ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ ''' – рельефтин жер бетинин тилмеленүү ж-а түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950- | '''ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ ''' – рельефтин жер бетинин тилмеленүү ж-а түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950-жылы америкалык окумуштуу У. М. Дейвис сунуштаган. Геоморфологиялык цикл рельефтин өнүгүү стадияларынан турат. Ал тоолордун көтөрүлүүсүнөн баштап, толук талкаланышына чейинки мезгилди («жаш», «жетилген», «байыркы») камтыйт. Геоморфологиялык цикл ''Пенеплен'' түшүнүгү м-н тыгыз байланышта; мисалы, азыркы накта пенеплен – Казак Сары-Аркасы. Рельефтин жаш мезгили Жердин ички күчтөрүнүн таасири астында түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн башталат. Көтөрүлүү учурунда пенеплен бузулуп, дарыя өрөөндөрү тереӊдеп, тектирлерди пайда кылат. Тоо системасы толук көтөрүлүп, калыптангандан кийин, сырткы – климаттык ж-а гравитациялык күчтөрдүн таасиринен кайра талкаланууга дуушар болот. Талкалануу продуктулары ойдуӊдарга топтолот же тоо системасынан сыртка шиленип кетет; натыйжада рельефтин бузулуу стадиясы («картаӊ рельеф») башталат; ага мисал – Урал тоолору. Тоо системаларынын талкалануусу ж-а шилениши жаӊы пенеплен түзүлгөнгө чейин созулат. Геоморфологиялык цикл пенеплендешүүдөн башталып, жаӊы пенеплен м-н бүтөт. Геоморфологиялык циклдин орто узактыгы – ондогон млн жыл. Теӊир Тоодо Геоморфологиялык цикл бир нече жолу болуп өткөн. Кырка тоолордо байыркы (палеозойдо ж-а мезозойдо пайда болгон) пенеплендердин калдыктары этек тоо, супа тоо сымал түрдүү бийиктиктерде кездешет. Ал эми ойдуӊдарда байыркы пенеплен тереӊ (5–6 ''км''ге) чөгүп, үстүн талкаланды тектер жаап калган. | ||
<br/>Ад.: ''Дэвис В. М.'' Геоморфологические очерки. М., 1962; ''Ананьев Г. С., Леонтьев О. К.'' Геоморфология | |||
<br/>материков и океанов. М., 1987; ''Щукин И. С.'' Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. ''С. Ахмедов.'' | <br />Ад.: ''Дэвис В. М.'' Геоморфологические очерки. М., 1962; ''Ананьев Г. С., Леонтьев О. К.'' Геоморфология | ||
<br />материков и океанов. М., 1987; ''Щукин И. С.'' Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. ''С. Ахмедов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:18, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ – рельефтин жер бетинин тилмеленүү ж-а түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950-жылы америкалык окумуштуу У. М. Дейвис сунуштаган. Геоморфологиялык цикл рельефтин өнүгүү стадияларынан турат. Ал тоолордун көтөрүлүүсүнөн баштап, толук талкаланышына чейинки мезгилди («жаш», «жетилген», «байыркы») камтыйт. Геоморфологиялык цикл Пенеплен түшүнүгү м-н тыгыз байланышта; мисалы, азыркы накта пенеплен – Казак Сары-Аркасы. Рельефтин жаш мезгили Жердин ички күчтөрүнүн таасири астында түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн башталат. Көтөрүлүү учурунда пенеплен бузулуп, дарыя өрөөндөрү тереӊдеп, тектирлерди пайда кылат. Тоо системасы толук көтөрүлүп, калыптангандан кийин, сырткы – климаттык ж-а гравитациялык күчтөрдүн таасиринен кайра талкаланууга дуушар болот. Талкалануу продуктулары ойдуӊдарга топтолот же тоо системасынан сыртка шиленип кетет; натыйжада рельефтин бузулуу стадиясы («картаӊ рельеф») башталат; ага мисал – Урал тоолору. Тоо системаларынын талкалануусу ж-а шилениши жаӊы пенеплен түзүлгөнгө чейин созулат. Геоморфологиялык цикл пенеплендешүүдөн башталып, жаӊы пенеплен м-н бүтөт. Геоморфологиялык циклдин орто узактыгы – ондогон млн жыл. Теӊир Тоодо Геоморфологиялык цикл бир нече жолу болуп өткөн. Кырка тоолордо байыркы (палеозойдо ж-а мезозойдо пайда болгон) пенеплендердин калдыктары этек тоо, супа тоо сымал түрдүү бийиктиктерде кездешет. Ал эми ойдуӊдарда байыркы пенеплен тереӊ (5–6 кмге) чөгүп, үстүн талкаланды тектер жаап калган.
Ад.: Дэвис В. М. Геоморфологические очерки. М., 1962; Ананьев Г. С., Леонтьев О. К. Геоморфология
материков и океанов. М., 1987; Щукин И. С. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. С. Ахмедов.