ГЕОФИЗИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОФИ́ЗИКА ''' (''гео…'' ж-а ''физика'') – Жердин ички түзүлүшүн, | '''ГЕОФИ́ЗИКА ''' (''гео…'' ж-а ''физика'') – Жердин ички түзүлүшүн, физикалык касиеттерин ж-а жер катмарларында (атмосфера, гидросфера, литосфера ж. б.) болуучу физикалык кубулуштарды изилдөөчү илимдер комплекси. Геофизиканын негизги тармактары кийинки төрт кылымда оош-кыйыш ж-а өз ара байланышсыз өнүгүп келген. Геофизика ''геология, геодезия, география, геохимия, физика'' ж-а ''астрономия'' сыяктуу илимдер м-н тыгыз байланышта. Геофизика Жердин тереӊ катмарларын, ошондой эле геология м-н бирге Жердин пайда болуу ж-а өнүгүү тарыхын да изилдейт. Геофизика жалпысынан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт; 1) Жердин физикасы – жер түпкүрүндөгү ж-а кыртышындагы физикалык процесстерди, түзүлүшүн, ошондой эле азыркы мезгилдеги кыймылдардын өнүгүүсүн изилдеген илим. Изилдөөнүн негизинде – ''сейсмология, гравитация, геомагнетизм, геодинамика, метеорология'' ж. б. тармактарды камтыйт. 2) Гидрофизика – океан ж-а кургактыктагы сууларда (гидросферада) болуучу физикалык процесстерди изилдейт; о к е а н ф и з и к а с ы – суулардын акустикасы, оптикасы, радиоактивлүүлүгү, толкуну ташкындоочу, көтөрүлүүсү, агым динамикасы тууралуу илим; к у р г а к т ы к т а г ы с у у н у н ф и з и к а с ы – жер астындагы ж-а кыртыштагы суулардын динамикасын, дарыяда ж. б. болуучу кубулуштарды изилдейт; атмосфера динамикасы – атмосфералык абанын кыймыл процессин иликтейт, ошондой эле атмосферанын статикасын ж-а кинематикасын камтыйт. Кийинки кезде жер кыртышын, анын түзүлүшүн ж-а кенди изилдөөчү чалгындоо Геофизикасы, өндүрүштүк Геофизика өнүгүүдө. Азыр Геофизикалык изилдөөлөр дүйнө жүзүндө бир системада жүргүзүлөт. Буга Эл аралык ''геофизика жылы'' чоӊ көмөк берет. Азыркы учурда Геофизика илими табият кубулуштарын, айрыкча аба ырайын маалымдоо, табигый процесстерди пайдалануу, жер кыртышындагы кендерди өздөштүрүү сыяктуу маанилүү маселелер м-н байланышта өнүгүүдө. | ||
<br/>Ад.: ''Магницкий В. А''. Внутреннее строение и физика Земли. М., 1965; Проблемы геофизики Средней Азии и Казахстана. М., 1964; ''Беручашвили Н. Л.'' Геофизика ландшафта. М., 1990. | |||
<br />Ад.: ''Магницкий В. А''. Внутреннее строение и физика Земли. М., 1965; Проблемы геофизики Средней Азии и Казахстана. М., 1964; ''Беручашвили Н. Л.'' Геофизика ландшафта. М., 1990. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:26, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕОФИ́ЗИКА (гео… ж-а физика) – Жердин ички түзүлүшүн, физикалык касиеттерин ж-а жер катмарларында (атмосфера, гидросфера, литосфера ж. б.) болуучу физикалык кубулуштарды изилдөөчү илимдер комплекси. Геофизиканын негизги тармактары кийинки төрт кылымда оош-кыйыш ж-а өз ара байланышсыз өнүгүп келген. Геофизика геология, геодезия, география, геохимия, физика ж-а астрономия сыяктуу илимдер м-н тыгыз байланышта. Геофизика Жердин тереӊ катмарларын, ошондой эле геология м-н бирге Жердин пайда болуу ж-а өнүгүү тарыхын да изилдейт. Геофизика жалпысынан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт; 1) Жердин физикасы – жер түпкүрүндөгү ж-а кыртышындагы физикалык процесстерди, түзүлүшүн, ошондой эле азыркы мезгилдеги кыймылдардын өнүгүүсүн изилдеген илим. Изилдөөнүн негизинде – сейсмология, гравитация, геомагнетизм, геодинамика, метеорология ж. б. тармактарды камтыйт. 2) Гидрофизика – океан ж-а кургактыктагы сууларда (гидросферада) болуучу физикалык процесстерди изилдейт; о к е а н ф и з и к а с ы – суулардын акустикасы, оптикасы, радиоактивлүүлүгү, толкуну ташкындоочу, көтөрүлүүсү, агым динамикасы тууралуу илим; к у р г а к т ы к т а г ы с у у н у н ф и з и к а с ы – жер астындагы ж-а кыртыштагы суулардын динамикасын, дарыяда ж. б. болуучу кубулуштарды изилдейт; атмосфера динамикасы – атмосфералык абанын кыймыл процессин иликтейт, ошондой эле атмосферанын статикасын ж-а кинематикасын камтыйт. Кийинки кезде жер кыртышын, анын түзүлүшүн ж-а кенди изилдөөчү чалгындоо Геофизикасы, өндүрүштүк Геофизика өнүгүүдө. Азыр Геофизикалык изилдөөлөр дүйнө жүзүндө бир системада жүргүзүлөт. Буга Эл аралык геофизика жылы чоӊ көмөк берет. Азыркы учурда Геофизика илими табият кубулуштарын, айрыкча аба ырайын маалымдоо, табигый процесстерди пайдалануу, жер кыртышындагы кендерди өздөштүрүү сыяктуу маанилүү маселелер м-н байланышта өнүгүүдө.
Ад.: Магницкий В. А. Внутреннее строение и физика Земли. М., 1965; Проблемы геофизики Средней Азии и Казахстана. М., 1964; Беручашвили Н. Л. Геофизика ландшафта. М., 1990.