ГРОТЕСК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГРОТЕ́СК ''' (фр. grotesque, итал. grottesco – тике маанисинде – «күлкүлүү», башкага окшобогон; «гротэск» деп окулат) – 1) а д а б и я т т а, окуяларды, предметтерди, адам мүнөздөрүн адаттан тышкары ашырып же фантастикалык ыкта басаӊдатып көрсөтүү. Г. сатиралык сурөттөөгө жакын. Бирок мында шылдыӊ, сындоо м-н ирония – жумшак юмор бирдикте келет да, бирде күлкү келтирсе, бирде шылдыӊдалат. Г. көбүнчө сатиралык мүнөздө болот. Орус ад-тында Н. Гоголдун «Мурун», «Өлүк жандар», М. Е. Салтыков-Щедриндин «Бир шаардын тарыхы» өӊдүү чыгармалар – Г-тин классикалык үлгүлөрүнөн. Кыргыз ад-тында М. Алыбаев («Ак чүч», «Бюрократ»), Р. Шүкүрбеков («Жинди суу») чыгармаларында Г. ыктуу колдонулган; 2) к ө р к ө м с ү р ө т и с к - в о с у н д а, өсүмдүк, айбан, адам ж. б-дын сөлөкөттөрүн укмуштантып фантастикалык формада айкалыштыра тарткан сүрөт-чийме. Г-тик образдан көп учурда күлкүлүү ж-а комедиялуу нерсе трагедиялык ж-а драмалык мааниге чейин өсүп жетилет. Мындай чагылдырууларга О. Домье, Ф. Гойя ж-а Ж. Каллонун сүрөттөрү, Х. Босх м-н П. Брейгелдин картиналары кирет. Г. сатиралык мүнөздөгү чыгармаларда көп кездешет (мис., Кукрыниксилердин саясий карикатураларында); 3) итал. ''Кайра жаралуу'' доорунда кеӊири тараган орнаментациянын аталышы. Жер алдында (Рим «гротторунда») сакталып калган антикалык оймо жазуулар Г. аталган. Г. көбүнчө өсүмдүк формалары түшүрүлгөн ж-а бири-бирине шайкеш келген тилкелерден турат. Негизинен арх-ра деталдарында, өзгөчө пилястрларда кездешет (''Арабеска'' м-н салыштыр). Кеӊири түшүнүктө Г. – кескин мүнөздөгү карикатурадан, түрү суук же таӊкаларлык нерседен фантастикалык абалга жеткирилген нерселер.
'''ГРОТЕ́СК ''' (фр. grotesque, итал. grottesco – тике маанисинде – «күлкүлүү», башкага окшобогон; «гротэск» деп окулат) – 1) а д а б и я т т а, окуяларды, предметтерди, адам мүнөздөрүн адаттан тышкары ашырып же фантастикалык ыкта басаӊдатып көрсөтүү. Гротеск сатиралык сурөттөөгө жакын. Бирок мында шылдыӊ, сындоо менен ирония – жумшак юмор бирдикте келет да, бирде күлкү келтирсе, бирде шылдыӊдалат. Гротеск көбүнчө сатиралык мүнөздө болот. Орус адабиятында Н. Гоголдун «Мурун», «Өлүк жандар», М. Е. Салтыков-Щедриндин «Бир шаардын тарыхы» өӊдүү чыгармалар – Гротесктин классикалык үлгүлөрүнөн. Кыргыз адабиятында М. Алыбаев («Ак чүч», «Бюрократ»), Р. Шүкүрбеков («Жинди суу») чыгармаларында Гротеск ыктуу колдонулган; 2) көркөм сүрөт и с к у с с т в о с у н д а, өсүмдүк, айбан, адам жана башкалардын сөлөкөттөрүн укмуштантып фантастикалык формада айкалыштыра тарткан сүрөт-чийме. Гротесктик образдан көп учурда күлкүлүү жана комедиялуу нерсе трагедиялык жана драмалык мааниге чейин өсүп жетилет. Мындай чагылдырууларга О. Домье, Ф. Гойя жана Ж. Каллонун сүрөттөрү, Х. Босх менен П. Брейгелдин картиналары кирет. Гротеск сатиралык мүнөздөгү чыгармаларда көп кездешет (мисалы, Кукрыниксилердин саясий карикатураларында); 3) италиялык ''Кайра жаралуу'' доорунда кеӊири тараган орнаментациянын аталышы. Жер алдында (Рим «гротторунда») сакталып калган антикалык оймо жазуулар Гротеск аталган. Гротеск көбүнчө өсүмдүк формалары түшүрүлгөн жана бири-бирине шайкеш келген тилкелерден турат. Негизинен архитектура деталдарында, өзгөчө пилястрларда кездешет (''Арабеска'' менен салыштыр). Кеӊири түшүнүктө Гротеск – кескин мүнөздөгү карикатурадан, түрү суук же таӊкаларлык нерседен фантастикалык абалга жеткирилген нерселер.
[[Файл:Гротеск.jpg|left|thumb]]
 
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:03, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГРОТЕ́СК (фр. grotesque, итал. grottesco – тике маанисинде – «күлкүлүү», башкага окшобогон; «гротэск» деп окулат) – 1) а д а б и я т т а, окуяларды, предметтерди, адам мүнөздөрүн адаттан тышкары ашырып же фантастикалык ыкта басаӊдатып көрсөтүү. Гротеск сатиралык сурөттөөгө жакын. Бирок мында шылдыӊ, сындоо менен ирония – жумшак юмор бирдикте келет да, бирде күлкү келтирсе, бирде шылдыӊдалат. Гротеск көбүнчө сатиралык мүнөздө болот. Орус адабиятында Н. Гоголдун «Мурун», «Өлүк жандар», М. Е. Салтыков-Щедриндин «Бир шаардын тарыхы» өӊдүү чыгармалар – Гротесктин классикалык үлгүлөрүнөн. Кыргыз адабиятында М. Алыбаев («Ак чүч», «Бюрократ»), Р. Шүкүрбеков («Жинди суу») чыгармаларында Гротеск ыктуу колдонулган; 2) көркөм сүрөт и с к у с с т в о с у н д а, өсүмдүк, айбан, адам жана башкалардын сөлөкөттөрүн укмуштантып фантастикалык формада айкалыштыра тарткан сүрөт-чийме. Гротесктик образдан көп учурда күлкүлүү жана комедиялуу нерсе трагедиялык жана драмалык мааниге чейин өсүп жетилет. Мындай чагылдырууларга О. Домье, Ф. Гойя жана Ж. Каллонун сүрөттөрү, Х. Босх менен П. Брейгелдин картиналары кирет. Гротеск сатиралык мүнөздөгү чыгармаларда көп кездешет (мисалы, Кукрыниксилердин саясий карикатураларында); 3) италиялык Кайра жаралуу доорунда кеӊири тараган орнаментациянын аталышы. Жер алдында (Рим «гротторунда») сакталып калган антикалык оймо жазуулар Гротеск аталган. Гротеск көбүнчө өсүмдүк формалары түшүрүлгөн жана бири-бирине шайкеш келген тилкелерден турат. Негизинен архитектура деталдарында, өзгөчө пилястрларда кездешет (Арабеска менен салыштыр). Кеӊири түшүнүктө Гротеск – кескин мүнөздөгү карикатурадан, түрү суук же таӊкаларлык нерседен фантастикалык абалга жеткирилген нерселер.