ГИДРОГЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОГЕОЛО́ГИЯ ''' (''гидро...'' ж-а ''геология'') – жер астындагы суулардын курамын, касиетин, пайда болушун, агышын ж-а жайгашуу закон ченемин, о. эле тоо тектер м-н өз ара аракетин изилдөөчү илим. Г. гидрология (а. и. инж. геология), метеорология, геохимия, геофизика ж. б. Жер ж-дөгү илимдер м-н тыгыз байланышта, математика, химия ж-а физиканын маалыматтарына таянып, алардын изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Г. комплекстүү илим катары, төмөнкү тармактарга бөлүнөт: ж а л п ы Г. – жер астындагы суунун пайда болушун, физ. ж-а хим. касиеттерин, тоо тектер м-н өз ара аракетин изилдейт; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н д и н а м и к а с ы – жер астындагы суунун табигый ж-а жасалма факторлордун таасирине байланыштуу болгон кыймылын изилдейт; суунун запасын ж-а суу чыгарып жаткан бургулоо көзөнөктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгат; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н р е ж и м и н ж-а б а л а н с ы н изилдөөчү багыт – ар түрдүү табигый факторлордун (жер үстүндөгү суулардын режими, жаан-чачындын өлчөмү ж-а кыртышка сарыгышы, буулануу, аба ж-а кыртыштын нымдуулугу, темп-расы) таасиринен жер астындагы суулардын өзгөрүүсүн иликтейт; г и д р о г е о х и м и я жер астындагы суунун хим. Курамынын калыптанышын ж-а андагы хим. Элементтердин миграциясынын законченемин изилдейт; м и н е р а л д у у, ө н ө р ж а й л ы к ж-а а р а ш а н с у у л а р ы ж-дө илим – минералдуу суунун пайда болушун ж-а хим. курамын, генезистик типтерге бөлүнүшүн, булактарын ж-а ресурсун изилдеп, анын практикада колдонуу проблемаларын (негизинен дарылануу үчүн) чечет. Курамында ар түрдүү элементтер (иод, бром, бор, стронций, литий, радий ж. б.) көп өлчөмдө болгон суу өнөр жайлык деп аталып, аталган элементтерди бөлүп алуу үчүн изилденет. Ысык сууларды үй жылытуу ж. б. максаттар үчүн издөө ж-а чалгындоо иштери жүргүзүлөт; м е л и о р а ц и я л ы к Г. суу байлыктарын а. ч-да туура пайдалануу, сугат ж-а кургатылуучу жерлердин гидрогеол. шарттарын жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыгат. К е н б а й л ы к т а р д ы н Г-сы кендерди казып алуу маселелерин чечүү үчүн жер астындагы сууну толук изилдейт; р е г и о н д у к Г. жер астындагы суунун геол. структура м-н байланышын ж-а ар түрдүү табигый шарттарда таралуу закон ченемин изилдейт. Г. геол. илими м-н бирге байыркы замандан бери өнүгүп келген. Жер астындагы сууну кудук казып пайдаланууну, кяриздерди куруу ишин байыркы гректер, Кавказ ж-а О. Азия элдери колдонгон. Жер астындагы суулардын айрымдары дартка шыбаа болорун Фараби м-н Ибн Сина белгилеген. Г. илими 19-к-дын 2-жарымынан өзүнчө ил. тармак катары калыптанып, анын өнүгүшү М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, С. Н. Никитин, ''И. В. Мушкетов,'' Э. Зюсс, А. Н. Лейн, X. Хефер ж. б. илимпоздордун ысымдары м-н байланыштуу. Кырг-нда Г. илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздор: ''П. Г. Григоренко,'' И. А. Талипов, Б. И. Иманкулов, К. Кожобаев ж. б.  
'''ГИДРОГЕОЛО́ГИЯ ''' (''гидро...'' ж-а ''геология'') – жер астындагы суулардын курамын, касиетин, пайда болушун, агышын ж-а жайгашуу закон ченемин, ошондой эле тоо тектер м-н өз ара аракетин изилдөөчү илим. Гидрогеология гидрология (анын ичинен  инженердик геология), метеорология, геохимия, геофизика ж. б. Жер жөнүндөгү илимдер м-н тыгыз байланышта, математика, химия ж-а физиканын маалыматтарына таянып, алардын изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Гидрогеология комплекстүү илим катары, төмөнкү тармактарга бөлүнөт: ж а л п ы Гидрогеология – жер астындагы суунун пайда болушун, физикалык ж-а химиялык касиеттерин, тоо тектер м-н өз ара аракетин изилдейт; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н д и н а м и к а с ы – жер астындагы суунун табигый ж-а жасалма факторлордун таасирине байланыштуу болгон кыймылын изилдейт; суунун запасын ж-а суу чыгарып жаткан бургулоо көзөнөктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгат; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н р е ж и м и н ж-а б а л а н с ы н изилдөөчү багыт – ар түрдүү табигый факторлордун (жер үстүндөгү суулардын режими, жаан-чачындын өлчөмү ж-а кыртышка сарыгышы, буулануу, аба ж-а кыртыштын нымдуулугу, температурасы) таасиринен жер астындагы суулардын өзгөрүүсүн иликтейт; г и д р о г е о х и м и я жер астындагы суунун химиялык курамынын калыптанышын ж-а андагы химиялык элементтердин миграциясынын законченемин изилдейт; м и н е р а л д у у, ө н ө р ж а й л ы к ж-а а р а ш а н с у у л а р ы жөнүндө илим – минералдуу суунун пайда болушун ж-а химиялык курамын, генезистик типтерге бөлүнүшүн, булактарын ж-а ресурсун изилдеп, анын практикада колдонуу проблемаларын (негизинен дарылануу үчүн) чечет. Курамында ар түрдүү элементтер (иод, бром, бор, стронций, литий, радий ж. б.) көп өлчөмдө болгон суу өнөр жайлык деп аталып, аталган элементтерди бөлүп алуу үчүн изилденет. Ысык сууларды үй жылытуу ж. б. максаттар үчүн издөө ж-а чалгындоо иштери жүргүзүлөт; м е л и о р а ц и я л ы к Гидрогеология суу байлыктарын айыл чарбасында туура пайдалануу, сугат ж-а кургатылуучу жерлердин гидрогеологиялык шарттарын жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыгат. К е н б а й л ы к т а р д ы н Гидрогеологиясы кендерди казып алуу маселелерин чечүү үчүн жер астындагы сууну толук изилдейт; р е г и о н д у к Гидрогеология жер астындагы суунун геологиялык структура м-н байланышын ж-а ар түрдүү табигый шарттарда таралуу закон ченемин изилдейт. Гидрогеология геология илими м-н бирге байыркы замандан бери өнүгүп келген. Жер астындагы сууну кудук казып пайдаланууну, кяриздерди куруу ишин байыркы гректер, Кавказ ж-а Орто Азия элдери колдонгон. Жер астындагы суулардын айрымдары дартка шыбаа болорун Фараби м-н Ибн Сина белгилеген. Гидрогеология илими 19-кылымдын 2-жарымынан өзүнчө илимий тармак катары калыптанып, анын өнүгүшү М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, С. Н. Никитин, ''И. В. Мушкетов,'' Э. Зюсс, А. Н. Лейн, X. Хефер ж. б. илимпоздордун ысымдары м-н байланыштуу. Кыргызстанда Гидрогеология илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздор: ''П. Г. Григоренко,'' И. А. Талипов, Б. И. Иманкулов, К. Кожобаев ж. б.  
<br/>Ад.: ''Ланге О. К.'' Гидрогеология. М., 1969.
 
<br />Ад.: ''Ланге О. К.'' Гидрогеология. М., 1969.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:25, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы

ГИДРОГЕОЛО́ГИЯ (гидро... ж-а геология) – жер астындагы суулардын курамын, касиетин, пайда болушун, агышын ж-а жайгашуу закон ченемин, ошондой эле тоо тектер м-н өз ара аракетин изилдөөчү илим. Гидрогеология гидрология (анын ичинен инженердик геология), метеорология, геохимия, геофизика ж. б. Жер жөнүндөгү илимдер м-н тыгыз байланышта, математика, химия ж-а физиканын маалыматтарына таянып, алардын изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Гидрогеология комплекстүү илим катары, төмөнкү тармактарга бөлүнөт: ж а л п ы Гидрогеология – жер астындагы суунун пайда болушун, физикалык ж-а химиялык касиеттерин, тоо тектер м-н өз ара аракетин изилдейт; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н д и н а м и к а с ы – жер астындагы суунун табигый ж-а жасалма факторлордун таасирине байланыштуу болгон кыймылын изилдейт; суунун запасын ж-а суу чыгарып жаткан бургулоо көзөнөктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгат; ж е р а с т ы н д а г ы с у у н у н р е ж и м и н ж-а б а л а н с ы н изилдөөчү багыт – ар түрдүү табигый факторлордун (жер үстүндөгү суулардын режими, жаан-чачындын өлчөмү ж-а кыртышка сарыгышы, буулануу, аба ж-а кыртыштын нымдуулугу, температурасы) таасиринен жер астындагы суулардын өзгөрүүсүн иликтейт; г и д р о г е о х и м и я жер астындагы суунун химиялык курамынын калыптанышын ж-а андагы химиялык элементтердин миграциясынын законченемин изилдейт; м и н е р а л д у у, ө н ө р ж а й л ы к ж-а а р а ш а н с у у л а р ы жөнүндө илим – минералдуу суунун пайда болушун ж-а химиялык курамын, генезистик типтерге бөлүнүшүн, булактарын ж-а ресурсун изилдеп, анын практикада колдонуу проблемаларын (негизинен дарылануу үчүн) чечет. Курамында ар түрдүү элементтер (иод, бром, бор, стронций, литий, радий ж. б.) көп өлчөмдө болгон суу өнөр жайлык деп аталып, аталган элементтерди бөлүп алуу үчүн изилденет. Ысык сууларды үй жылытуу ж. б. максаттар үчүн издөө ж-а чалгындоо иштери жүргүзүлөт; м е л и о р а ц и я л ы к Гидрогеология суу байлыктарын айыл чарбасында туура пайдалануу, сугат ж-а кургатылуучу жерлердин гидрогеологиялык шарттарын жакшыртуу ыкмаларын иштеп чыгат. К е н б а й л ы к т а р д ы н Гидрогеологиясы кендерди казып алуу маселелерин чечүү үчүн жер астындагы сууну толук изилдейт; р е г и о н д у к Гидрогеология жер астындагы суунун геологиялык структура м-н байланышын ж-а ар түрдүү табигый шарттарда таралуу закон ченемин изилдейт. Гидрогеология геология илими м-н бирге байыркы замандан бери өнүгүп келген. Жер астындагы сууну кудук казып пайдаланууну, кяриздерди куруу ишин байыркы гректер, Кавказ ж-а Орто Азия элдери колдонгон. Жер астындагы суулардын айрымдары дартка шыбаа болорун Фараби м-н Ибн Сина белгилеген. Гидрогеология илими 19-кылымдын 2-жарымынан өзүнчө илимий тармак катары калыптанып, анын өнүгүшү М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, С. Н. Никитин, И. В. Мушкетов, Э. Зюсс, А. Н. Лейн, X. Хефер ж. б. илимпоздордун ысымдары м-н байланыштуу. Кыргызстанда Гидрогеология илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздор: П. Г. Григоренко, И. А. Талипов, Б. И. Иманкулов, К. Кожобаев ж. б.


Ад.: Ланге О. К. Гидрогеология. М., 1969.