ГЕОДЕЗИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОДЕ́ЗИЯ ''' (''гео''... ж-а гр. daio – бөлөмүн, бөлүштүрөм) – Жердин кебетесин (формасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоочу ж-а анын бетин планга же картага түшүрүү үчүн жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Азыркы Г. – жогорку Г., космостук Г., астрон. Г., топограф., инж. ж-а деӊиздик Г. болуп бөлүнөт. Ж о г о р к у Г. негизинен Жер өлчөмүн, турпатын, формасын ж-а анын гравитациялык талаасын, о. эле Г. тирек пункттардын торун түзүү ыкмаларын ж-а теорияларын изилдейт. К о с м о с т у к Г. негизинен асман телолору, орбиталардын кыймылын, жердин гравитациялык талаасынын параметрлерин ж-а алардын убакыт аралык өзгөрүүсүн, геодинамикалык процесстерин изилдейт ж-а геод. спутниктердин, о. эле байкоо жүргүзүүчү станциялардын жардамы м-н жүргүзөт. А с т р о н о м и я л ы к Г. Жер бетинин геод. пунктарынын торчолорун түзүү м-н бирге долбоорлоп, гравитациялык талаасын, турпатын (фигурасын) изилдөөдө астрон. координаталардын ж-а багыт азимутунун ыкмаларын колдонот. Г е о д е з и я (жөн эле Г.) план ж-а карта түзүү үчүн жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнүн методикасын ж-а техникасын иштеп чыгат. Бул жумуштардын жыйындысы – топографиялык сүрөттөө, ага байланыштуу Г-нын бөлүгү ''топография'' деп аталат. Топографиялык сүрөттөөлөр түздөн-түз жер бетинде ченөө ж-а учуучу аппараттардын жардамы м-н  
'''ГЕОДЕ&#769;ЗИЯ ''' (''гео''... ж-а гр. daio – бөлөмүн, бөлүштүрөм) – Жердин кебетесин (формасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоочу ж-а анын бетин планга же картага түшүрүү үчүн жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Азыркы Геодезия – жогорку Геодезия, космостук Геодезия, астрономиялык Геодезия, топограф., инженердик ж-а деӊиздик Геодезия болуп бөлүнөт. Ж о г о р к у Геодезия негизинен Жер өлчөмүн, турпатын, формасын ж-а анын гравитациялык талаасын, ошондой эле Геодезия тирек пункттардын торун түзүү ыкмаларын ж-а теорияларын изилдейт. Ко с м о с т у к Геодезия негизинен асман телолору, орбиталардын кыймылын, жердин гравитациялык талаасынын параметрлерин ж-а алардын убакыт аралык өзгөрүүсүн, геодинамикалык процесстерин изилдейт ж-а геодезиялык спутниктердин, ошондой эле байкоо жүргүзүүчү станциялардын жардамы м-н жүргүзөт. А с т р о н о м и я л ы к Геодезия Жер бетинин геод. пунктарынын торчолорун түзүү м-н бирге долбоорлоп, гравитациялык талаасын, турпатын (фигурасын) изилдөөдө астрономиялык координаталардын ж-а багыт азимутунун ыкмаларын колдонот. Г е о д е з и я (жөн эле Геодезия) план ж-а карта түзүү үчүн жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнүн методикасын ж-а техникасын иштеп чыгат. Бул жумуштардын жыйындысы – топографиялык сүрөттөө, ага байланыштуу Геодезиянын бөлүгү ''топография'' деп аталат. Топографиялык сүрөттөөлөр түздөн-түз жер бетинде ченөө ж-а учуучу аппараттардын жардамы м-н <br/>
<br/>
[[File:ГЕОДЕЗИЯ110.png | thumb | none]]
[[File:ГЕОДЕЗИЯ110.png | thumb | none]]
[[File:ГЕОДЕЗИЯ111.png | thumb | none]]
[[File:ГЕОДЕЗИЯ111.png | thumb | none]]
жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. ''Аэросъёмка'') аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын ''топографиялык карталары'' түзүлөт. Гидротехникалык, өнөр жайлык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу ж-а аларды пайдаланууда колдонулуучу Г. жумуштардын ыкмаларын Г-нын бир тармагы – и н ж е н е р д и к (колдонмо) Г. Иштеп чыгат. Д е ӊ и з Г. Дүйнөлүк океанда геод. иштерди жүргүзөт, негизги максаты: жер бетинин деӊиз түптөрүндөгү бөлүгүнүн тектон. түзүлүшүн чагылдырган батиметриялык карталарды түзүү; ар кандай инж. иштерди океан, деӊиз мейкиндиктериндеги чек араларды аныктоо ж. б. деӊиздик тирек торчолорун, жалпы Г-лык ж-а атайын максаттагы айрым пунктарды түзүү.
жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. ''Аэросъёмка'') аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын ''топографиялык карталары'' түзүлөт. Гидротехникалык, өнөр жайлык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу ж-а аларды пайдаланууда колдонулуучу Геодезия жумуштардын ыкмаларын Геодезиянын бир тармагы – и н ж е н е р д и к (колдонмо) Геодезия иштеп чыгат. Д е ӊ и з Геодезиясы дүйнөлүк океанда геодезия иштерди жүргүзөт, негизги максаты: жер бетинин деӊиз түптөрүндөгү бөлүгүнүн тектоникалык түзүлүшүн чагылдырган батиметриялык карталарды түзүү; ар кандай инженердик иштерди океан, деӊиз мейкиндиктериндеги чек араларды аныктоо ж. б. деӊиздик тирек торчолорун, жалпы Геодезиялык ж-а атайын максаттагы айрым пунктарды түзүү.<br/>Геодезия байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план ж-а карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Б. з. ч. 7-кылымда Вавилония м-н Ассирияда чопо такталарга сызылган географиялык карталар жасалган. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Жер шар сымал экендиги жөнүндө болжоолор айтылган. Б. з. ч. 3-кылымда Египетте грек окумуштуусу Эратосфен градустук өлчөөлөрдүн жардамы м-н Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы Геодезия ж-а анын талаптарына өтө жакындашкан Геодезиялык жумуштар 17-кылымдан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү ж-а триангуляция ыкмасы Геодезиянын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-кылымда И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан ж-а Жер шар сымал эмес, айлануу огунун багытында жалпайган ''сфероид'' же ''эллипсоид'' түрүндө экенин далилдеген. Россияда Геодезия жумуштары 11- кылымда башталган. 1701-жылы Москвада Россиядагы алгачкы астрономиялык обсерватория ж-а математиктер, астрономдор м-н географтарды даярдоочу математикалык ж-а навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топографиялык сүрөттөөлөр 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башталышында жүргүзүлгөн. 19-кылымда В. Я. Струве ж-а геодезист К. П. Теннер меридиан жаасынын 3000 ''км''ге чейинки (Түндүк Муз океандан Дунайга чейинки) аралыгын аныктаган. Натыйжада Геодезиянын тармактык 265 пункту түзүлгөн. Геодезиялык иштерди кийинчерээк орус окумуштуулары Ф. Н. Красов, А. А. Михайлов, Н. А. Урмаев ж. б. уланткан. Б. з. ч. 4-кылымда «Геодезия» термини Аристотелдин эмгектеринде кездешет. Геодезиянын маалыматтары астрономия, геология, геофизика, космонавтика ж. б. илимдерде ж-а эл чарбасында колдонулат.
<br/>Г. байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план ж-а карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Б. з. ч. 7-к-да Вавилония м-н Ассирияда чопо такталарга сызылган геогр. карталар жасалган. Б. з. ч. 6–4-к-да Жер шар сымал экендиги ж-дө болжоолор айтылган. Б. з. ч. 3-к-да Египетте грек окумуштуусу Эратосфен градустук өлчөөлөрдүн жардамы м-н Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы Г. ж-а анын талаптарына өтө жакындашкан Г-лык жумуштар 17-к-дан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү ж-а триангуляция ыкмасы Г-нын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-к-да И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан ж-а Жер шар сымал эмес, айлануу огунун багытында жалпайган ''сфероид'' же ''эллипсоид'' түрүндө экенин далилдеген. Россияда Г. жумуштары 11- к-да башталган. 1701-ж. Москвада Россиядагы алгачкы астр. обсерватория ж-а математиктер, астрономдор м-н географтарды даярдоочу матем. ж-а навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топографиялык сүрөттөөлөр 17-к-дын аягы – 18-к-дын башталышында жүргүзүлгөн. 19-к-да В. Я. Струве ж-а геодезист К. П. Теннер меридиан жаасынын 3000 ''км''ге чейинки (Түн. Муз океандан Дунайга чейинки) аралыгын аныктаган. Натыйжада Г-нын тармактык 265 пункту түзүлгөн. Г-лык иштерди кийинчерээк орус окумуштуулары Ф. Н. Красов, А. А. Михайлов, Н. А. Урмаев ж. б. уланткан. Б. з. ч. 4-к-да «Г.» термини Аристотелдин эмгектеринде кездешет. Г-нын маалыматтары астрономия, геология, геофизика, космонавтика ж. б. илимдерде ж-а эл чарбасында колдонулат.
 
<br/>Ад.: ''Хаимов З. С.'' Основы высшей геодезии. М., 1984; ''Крылов В. И.'' Космическая геодезия. М., 2002; ''Кузнецов П. Н.'' Геодезия. М., 2002. Ч. 1; Инженерная геодезия/Под ред. Д. Ш. Михелева. 4-е изд. М., 2004.
<br />Ад.: ''Хаимов З. С.'' Основы высшей геодезии. М., 1984; ''Крылов В. И.'' Космическая геодезия. М., 2002; ''Кузнецов П. Н.'' Геодезия. М., 2002. Ч. 1; Инженерная геодезия/Под ред. Д. Ш. Михелева. 4-е изд. М., 2004.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОДЕ́ЗИЯ (гео... ж-а гр. daio – бөлөмүн, бөлүштүрөм) – Жердин кебетесин (формасын), өлчөмүн, гравитация талаасын аныктоочу ж-а анын бетин планга же картага түшүрүү үчүн жер бетиндеги ченөө жумуштарын жүргүзүү жолдорун изилдөөчү илим. Азыркы Геодезия – жогорку Геодезия, космостук Геодезия, астрономиялык Геодезия, топограф., инженердик ж-а деӊиздик Геодезия болуп бөлүнөт. Ж о г о р к у Геодезия негизинен Жер өлчөмүн, турпатын, формасын ж-а анын гравитациялык талаасын, ошондой эле Геодезия тирек пункттардын торун түзүү ыкмаларын ж-а теорияларын изилдейт. Ко с м о с т у к Геодезия негизинен асман телолору, орбиталардын кыймылын, жердин гравитациялык талаасынын параметрлерин ж-а алардын убакыт аралык өзгөрүүсүн, геодинамикалык процесстерин изилдейт ж-а геодезиялык спутниктердин, ошондой эле байкоо жүргүзүүчү станциялардын жардамы м-н жүргүзөт. А с т р о н о м и я л ы к Геодезия Жер бетинин геод. пунктарынын торчолорун түзүү м-н бирге долбоорлоп, гравитациялык талаасын, турпатын (фигурасын) изилдөөдө астрономиялык координаталардын ж-а багыт азимутунун ыкмаларын колдонот. Г е о д е з и я (жөн эле Геодезия) план ж-а карта түзүү үчүн жер бетинде ченөө жумуштарын жүргүзүүнүн методикасын ж-а техникасын иштеп чыгат. Бул жумуштардын жыйындысы – топографиялык сүрөттөө, ага байланыштуу Геодезиянын бөлүгү топография деп аталат. Топографиялык сүрөттөөлөр түздөн-түз жер бетинде ченөө ж-а учуучу аппараттардын жардамы м-н

жер бетинин аймактарын сүрөткө тартуу (к. Аэросъёмка) аркылуу жүргүзүлөт. Натыйжада жер бетиндеги аймактардын топографиялык карталары түзүлөт. Гидротехникалык, өнөр жайлык ж. б. ири курулуштарды долбоорлоо, куруу ж-а аларды пайдаланууда колдонулуучу Геодезия жумуштардын ыкмаларын Геодезиянын бир тармагы – и н ж е н е р д и к (колдонмо) Геодезия иштеп чыгат. Д е ӊ и з Геодезиясы дүйнөлүк океанда геодезия иштерди жүргүзөт, негизги максаты: жер бетинин деӊиз түптөрүндөгү бөлүгүнүн тектоникалык түзүлүшүн чагылдырган батиметриялык карталарды түзүү; ар кандай инженердик иштерди океан, деӊиз мейкиндиктериндеги чек араларды аныктоо ж. б. деӊиздик тирек торчолорун, жалпы Геодезиялык ж-а атайын максаттагы айрым пунктарды түзүү.
Геодезия байыркы заманда эле чарбачылыкта жер ченөө, план ж-а карта түзүү муктаждыгынан келип чыккан. Б. з. ч. 7-кылымда Вавилония м-н Ассирияда чопо такталарга сызылган географиялык карталар жасалган. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Жер шар сымал экендиги жөнүндө болжоолор айтылган. Б. з. ч. 3-кылымда Египетте грек окумуштуусу Эратосфен градустук өлчөөлөрдүн жардамы м-н Жер шарынын радиусун 1-жолу аныктаган. Азыркы Геодезия ж-а анын талаптарына өтө жакындашкан Геодезиялык жумуштар 17-кылымдан өнүгө баштаган. Бул мезгилде дүрбү ж-а триангуляция ыкмасы Геодезиянын өнүгүшүнө көмөк берген. 17-кылымда И. Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан ж-а Жер шар сымал эмес, айлануу огунун багытында жалпайган сфероид же эллипсоид түрүндө экенин далилдеген. Россияда Геодезия жумуштары 11- кылымда башталган. 1701-жылы Москвада Россиядагы алгачкы астрономиялык обсерватория ж-а математиктер, астрономдор м-н географтарды даярдоочу математикалык ж-а навигациялык илимдердин мектеби уюштурулган. Россиядагы алгачкы топографиялык сүрөттөөлөр 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башталышында жүргүзүлгөн. 19-кылымда В. Я. Струве ж-а геодезист К. П. Теннер меридиан жаасынын 3000 кмге чейинки (Түндүк Муз океандан Дунайга чейинки) аралыгын аныктаган. Натыйжада Геодезиянын тармактык 265 пункту түзүлгөн. Геодезиялык иштерди кийинчерээк орус окумуштуулары Ф. Н. Красов, А. А. Михайлов, Н. А. Урмаев ж. б. уланткан. Б. з. ч. 4-кылымда «Геодезия» термини Аристотелдин эмгектеринде кездешет. Геодезиянын маалыматтары астрономия, геология, геофизика, космонавтика ж. б. илимдерде ж-а эл чарбасында колдонулат.


Ад.: Хаимов З. С. Основы высшей геодезии. М., 1984; Крылов В. И. Космическая геодезия. М., 2002; Кузнецов П. Н. Геодезия. М., 2002. Ч. 1; Инженерная геодезия/Под ред. Д. Ш. Михелева. 4-е изд. М., 2004.