өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги ж-а анын бети 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Б. з. ч. 3–2-кылымдарда математикалык География негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон м-н Птолемейдин эмгектеринде (б. з. 1–2-кылымдары) биротоло негизделген. Страбон өлкө таануу багытын өөрчүтсө, Птолемей Географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халифаты, О. Азия, Иран) Европага караганда География илиминин өнүгүшү жогорку деӊгээлге көтөрүлүп калган: ар түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык География өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин География илим билимдин алдыӊкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу ж-а формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деӊиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы ж. б. аныкталып, бирок материктердин табияты али толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «География генералис…» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосферара) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал География «жер-суу шары» ж-дөгү илим деген жыйынтыкка келет.
17-кылымдын 2-жарымы – 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулуштардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүгө көп көӊүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык География алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири м-н болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. 19-кылымда Географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт м-н К. Риттер чоӊ салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845–62) Жер кубулуштарынын жалпы закон ченемдүүлүктөрүн ж-а ички байланыштарын изилдөө физикалык Географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири м-н салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт Географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган.
География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өз алдынча өнүгө баштайт. 20-кылымдын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) боюнча География табигый ж-а коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз география мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-кылымдын башында өлкө таануу м-н «адамдын географиясын» бийик деӊгээлге жеткирген.
Россияда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Географияда бир катар жаӊы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурак таануу илимине негиз салып, комплекстик физикалык географиялык изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-кылымдын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүнүк такталып, анын географиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. З. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын ж-а анын морфологиялык бөлүнүш схемасын сунуш кылган.
СССР ИА 1920–30-жылдарда 22 млн км2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк географиялык закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурак таануу, тоӊ таануу, палеогеография ж. б. тармактардын теориялык маселелерин изилдөө м-н бирге комплекстик физикалык география ж-а экономикалык география проблемаларга, райондоштурууга көӊүл бурат; табигый чөйрөнүн физикалык географиясы компоненттеринин аймактык таралышынын закон ченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы тереӊ изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик ж-а компоненттик Географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физикалык Географиянын теориялык изилдөөлөрү жалпы жер таануу (А. А. Григорьев) ж-а ландшафт таануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар ж-а деӊиздер жөнүндө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан.
Географиянын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү ж-а татаалдыгы Географияга ыкташкан жаӊы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, медициналык География ж. б.) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаӊы математикалык, геохимиялык ж. б. методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү.
Советтик физикалык Географияда табигый географиялык комплекстер (геосистемалар) жөнүндөгү илимий түшүнүк калыптанды. Ал географиялык кабыктын түзүлүшүн ж-а өнүгүү закон ченемдерин (жалпы физикалык География) ж-а анын аймактык бөлүнүшүн, морфологиялык түзүлүшүн ж. б. маселелерди (ландшафт таануу) изилдеди; ири физикалык-географиялык региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мисалы, «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» жөнүндөгү 15 томдон турган серия).
Экономикалык География жалпы теория м-н бирге СССРдин экономикалык райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук ж-а тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар боюнча жалпыланган экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөр жай, транспорт, айыл чарба, калк, шаар ж. б.), табигый шарттардын ж-а ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Советтик экономикалык География башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту.
География тарыхын ж-а тарыхый Географиянын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Советтик картографиянын География м-н тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык ж-а комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар м-н атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Советтик География акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, б. а. конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият м-н коомдун өз ара мамилелерин жалпылоочу ж-а жакшыртуучу илимий проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Советтик Географиянын теориялык ж-а практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн Географиялык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.

Географиянын башка өлкөлөрдөгү абалы.

Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук м-н пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамлекеттик бийликтерди ж-а монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония ж. б. айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер ж-а жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар м-н өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө ж-а чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси ж. б.) Географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык География ж-а экономикалык Географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көӊүл бурат.

Маанилүү Геологиялык коомдор жана мекемелер.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк ж-а региондук деӊгээлдеги мааниси бар География уюмдары: Орус Географиялык коому, РФ ИАнын География институту, КМШ ИАларынын География институттары, бөлүмдөрү, университеттердин география факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому ж. б.

Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү.

Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы ж-дө Батыш м-н Чыгыш элдери б. з. башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. Тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы ж-а анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-кылымдада ж-а 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) ж-а Л. Гумбольдт (1843) Теӊир-Тоо м-н Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын Географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий Географиясы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-жылы (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү ж-а жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык ж-а стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн ж-а айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды. 19-кылымдын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык ж. б.) ж-а комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө м-н таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
Кыргызстандын Географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши ж-а Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер ж-а М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) ж-а жергиликтүү саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь социалисттик революциясынан кийии Географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу ж-а өзгөрүү закон ченемдиктерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын Географиялык (КР ИАнын география бөлүмү, бийик тоолуу Теӊир-Тоо физикалык географиялык станциясы, КУУ, БГУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад университеттеринин География багыттагы факультеттери, Борбордук Азия жер изилдөө институту ж. б.) ж-а географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорологиялык элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды Географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) ж-а Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин республиканын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград ж-а Ташкендин адистеринин күчү м-н жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР ИАнын ж-а Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын Географиясына зор салым кошту. 1948-жылы СССР ИАнын География институту негиздеген физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды.
1943-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалы, 1951-жылы КМУ ачылгандан бери республиканын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар м-н адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар ичинде География илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы ж. б. жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 ж. б.). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык ж-а гидрологиялык маалымат жыйнактары, мөӊгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык ж-а комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 ж. б.) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөр жайы, айыл чарбасы, табигый ресурстарды пайдалануу ж-а алардын экономикалык Географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөр жайды ж-а эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары ж-а эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) тереӊ талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. Оторбаев, 1957 ж. б.) ж-а бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 ж. б.). Республиканын ж-а анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы ж-а энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө.
Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү ж-а өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республиканын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көӊүл бурулуп келүүдө.
Кыргызстандын аймагында абанын ж-а топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов ж. б.).
Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилденди, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө ж-а прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө ж-а калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү ж-а алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө иштерине айрыкча көӊүл бурулуп, аларды прогноздоо ж-а эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда.
Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөӊгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б.).
Табигый ресурстарын комплекстүү инвентарлаштыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфология» (Ш. Качаганов ж. б.) карталары түзүлдү.
Тармактык изилдөөлөр м-н бирдикте Кыргызстандын Географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык ж-а комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр КР ИАнын География бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында), Алай кырка тоосунда (1973–75) ж-а Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976–80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э. К. Азыкова, С. Байгуттиев, К. Матикеев ж. б.).
Теӊир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топтому болду.
Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта республиканын Географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев ж. б.) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» ж. б. (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов ж. б.) жарыкка чыкты.
Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда ж-а жүздөгөн макалалар м-н тезистерде чагылдырылып, алар эл аралык, бүткүл союздук ж-а республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРинин климаты» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу сериясы» (1970), «Кыргызстандагы география илимдеринин өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» ж. б. «Кыргыз жергеси» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географиясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар м-н сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы География илимдерине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын ж-а илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар м-н камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия ж-а картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын ж-а саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү ж-а фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер м-н жабдылып, республиканын табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын ж-а табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин ж-а жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук ж-а координациялоо иштери КР УИАнын геология институтунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.

Ад.: Берг Л. С. Ландшафтно-географические зоны Советского Союза. Т. 1–2, М.; Л., 1947–52; Докучаев В. В. Соч. Т. 1–7. М.; Л., 1949–53; Американская география. Современное состояние и перспективы / Пер. с англ. М., 1957; Баранский Н. Н. Экономическая география. Экономическая картография. 2 изд. М., 1960; Методы географических исследований / Сб. ст. М., 1960; Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Бунге В., Теоретическая география /Пер. с англ. М., 1967; Герасимов И. П. Преобразование природы и развитие географической науки в СССР. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; Исаченко А. Г. Развитие географических идей. М., 1971; Анучин В. А. Теоретические основы географии. М., 1972; Саушкин Ю. Г. Экономическая география: история, теория, методы, практика. М., 1973; Нееф Э. Теоретические основы ландшафтоведения / Пер. с нем. М., 1974; Умурзаков С. У. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. Ф., 1959; Рязанцев С. Я., Павленко В. Ф. Киргизская ССР. М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах. Ф., 1973; Киргизия (Серия «Советский Союз»). М., 1970; Природа Киргизии. Ф., 1962; Кыргыз Совет энциклопедиясы. 6 томдук. Ф., 1970–1983; «Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы». I томдук. Б., 2004–2015; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Б., 1990; Эргешов А. А., Музакеев М. А., Цигельная И. Д. Водный баланс Кыргызстана. Б., 1992; Подрезов О. А. Горная метеорология и климатология. Б., 2000; Кыргызстан географиясы (энциклопедия). Б., 2004; Аламанов С. К., Акматов Р. Т. Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006; Чодураев Т. М. Взвешенные наносы рек Кыргызстана. Б., 2007; Аламанов С. К., Подрезов О. А. Изменение климата и водные проблемы Центральной Азии. М., 2006.
С. Аламанов.