ГЕРЦИН ЕВРОПАСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын | '''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. ''Герцин бүктөлүшүндө'' пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 ''мм'', түздүктөрүндө 500–800 ''мм''. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:09, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм, түздүктөрүндө 500–800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай.