ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕСС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕ́СС ''' – географтардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик съезддеринин негизги формасы. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин (1914–18) түрдүү өлкөлөрдүн геогр. коомдору, ал эми 1920-жылдан эл аралык геогр. союз ж-а географтардын улуттук к-ттери тарабынан (1952-жылдан 4 жылда бир) чакырылган. Алгачкы Г. к. Антверпенде (1871), ал эми калгандары төмөнкү шаарлар м-н өлкөлөрдө өткөн: Париж (1875; 1931; 1984), Венеция (1881), Берн (1891), Лондон (1895; 1964), Берлин (1899), АКШ (1904), Женева (1908), Рим (1913), Каир (1925), Кембриж (1928), Варшава (1934), Амстердам (1938), Лиссабон (1949), Вашингтон (1952), Рио-де-Жанейро (1956), Стокгольм (1960), Дели (1968), Монреал (1972), Москва (1976), Токио (1980) ж. б.  
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕ&#769;СС ''' – географтардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик съезддеринин негизги формасы. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин (1914–18) түрдүү өлкөлөрдүн географиялык коомдору, ал эми 1920-жылдан эл аралык географиялык союз ж-а географтардын улуттук комитеттери тарабынан (1952-жылдан 4 жылда бир) чакырылган. Алгачкы Географиялык конгресс Антверпенде (1871), ал эми калгандары төмөнкү шаарлар м-н өлкөлөрдө өткөн: Париж (1875; 1931; 1984), Венеция (1881), Берн (1891), Лондон (1895; 1964), Берлин (1899), АКШ (1904), Женева (1908), Рим (1913), Каир (1925), Кембриж (1928), Варшава (1934), Амстердам (1938), Лиссабон (1949), Вашингтон (1952), Рио-де-Жанейро (1956), Стокгольм (1960), Дели (1968), Монреал (1972), Москва (1976), Токио (1980) ж. б. <br/>Географиялык конгресстин негизги милдети – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча ой бөлүшүү ж-а географиялык негизги проблемаларды биргелешип талкуулоо. Географиялык конгресстин программасында географиянын түрдүү тармактары боюнча секциялардын жыйыны негизги орунду ээлейт. Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн актуалдуу проблемалар боюнча докладдар пленардык чогулуштарда угулат. Географиялык конгресстин программасына, ошондой эле Эл аралык географиялык союздун комиссияларынын ж-а жумушчу топторунун чогулушу да кирип, анда дүйнөгө таанымал географтардын илимий-популярдуу лекциялары окулат. Географиялык конгресс учурунда уюштуруу маселелери боюнча Эл аралык географиялык союздун Генералдык ассамблеясы өткөрүлүп, географиялык адабияттар м-н карталардын көргөзмөлөрү уюштуралат. Конгресс учурунда конгрессти уюштурган өлкөнүн жаратылышынын, калкынын ж-а чарбасынын өзгөчөлүктөрү м-н таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, симпозиум өткөрүлөт. Географиялык конгресс болор алдында анда жасалчу докладдардын тезистери, өлкөнүн географиялык өнүгүү деӊгээлин чагылдырган олуттуу монографиялар ж-а макалалар жыйнагы жарыкка чыгып, конгресстин календары, экскурсия жолдомолору, конгресске катышкандардын тизмеси (дареги м-н) чыгарылат. Конгресстен кийин докладдардын тексти бүт, ошондой эле экскурсиялардын обзорлору жарык көрөт. Географиялык конгресстердин аралыгында региондук географиялык конференциялар өткөрүлөт.
<br/>Г. к-тин негизги милдети – ил. изилдөөлөрдүн жыйынтыктары б-ча ой бөлүшүү ж-а геогр. негизги проблемаларды биргелешип талкуулоо. Г. к-тин программасында географиянын түрдүү тармактары б-ча секциялардын жыйыны негизги орунду ээлейт. Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн актуалдуу проблемалар б-ча докладдар пленардык чогулуштарда угулат. Г. к-тин программасына, о. эле Эл аралык геогр. союздун комиссияларынын ж-а жумушчу топторунун чогулушу да кирип, анда дүйнөгө таанымал географтардын ил.-популярдуу лекциялары окулат. Г. к. учурунда уюштуруу маселелери б-ча Эл аралык геогр. союздун Генералдык ассамблеясы өткөрүлүп, геогр. ад-ттар м-н карталардын көргөзмөлөрү уюштуралат. Конгресс учурунда конгрессти уюштурган өлкөнүн жаратылышынын, калкынын ж-а чарбасынын өзгөчөлүктөрү м-н таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, симпозиум өткөрүлөт. Г. к. болор алдында анда жасалчу докладдардын тезистери, өлкөнүн геогр. өнүгүү деӊгээлин чагылдырган олуттуу монографиялар ж-а макалалар жыйнагы жарыкка чыгып, конгресстин календары, экскурсия жолдомолору, конгресске катышкандардын тизмеси (дареги м-н) чыгарылат. Конгресстен кийин докладдардын тексти бүт, о. эле экскурсиялардын обзорлору жарык көрөт. Г. к-тердин аралыгында региондук геогр. конференциялар өткөрүлөт.
 
<br/>''Н. Алымкулова.''
<br />''Н. Алымкулова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:58, 10 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОГРАФИЯЛЫК КОНГРЕ́СС – географтардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик съезддеринин негизги формасы. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин (1914–18) түрдүү өлкөлөрдүн географиялык коомдору, ал эми 1920-жылдан эл аралык географиялык союз ж-а географтардын улуттук комитеттери тарабынан (1952-жылдан 4 жылда бир) чакырылган. Алгачкы Географиялык конгресс Антверпенде (1871), ал эми калгандары төмөнкү шаарлар м-н өлкөлөрдө өткөн: Париж (1875; 1931; 1984), Венеция (1881), Берн (1891), Лондон (1895; 1964), Берлин (1899), АКШ (1904), Женева (1908), Рим (1913), Каир (1925), Кембриж (1928), Варшава (1934), Амстердам (1938), Лиссабон (1949), Вашингтон (1952), Рио-де-Жанейро (1956), Стокгольм (1960), Дели (1968), Монреал (1972), Москва (1976), Токио (1980) ж. б.
Географиялык конгресстин негизги милдети – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча ой бөлүшүү ж-а географиялык негизги проблемаларды биргелешип талкуулоо. Географиялык конгресстин программасында географиянын түрдүү тармактары боюнча секциялардын жыйыны негизги орунду ээлейт. Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн актуалдуу проблемалар боюнча докладдар пленардык чогулуштарда угулат. Географиялык конгресстин программасына, ошондой эле Эл аралык географиялык союздун комиссияларынын ж-а жумушчу топторунун чогулушу да кирип, анда дүйнөгө таанымал географтардын илимий-популярдуу лекциялары окулат. Географиялык конгресс учурунда уюштуруу маселелери боюнча Эл аралык географиялык союздун Генералдык ассамблеясы өткөрүлүп, географиялык адабияттар м-н карталардын көргөзмөлөрү уюштуралат. Конгресс учурунда конгрессти уюштурган өлкөнүн жаратылышынын, калкынын ж-а чарбасынын өзгөчөлүктөрү м-н таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, симпозиум өткөрүлөт. Географиялык конгресс болор алдында анда жасалчу докладдардын тезистери, өлкөнүн географиялык өнүгүү деӊгээлин чагылдырган олуттуу монографиялар ж-а макалалар жыйнагы жарыкка чыгып, конгресстин календары, экскурсия жолдомолору, конгресске катышкандардын тизмеси (дареги м-н) чыгарылат. Конгресстен кийин докладдардын тексти бүт, ошондой эле экскурсиялардын обзорлору жарык көрөт. Географиялык конгресстердин аралыгында региондук географиялык конференциялар өткөрүлөт.


Н. Алымкулова.