ГЕРЦИН БҮКТӨЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ''' , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь | '''ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ''' , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь облусундагы тоо тек катмарларынын ''каледон бүктөлүшүнөн'' кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы – триастын башталышы) болуп өткөн ургаалдуу ''бүктөлүү.'' Герцин бүктөлүшүнүн натыйжасында тоо системалары (Герцин Европасы ж. б.) – герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Герцин бүктөлүшү» деген аталышты Ортонку Европадагы тоо системасы боюнча франциялык геолог М. Бертран берген, «варис бүктөлүшү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария облусунун байыркы аты (Cur Variscorum) боюнча австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Герцин бүктөлүшү бир нече фазадан (бретон, cудет, астурий, зааль ж-а пфальц) турат. Бүктөлүүнүн эӊ күчөгөн фазасы таш көмүр мезгилинин оpто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаӊы-Жер aрхипелагы, Таймыр, Урал, Казак Сары-Аркасынын батыш бүлөгү, Түштүк ж-а Ортонку Тeӊир-Тоо структуралары Герцин бүктөлүшүнө кирет. Батыш Европада Түштүк Англия, Британ массиви, Борбордук Француз массиви, Судет тоолору ж. б., Америкада – Аппалачинын түндүк жарымы ж-а Анд тоолорунун борбордук бөлүгүнүн чыгышы Герцин бүктөлүшү зонасына тиешелүү. Герцин бүктөлүшүнүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түндүк Африкада ж-а Канада архипелагында да бар.<br/>Герцин бүктөлүшү м-н Урал, Алтай, Түндүк Кавказ ж-а Казакстандын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жерлердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид интрузияларынын натыйжасында Европа, Азия ж-а Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш ж-а урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кыргызстандагы түстүү ж-а сейрек кездешүүчү металлдардын ири кендери Герцин бүктөлүшүнө дуушарланган тоо тектерде кезигет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон алдыӊкы ж-а тоо аралык ойдуӊдарда таш көмүр, калий ж-а таш туздардын ири бассейндери топтолгон. | ||
<br/> | |||
<br/>Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008. | <br />Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:06, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь облусундагы тоо тек катмарларынын каледон бүктөлүшүнөн кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы – триастын башталышы) болуп өткөн ургаалдуу бүктөлүү. Герцин бүктөлүшүнүн натыйжасында тоо системалары (Герцин Европасы ж. б.) – герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Герцин бүктөлүшү» деген аталышты Ортонку Европадагы тоо системасы боюнча франциялык геолог М. Бертран берген, «варис бүктөлүшү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария облусунун байыркы аты (Cur Variscorum) боюнча австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Герцин бүктөлүшү бир нече фазадан (бретон, cудет, астурий, зааль ж-а пфальц) турат. Бүктөлүүнүн эӊ күчөгөн фазасы таш көмүр мезгилинин оpто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаӊы-Жер aрхипелагы, Таймыр, Урал, Казак Сары-Аркасынын батыш бүлөгү, Түштүк ж-а Ортонку Тeӊир-Тоо структуралары Герцин бүктөлүшүнө кирет. Батыш Европада Түштүк Англия, Британ массиви, Борбордук Француз массиви, Судет тоолору ж. б., Америкада – Аппалачинын түндүк жарымы ж-а Анд тоолорунун борбордук бөлүгүнүн чыгышы Герцин бүктөлүшү зонасына тиешелүү. Герцин бүктөлүшүнүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түндүк Африкада ж-а Канада архипелагында да бар.
Герцин бүктөлүшү м-н Урал, Алтай, Түндүк Кавказ ж-а Казакстандын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жерлердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид интрузияларынын натыйжасында Европа, Азия ж-а Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш ж-а урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кыргызстандагы түстүү ж-а сейрек кездешүүчү металлдардын ири кендери Герцин бүктөлүшүнө дуушарланган тоо тектерде кезигет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон алдыӊкы ж-а тоо аралык ойдуӊдарда таш көмүр, калий ж-а таш туздардын ири бассейндери топтолгон.
Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008.