ГЕОСИНКЛИНАЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОСИНКЛИНА́ЛЬ ''' (''гео...'' ж-а ''синклиналь'') – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын ''платформага'' карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы ''тектониканын'' негизги түшүнүктөрүнүн бири. | '''ГЕОСИНКЛИНА́ЛЬ ''' (''гео...'' ж-а ''синклиналь'') – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын ''платформага'' карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы ''тектониканын'' негизги түшүнүктөрүнүн бири. Геосинклиналдын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын тереӊ катмарлары м-н үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө ж-а тектоникалык ''тереӊ жаракаларга'' тыгыз байланыштуу. Геосинклиналдын узуну жүздөгөн ''км,'' эни андан куушураак келип, адатта тектон. ири тереӊ жаракалар м-н чектелет. Геосинклиналда чөкмө тоо тектердин калыӊ (15–25 ''км'') катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, ''магматизм'' ж-а ''метаморфизм'' процесстери күчөп, тоо тек катмарлары ''бүктөлүүлөргө'' учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече Геосинклиналдык циклден турган, байыркы платформалар м-н чектеш жер кыртышынын Геосинклиналдуу ири бөлүгү – Геосинклиналь к ы р ч о о с у жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер Ортолук деӊиздик, Урал-Монгол-Охота, Атлантика, Арктика) Геосинклиналь кырчоосу бар. Структуралык планы ж-а негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы м-н айырмаланып турган Геосинклиналдуу жерлерде Геосинклиналдык а й м а к (облус) бөлүнөт. Геосинклиналдык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Геосинклиналдык с и с т е м а, тынчыраак абалдагысы о р т о н к у м а с с и в деп аталат. «Геосинклиналь» терминин алгачкы жолу (1873) америкалык геолог Ж. Дана киргизген, бирок анын илимий түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франциялык геолог Э. Ог (1900) Геосинклиналды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Геосинклиналдын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немис геологу Э. Краус белгилеген. Америкалык геолог Ч. Шухерт Геосинклиналдардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы жөнүндөгү идеяны айткан. Немис геологу Х. Штилле Геосинклиналдардын өнүгүшү м-н магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Геосинклиналдарды эвгеосинклиналь м-н миогеосинклиналга ажыраткан. 20-кылымдын 30-жылдарынан Геосинклиналды изилдөөгө советтик геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг ж-а К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) Геосинклиналдын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938–40) Кавказ тоолорун изилдөөдөн Геосинклиналдын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теӊир-Тоо, Урал ж. б. Геосинклиналдуу аймактарды изилдеп, Геосинклиналдардын пайда болушуна ж-а эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык тepeӊ жаракалар жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) Геосинклиналдык ж-а платформалык аймактар Жер мантиясынын тереӊ бөлүктөрүнүн түзүлүшү ж-а алардын физикалык абалы м-н тыгыз байланыштуу экенин аныктап, Геосинклиналдарды өнүгүү тарыхы м-н өзгөчөлөнгөн Геосинклиналдык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов м-н В. Е. Хаин Геосинклиналдык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Геосинклиналдын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде Геосинклиналга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда aмepикалык геологдop Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Геосинклиналды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Геосинклиналь жөнүндөгү окууга (Геосинклиналь теориясына) айланды. Бул окуу – жер кыртышынын эволюциясы жөнүндөгү илимдин негизи. | ||
<br/>Ад.: ''Хаин В. Е., Шейманн Ю. М''. Сто лет учения о геосинклиналях//Советская геология. 1960, ¹ 4; ''Пейве А. В. и др.'' Океаны и геосинклинальный процесс//Докл. АН СССР. Т. 196, 1971, ¹ 3; ''Дьюи Дж., Берд Дж''. Тектоника плит и геосинклинали// Новая глобальная тектоника. М., 1974. ''Хомузури Г. П.'' Развитие понятия «геосинклиналь». М., 1976. | |||
<br />Ад.: ''Хаин В. Е., Шейманн Ю. М''. Сто лет учения о геосинклиналях//Советская геология. 1960, ¹ 4; ''Пейве А. В. и др.'' Океаны и геосинклинальный процесс//Докл. АН СССР. Т. 196, 1971, ¹ 3; ''Дьюи Дж., Берд Дж''. Тектоника плит и геосинклинали// Новая глобальная тектоника. М., 1974. ''Хомузури Г. П.'' Развитие понятия «геосинклиналь». М., 1976. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:41, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕОСИНКЛИНА́ЛЬ (гео... ж-а синклиналь) – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектониканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Геосинклиналдын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын тереӊ катмарлары м-н үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө ж-а тектоникалык тереӊ жаракаларга тыгыз байланыштуу. Геосинклиналдын узуну жүздөгөн км, эни андан куушураак келип, адатта тектон. ири тереӊ жаракалар м-н чектелет. Геосинклиналда чөкмө тоо тектердин калыӊ (15–25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм ж-а метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече Геосинклиналдык циклден турган, байыркы платформалар м-н чектеш жер кыртышынын Геосинклиналдуу ири бөлүгү – Геосинклиналь к ы р ч о о с у жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер Ортолук деӊиздик, Урал-Монгол-Охота, Атлантика, Арктика) Геосинклиналь кырчоосу бар. Структуралык планы ж-а негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы м-н айырмаланып турган Геосинклиналдуу жерлерде Геосинклиналдык а й м а к (облус) бөлүнөт. Геосинклиналдык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона Геосинклиналдык с и с т е м а, тынчыраак абалдагысы о р т о н к у м а с с и в деп аталат. «Геосинклиналь» терминин алгачкы жолу (1873) америкалык геолог Ж. Дана киргизген, бирок анын илимий түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франциялык геолог Э. Ог (1900) Геосинклиналды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Геосинклиналдын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немис геологу Э. Краус белгилеген. Америкалык геолог Ч. Шухерт Геосинклиналдардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы жөнүндөгү идеяны айткан. Немис геологу Х. Штилле Геосинклиналдардын өнүгүшү м-н магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, Геосинклиналдарды эвгеосинклиналь м-н миогеосинклиналга ажыраткан. 20-кылымдын 30-жылдарынан Геосинклиналды изилдөөгө советтик геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг ж-а К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) Геосинклиналдын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938–40) Кавказ тоолорун изилдөөдөн Геосинклиналдын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теӊир-Тоо, Урал ж. б. Геосинклиналдуу аймактарды изилдеп, Геосинклиналдардын пайда болушуна ж-а эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык тepeӊ жаракалар жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) Геосинклиналдык ж-а платформалык аймактар Жер мантиясынын тереӊ бөлүктөрүнүн түзүлүшү ж-а алардын физикалык абалы м-н тыгыз байланыштуу экенин аныктап, Геосинклиналдарды өнүгүү тарыхы м-н өзгөчөлөнгөн Геосинклиналдык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов м-н В. Е. Хаин Геосинклиналдык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, Геосинклиналдын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде Геосинклиналга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда aмepикалык геологдop Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Геосинклиналды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап Геосинклиналь жөнүндөгү окууга (Геосинклиналь теориясына) айланды. Бул окуу – жер кыртышынын эволюциясы жөнүндөгү илимдин негизи.
Ад.: Хаин В. Е., Шейманн Ю. М. Сто лет учения о геосинклиналях//Советская геология. 1960, ¹ 4; Пейве А. В. и др. Океаны и геосинклинальный процесс//Докл. АН СССР. Т. 196, 1971, ¹ 3; Дьюи Дж., Берд Дж. Тектоника плит и геосинклинали// Новая глобальная тектоника. М., 1974. Хомузури Г. П. Развитие понятия «геосинклиналь». М., 1976.