ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ – ''' Алай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 ''км''<sup>2</sup>. Талдык ашуусунан Боз-Карга кыш-на чейин 95 ''км''ге созулат. Туурасы 40 ''км.'' Басымдуу бийикт. 1900–3000 ''м''; эӊ жапыз жери Гүлчө кыш-нда 1526 ''м.'' Г. ө. тектон. кыймылдан пайда болгон. Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, анын ичинен өрөөндүү жерлери палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат ж. б. шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Ак-Башат, Кара-Кокту, Аюу-Тапан, Кыз-Эмчек, Кара-Сараӊ, Сары-Ала-Зоо, Кум-Шоро ж. б.) кирет. Тереӊ ж-а кууш капчыгайлар, кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик ж-а урчуктуу чулу (монолит) аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үӊкүрлөр арбын; эӊ чоӊунун уз. 28 ''м,'' бийикт. 8–12 ''м,'' киреберишинин туурасы 35 ''м''. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18,6°С, январдыкы –7,6°С. Негизги суусу – Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөлү, Жошолу (оӊ), Каракол, Мурдаш ж. б. Таттуу-Булак, Жылуу-Суу сыяктуу булактары бар. Күрөӊ топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыӊгайлуу. Өрөөн аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.
'''ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ – ''' Алай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 ''км''<sup>2</sup>. Талдык ашуусунан Боз-Карга кыштагына чейин 95 ''км''ге созулат. Туурасы 40 ''км.'' Басымдуу бийиктиги 1900–3000 ''м''; эӊ жапыз жери Гүлчө кыштагында 1526 ''м.'' Гүлчө өрөөнү тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, анын ичинен өрөөндүү жерлери палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат жана башка шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Ак-Башат, Кара-Кокту, Аюу-Тапан, Кыз-Эмчек, Кара-Сараӊ, Сары-Ала-Зоо, Кум-Шоро жана башкалар) кирет. Тереӊ жана кууш капчыгайлар, кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик жана урчуктуу чулу (монолит) аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үӊкүрлөр арбын; эӊ чоӊунун узундугу 28 ''м,'' бийиктиги 8–12 ''м,'' кире беришинин туурасы 35 ''м''. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 18,6°С, январдыкы –7,6°С. Негизги суусу – Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөлү, Жошолу (оӊ), Каракол, Мурдаш жана башкалар. Таттуу-Булак, Жылуу-Суу сыяктуу булактары бар. Күрөӊ топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн субальп жана альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыӊгайлуу. Өрөөн аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:18, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ – Алай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 км2. Талдык ашуусунан Боз-Карга кыштагына чейин 95 кмге созулат. Туурасы 40 км. Басымдуу бийиктиги 1900–3000 м; эӊ жапыз жери Гүлчө кыштагында 1526 м. Гүлчө өрөөнү тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, анын ичинен өрөөндүү жерлери палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат жана башка шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Ак-Башат, Кара-Кокту, Аюу-Тапан, Кыз-Эмчек, Кара-Сараӊ, Сары-Ала-Зоо, Кум-Шоро жана башкалар) кирет. Тереӊ жана кууш капчыгайлар, кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик жана урчуктуу чулу (монолит) аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үӊкүрлөр арбын; эӊ чоӊунун узундугу 28 м, бийиктиги 8–12 м, кире беришинин туурасы 35 м. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 18,6°С, январдыкы –7,6°С. Негизги суусу – Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөлү, Жошолу (оӊ), Каракол, Мурдаш жана башкалар. Таттуу-Булак, Жылуу-Суу сыяктуу булактары бар. Күрөӊ топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн субальп жана альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыӊгайлуу. Өрөөн аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.