ГЕРАСИМОВ Иннокентий Петрович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:57, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕРА́СИМОВ Иннокентий Петрович [9(22). 12. (1905, Кострома – 1985, Москва)] – географ, геоморфолог, топурак таануучу, СССР ИАнын академиги (1953; корреспондент-мүчөсү 1946). Ленинград университетин бүтүргөн (1926). 1936–56-жылдары В. В. Докучаев атындагы топурак таануу институтунун география ж-а топурак картографиясы бөлүмүн башкарган. МГУда профессор (1936–50). 1951-жылдан СССР ИАнын география институтунун директору. Казакстан, Орто Азия, Батыш Сибирь, Урал, Ыраакы Чыгыш экспедицияларына катышкан. Батыш

Европа, Индия, Кытай, Япония, Сенегал, Тунис, Бразилия, АКШ, Жаӊы Зеландия, Чили, Уругвай, Мексика, Австралия, Шри-Ланка, Марокко, Гвинеяга саякат жасаган. Негизги эмгектери топурактын генезисине ж-а географиясына, физикалык географияга, ошондой эле палеогеография м-н геоморфологияга арналган. СССРде биринчи чыккан «СССРдин аймагындагы муз доору» жыйнагынын автору (1939; К. К. Марков м-н бирге). Жердин рельефинин өзгөрүү ж-а классификациялоо проблемаларын, жаратылышты коргоо ж-а кайра өзгөртүү, табигый байлыктарды комплекстүү пайдалануу маселелерин иштеп чыккан. Географияда изилдөөлөрдүн жаӊы методдору пайдаланылуучу конструкциялык багытты өнүктүргөн. Ысык-Көлдүн палеогеографиясын изилдеген. «Дүйнөнүн физикалык-географиялык атласынын» (1964) редколлегиясын жетектеген. Советтик географтардын улуттук комитетинин төрагасы (1957-жылдан), жалпы союздук топурак таануучулар коомунун президенти (1963-жылдан), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1973). Ленин, башка 3 орден ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.


Эмг.: Ледниковый период на территории СССР. М.; Л., 1939 (совм. с К. К. Марковым); Основы почвоведения и географии почв. М., 1960 (совм. М. А. Глазовской); Генетические, географические и исторические проблемы современного почвоведения. М., 1976; Структура и динамика природы Земли. Избр. труды. М., 1993.
Ад.: И. П. Герасимов. 2-е изд. М., 1991; И. П. Герасимов: Географ, почвовед. М., 1995.