ГЕОЭКОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЭКОЛО́ГИЯ ''' (гр. gе – Жер, oicos – үй, жашаган жер ж-а ''...логия'') – экологиянын биосферага чейинки жогорку деӊгээлдеги экосистемаларды ж-а геосистемаларды изилдеген бөлүгү; коом м-н табияттын өз ара карым-катнашын убакыт мейкиндик закон ченемдүүлүктүн негизинде изилдеген илим тармагы. Ал өзүнө Жер ж-дөгү илимдер (география, геология ж. б.) м-н жандуу табиятты экол.-геогр. көз караштын негизинде бириктирет. Г. табиятты сарамжалдуу пайдалануу ж-а табиятты коргоо б-ча ил. негиздерди түзөт, бирок аларга синоним болбойт. Терминди 1939-ж. немис географы К. Тролль сунуштаган. Ал горизонталдык (табият кубулуштарын мейкиндик б-ча изилдөө) ж-а вертикалдык (экосистемадагы кубулуштардын бири-бири м-н байланышын изилдөө) көз караштарын бириктирүү үчүн колдонгон. Россияда Г. географияда (1950) В. Н. Сукачёв, В. Б. Сочава ж-а И. Г. Герасимовдун демилгеси м-н бөлүнгөн. Алар В. И. Вернадскийдин, В. В. Докучаевдин, Г. И. Танфильевдин, Г. Н. Высоцкий м-н Г. Ф. Морозовдун экологияга, ландшафт таанууга, фитоценологияга ж. б. ил. багыттарга көз караштарын өнүктүрүп, экосистемалардын, жансыз табияттын өз ара карым-катнашынын закон ченемдүүлүктөрүн ж-а табият чөйрөсүндөгү кайтарылгыс процесстериндеги адамдын ролун түшүндүргөн. Бул чөйрөдөгү изилдөө иштерин Б. В. Виноградов (1998), И. Е. Тимашов (2000), А. Р. Исаченко (2001), А. А. Тишков (2005) ж. б. илимпоздор уланткан. Экология тирүү организмдер м-н чөйрөнүн карым-катнашын изилдесе, Г. чөйрөнү өзүнчө табияттын компоненттерине (рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар) бөлүп, алардын өз ара байланыштарын ж-а көз карандылыктарын адамдын чарбалык иши м-н кошо изилдейт. Азыркы кезде организмдердин өзүлөрү жашаган чөйрөгө тийгизген таасири экинчи планда калып, биринчи планга адамзаттын чарбалык ишинин таасири чыкты. Ошондуктан ар бир ири масштабдагы иш-аракеттер тереӊ изилдөөнүн гана негизинде аткарылышы зарыл. Г-нын өнүгүшүнүн теориялык негизи адамзат м-н табияттын карым-катнашын комплекстүү изилдөөлөрүн, аймактын экол. баалануусунун ж-а курч экол. абалдарды аныктоонун негизинде түптөлгөн. Г-нын изилдей турган негизги объeктиси – адамзаттын табият м-н байланышкан иш-аракеттери. Адамзат алдына жаман максат койбойт, табият компоненттерин өзүнө ылайыкташтырып оӊдоп, пайда алууга аракеттенет. Бирок, табиятка кийлигишүү бардык эле убакта оӊ натыйжа бербей, тескери натыйжаларды берип, табият кыйла жабыркайт. Табиятты жабыркаган абалга жеткирбеш үчүн, анын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү керек. Ошону м-н бирге, табияттын өсүп-өнүгүү процессинде адамзаттын иш-аракеттери кандай таасир тийгизерин алдын ала билүү зарыл. Мына ушул маселе – Г-нын милдети. Ошого байланыштуу «Г.» термини төмөнкү иш багыттарды көрсөтүү үчүн да колдонулат: өсүмдүктөр м-н чөйрөнүн ортосундагы экол. мамилелерди анализдөө аркылуу ландшафтты изилдөө; топологиялык деӊгээлде табият комплекстеринин түзүлүшүн ж-а иш алып барышын изилдөө; табият комплексинин негизги түзүүчүлөрүнүн өз ара аракеттерин, о. эле коомдун табиятты түзгөн ландшафтка таасирин зат ж-а энергия балансы аркылуу изилдөө ж. б.
'''ГЕОЭКОЛО́ГИЯ ''' (гр. gе – Жер, oicos – үй, жашаган жер ж-а ''...логия'') – экологиянын биосферага чейинки жогорку деӊгээлдеги экосистемаларды ж-а геосистемаларды изилдеген бөлүгү; коом м-н табияттын өз ара карым-катнашын убакыт мейкиндик закон ченемдүүлүктүн негизинде изилдеген илим тармагы. Ал өзүнө Жер жөнүндөгү илимдер (география, геология ж. б.) м-н жандуу табиятты экологиялык-географиялык көз караштын негизинде бириктирет. Геоэкология табиятты сарамжалдуу пайдалануу ж-а табиятты коргоо боюнча илимий негиздерди түзөт, бирок аларга синоним болбойт. Терминди 1939-жылы немис географы К. Тролль сунуштаган. Ал горизонталдык (табият кубулуштарын мейкиндик боюнча изилдөө) ж-а вертикалдык (экосистемадагы кубулуштардын бири-бири м-н байланышын изилдөө) көз караштарын бириктирүү үчүн колдонгон. Россияда Геоэкология географияда (1950) В. Н. Сукачёв, В. Б. Сочава ж-а И. Г. Герасимовдун демилгеси м-н бөлүнгөн. Алар В. И. Вернадскийдин, В. В. Докучаевдин, Г. И. Танфильевдин, Г. Н. Высоцкий м-н Г. Ф. Морозовдун экологияга, ландшафт таанууга, фитоценологияга ж. б. илимий багыттарга көз караштарын өнүктүрүп, экосистемалардын, жансыз табияттын өз ара карым-катнашынын закон ченемдүүлүктөрүн ж-а табият чөйрөсүндөгү кайтарылгыс процесстериндеги адамдын ролун түшүндүргөн. Бул чөйрөдөгү изилдөө иштерин Б. В. Виноградов (1998), И. Е. Тимашов (2000), А. Р. Исаченко (2001), А. А. Тишков (2005) ж. б. илимпоздор уланткан. Экология тирүү организмдер м-н чөйрөнүн карым-катнашын изилдесе, Геоэкология чөйрөнү өзүнчө табияттын компоненттерине (рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар) бөлүп, алардын өз ара байланыштарын ж-а көз карандылыктарын адамдын чарбалык иши м-н кошо изилдейт. Азыркы кезде организмдердин өзүлөрү жашаган чөйрөгө тийгизген таасири экинчи планда калып, биринчи планга адамзаттын чарбалык ишинин таасири чыкты. Ошондуктан ар бир ири масштабдагы иш-аракеттер тереӊ изилдөөнүн гана негизинде аткарылышы зарыл. Геоэкологиянын өнүгүшүнүн теориялык негизи адамзат м-н табияттын карым-катнашын комплекстүү изилдөөлөрүн, аймактын экологиялык баалануусунун ж-а курч экологиялык абалдарды аныктоонун негизинде түптөлгөн. Геоэкологиянын изилдей турган негизги объeктиси – адамзаттын табият м-н байланышкан иш-аракеттери. Адамзат алдына жаман максат койбойт, табият компоненттерин өзүнө ылайыкташтырып оӊдоп, пайда алууга аракеттенет. Бирок, табиятка кийлигишүү бардык эле убакта оӊ натыйжа бербей, тескери натыйжаларды берип, табият кыйла жабыркайт. Табиятты жабыркаган абалга жеткирбеш үчүн, анын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү керек. Ошону м-н бирге, табияттын өсүп-өнүгүү процессинде адамзаттын иш-аракеттери кандай таасир тийгизерин алдын ала билүү зарыл. Мына ушул маселе – Геоэкологиянын милдети. Ошого байланыштуу «Геоэкология» термини төмөнкү иш багыттарды көрсөтүү үчүн да колдонулат: өсүмдүктөр м-н чөйрөнүн ортосундагы экологиялык мамилелерди анализдөө аркылуу ландшафтты изилдөө; топологиялык деӊгээлде табият комплекстеринин түзүлүшүн ж-а иш алып барышын изилдөө; табият комплексинин негизги түзүүчүлөрүнүн өз ара аракеттерин, ошондой эле коомдун табиятты түзгөн ландшафтка таасирин зат ж-а энергия балансы аркылуу изилдөө ж. б.
<br/>Ад.: ''Белов С. В''. Охрана окружающей среды. М., 1991; ''Дре Ф''. Экология. М., 1976; ''Одум Ю''. Экология. М., 1986; ''Фарб П''. Популярная экология. М., 1971; ''Виноградов Б. В.'' Основы ландшафтной экологии. М., 1998; ''Исаченко А. Г.'' Ведение в экологическую географию. СПб., 2003; ''Осмонов А. О''. Основы геоэкологии. Б., 2003; ''Петров К. М.'' Геоэкология. СПб., 2004; ''Карлович И. А.'' Геоэкология. М., 2005; ''Голубев Г. Н.'' Геоэкология. 2-е изд. М., 2006.  
 
<br/>''А. Осмонов.''
<br />Ад.: ''Белов С. В''. Охрана окружающей среды. М., 1991; ''Дре Ф''. Экология. М., 1976; ''Одум Ю''. Экология. М., 1986; ''Фарб П''. Популярная экология. М., 1971; ''Виноградов Б. В.'' Основы ландшафтной экологии. М., 1998; ''Исаченко А. Г.'' Ведение в экологическую географию. СПб., 2003; ''Осмонов А. О''. Основы геоэкологии. Б., 2003; ''Петров К. М.'' Геоэкология. СПб., 2004; ''Карлович И. А.'' Геоэкология. М., 2005; ''Голубев Г. Н.'' Геоэкология. 2-е изд. М., 2006.  
<br />''А. Осмонов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:48, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕОЭКОЛО́ГИЯ (гр. gе – Жер, oicos – үй, жашаган жер ж-а ...логия) – экологиянын биосферага чейинки жогорку деӊгээлдеги экосистемаларды ж-а геосистемаларды изилдеген бөлүгү; коом м-н табияттын өз ара карым-катнашын убакыт мейкиндик закон ченемдүүлүктүн негизинде изилдеген илим тармагы. Ал өзүнө Жер жөнүндөгү илимдер (география, геология ж. б.) м-н жандуу табиятты экологиялык-географиялык көз караштын негизинде бириктирет. Геоэкология табиятты сарамжалдуу пайдалануу ж-а табиятты коргоо боюнча илимий негиздерди түзөт, бирок аларга синоним болбойт. Терминди 1939-жылы немис географы К. Тролль сунуштаган. Ал горизонталдык (табият кубулуштарын мейкиндик боюнча изилдөө) ж-а вертикалдык (экосистемадагы кубулуштардын бири-бири м-н байланышын изилдөө) көз караштарын бириктирүү үчүн колдонгон. Россияда Геоэкология географияда (1950) В. Н. Сукачёв, В. Б. Сочава ж-а И. Г. Герасимовдун демилгеси м-н бөлүнгөн. Алар В. И. Вернадскийдин, В. В. Докучаевдин, Г. И. Танфильевдин, Г. Н. Высоцкий м-н Г. Ф. Морозовдун экологияга, ландшафт таанууга, фитоценологияга ж. б. илимий багыттарга көз караштарын өнүктүрүп, экосистемалардын, жансыз табияттын өз ара карым-катнашынын закон ченемдүүлүктөрүн ж-а табият чөйрөсүндөгү кайтарылгыс процесстериндеги адамдын ролун түшүндүргөн. Бул чөйрөдөгү изилдөө иштерин Б. В. Виноградов (1998), И. Е. Тимашов (2000), А. Р. Исаченко (2001), А. А. Тишков (2005) ж. б. илимпоздор уланткан. Экология тирүү организмдер м-н чөйрөнүн карым-катнашын изилдесе, Геоэкология чөйрөнү өзүнчө табияттын компоненттерине (рельеф, климат, суу, топурак, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар) бөлүп, алардын өз ара байланыштарын ж-а көз карандылыктарын адамдын чарбалык иши м-н кошо изилдейт. Азыркы кезде организмдердин өзүлөрү жашаган чөйрөгө тийгизген таасири экинчи планда калып, биринчи планга адамзаттын чарбалык ишинин таасири чыкты. Ошондуктан ар бир ири масштабдагы иш-аракеттер тереӊ изилдөөнүн гана негизинде аткарылышы зарыл. Геоэкологиянын өнүгүшүнүн теориялык негизи адамзат м-н табияттын карым-катнашын комплекстүү изилдөөлөрүн, аймактын экологиялык баалануусунун ж-а курч экологиялык абалдарды аныктоонун негизинде түптөлгөн. Геоэкологиянын изилдей турган негизги объeктиси – адамзаттын табият м-н байланышкан иш-аракеттери. Адамзат алдына жаман максат койбойт, табият компоненттерин өзүнө ылайыкташтырып оӊдоп, пайда алууга аракеттенет. Бирок, табиятка кийлигишүү бардык эле убакта оӊ натыйжа бербей, тескери натыйжаларды берип, табият кыйла жабыркайт. Табиятты жабыркаган абалга жеткирбеш үчүн, анын өсүп-өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн жакшы билүү керек. Ошону м-н бирге, табияттын өсүп-өнүгүү процессинде адамзаттын иш-аракеттери кандай таасир тийгизерин алдын ала билүү зарыл. Мына ушул маселе – Геоэкологиянын милдети. Ошого байланыштуу «Геоэкология» термини төмөнкү иш багыттарды көрсөтүү үчүн да колдонулат: өсүмдүктөр м-н чөйрөнүн ортосундагы экологиялык мамилелерди анализдөө аркылуу ландшафтты изилдөө; топологиялык деӊгээлде табият комплекстеринин түзүлүшүн ж-а иш алып барышын изилдөө; табият комплексинин негизги түзүүчүлөрүнүн өз ара аракеттерин, ошондой эле коомдун табиятты түзгөн ландшафтка таасирин зат ж-а энергия балансы аркылуу изилдөө ж. б.


Ад.: Белов С. В. Охрана окружающей среды. М., 1991; Дре Ф. Экология. М., 1976; Одум Ю. Экология. М., 1986; Фарб П. Популярная экология. М., 1971; Виноградов Б. В. Основы ландшафтной экологии. М., 1998; Исаченко А. Г. Ведение в экологическую географию. СПб., 2003; Осмонов А. О. Основы геоэкологии. Б., 2003; Петров К. М. Геоэкология. СПб., 2004; Карлович И. А. Геоэкология. М., 2005; Голубев Г. Н. Геоэкология. 2-е изд. М., 2006.
А. Осмонов.