ГУМАНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГУМАНИ́ЗМ ''' (лат humanus – адамдык, адамгерчиликтик) – кеӊири мааниде алганда, бир жагынан – адамдын инсандык кадыр-баркын ардактоо | '''ГУМАНИ́ЗМ ''' (лат humanus – адамдык, адамгерчиликтик) – кеӊири мааниде алганда, бир жагынан – адамдын инсандык кадыр-баркын ардактоо менен байланышкан көз караштар; тигил же бул коомдо жалпы коомчулук тарабынан түзүлгөн адамды урматтоо, сыйлоо салттары жана жөрөлгөлөрү; атайын тутунган ызаттоо маданияты; экинчи жагынан, инсандын эркин болууга, өз өмүр жолун каалагандай тандап алууга, жекече жөндөмдүүлүгүн ачып чыгууга жана өнүктүрүүгө укуктуулугу жана башкалар жөнүндөгү нормалар жыйындысы. Тар мааниде: Кайра жаралуу доорундагы күрдөөлдүү маданий кыймылдын жалпы аталышы. Гуманизм идеясынын узун-сабак тарыхы бар. Адамдык касиет, адамгерчилик мамиле тууралуу эзелтеден эле эл акылынын чордонунан түшпөй келет. Алгачкы жолу Гуманизм идеясы кайра жаралуу доорунда (XV–XVI кылымдар) калыпка салынган. Гуманисттер (Петрарка, Данте, Бруно, Шекспир жана башкалар) адамдын жыргал турмушка толук укуктуулугун даӊазалашкан. Утопист-социалисттер (Оуэн, Сен-Симон, Фурье) элдин бардык катмарынын мүдөөсүн жактоого умтулушкан. Гуманизмдин актуалдашуусу 1-дүйнөлүк согуштан кийин массалык кыргын салуучу куралдардын колдонулушунан улам өтө күчөдү. Гуманитардык кызматташуулар менен бирдикте филантропиялык (адамды сүйүүчүлүк) иш-аракеттер кеӊири жайылууда. Дүйнөлүк масштабда тынчтык үчүн күрөш, акыркы эсепте, гуманитардык кыймыл да болуп саналат. Айрыкча XX кылымдын аяк ченинен Гуманизмдин өнүгүүсүнүн шарттары демократиялык коомдо түзүлөрү улам көбүрөөк байкалууда. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГУМАНИ́ЗМ (лат humanus – адамдык, адамгерчиликтик) – кеӊири мааниде алганда, бир жагынан – адамдын инсандык кадыр-баркын ардактоо менен байланышкан көз караштар; тигил же бул коомдо жалпы коомчулук тарабынан түзүлгөн адамды урматтоо, сыйлоо салттары жана жөрөлгөлөрү; атайын тутунган ызаттоо маданияты; экинчи жагынан, инсандын эркин болууга, өз өмүр жолун каалагандай тандап алууга, жекече жөндөмдүүлүгүн ачып чыгууга жана өнүктүрүүгө укуктуулугу жана башкалар жөнүндөгү нормалар жыйындысы. Тар мааниде: Кайра жаралуу доорундагы күрдөөлдүү маданий кыймылдын жалпы аталышы. Гуманизм идеясынын узун-сабак тарыхы бар. Адамдык касиет, адамгерчилик мамиле тууралуу эзелтеден эле эл акылынын чордонунан түшпөй келет. Алгачкы жолу Гуманизм идеясы кайра жаралуу доорунда (XV–XVI кылымдар) калыпка салынган. Гуманисттер (Петрарка, Данте, Бруно, Шекспир жана башкалар) адамдын жыргал турмушка толук укуктуулугун даӊазалашкан. Утопист-социалисттер (Оуэн, Сен-Симон, Фурье) элдин бардык катмарынын мүдөөсүн жактоого умтулушкан. Гуманизмдин актуалдашуусу 1-дүйнөлүк согуштан кийин массалык кыргын салуучу куралдардын колдонулушунан улам өтө күчөдү. Гуманитардык кызматташуулар менен бирдикте филантропиялык (адамды сүйүүчүлүк) иш-аракеттер кеӊири жайылууда. Дүйнөлүк масштабда тынчтык үчүн күрөш, акыркы эсепте, гуманитардык кыймыл да болуп саналат. Айрыкча XX кылымдын аяк ченинен Гуманизмдин өнүгүүсүнүн шарттары демократиялык коомдо түзүлөрү улам көбүрөөк байкалууда.