ГЕРЦИН ЕВРОПАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын борб. бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. ''Герцин бүктөлүшүндө'' пайда болгон тектон. структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борб. Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орт. темп-расы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 ''мм'', түздүктөрүндө 500–800 ''мм''. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай.
'''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. ''Герцин бүктөлүшүндө'' пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 ''мм'', түздүктөрүндө 500–800 ''мм''. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:09, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм, түздүктөрүндө 500–800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай.