ГИДРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОЛО́ГИЯ ''' ''(гидро...'' ж-а ''...логия)'' – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды ж-а процесстерди изилдей турган илим. | '''ГИДРОЛО́ГИЯ ''' ''(гидро...'' ж-а ''...логия)'' – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды ж-а процесстерди изилдей турган илим. Гидрология изилдөө объектилерине карата ''океанология'' (океан ж-а деӊиз Гидрологиясы), кургактык Гидрологиясы (дарыя, көл, саз Гидрологиясы) ж-а ''гидрогеологияга'' (жер астындагы суулардын Гидрологиясы) бөлүнөт. Кургактык Гидрологиясы өз ичинен ''потамологияга'' (дарыя жөнүндөгү илим), ''лимнология'' (көл таануу), саз таануу ж-а ''гляциологияга'' (мөӊгүлөр жөнүндөгү илим) деп бөлүнөт. Гидрология география илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология ж-а биология илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Гидрологиянын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, температурасы ж. б.) мейкиндик ж-а мезгил боюнча өзгөрүүсүнө байкоо ж-а талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу ж-а алдын ала болжолдоо (к. ''Гидрологиялык маалымат).'' Негизги ыкмалары – Гидрологиялык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги ж-а лабораториялык эксперименттер. Гидрологияда географиялык жалпылоо, Гидрологиялык аналогия ыкмалары ж-а математикалык статистика кеӊири пайдаланылат. Гидрология башында физикалык география, геология ж-а гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-кылымдын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Илимий аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кыргызстандын сууларынын Гидрологиясын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон. | ||
<br/>Ад.: ''Огиевский А. В.'' Гидрология суши. М., 1952; ''Калинин Г. П.'' Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; ''Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г.'' Общая гидрология. Л., 1973. ''С. Аламанов.'' | |||
<br />Ад.: ''Огиевский А. В.'' Гидрология суши. М., 1952; ''Калинин Г. П.'' Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; ''Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г.'' Общая гидрология. Л., 1973. ''С. Аламанов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:45, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГИДРОЛО́ГИЯ (гидро... ж-а ...логия) – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды ж-а процесстерди изилдей турган илим. Гидрология изилдөө объектилерине карата океанология (океан ж-а деӊиз Гидрологиясы), кургактык Гидрологиясы (дарыя, көл, саз Гидрологиясы) ж-а гидрогеологияга (жер астындагы суулардын Гидрологиясы) бөлүнөт. Кургактык Гидрологиясы өз ичинен потамологияга (дарыя жөнүндөгү илим), лимнология (көл таануу), саз таануу ж-а гляциологияга (мөӊгүлөр жөнүндөгү илим) деп бөлүнөт. Гидрология география илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология ж-а биология илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Гидрологиянын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, температурасы ж. б.) мейкиндик ж-а мезгил боюнча өзгөрүүсүнө байкоо ж-а талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу ж-а алдын ала болжолдоо (к. Гидрологиялык маалымат). Негизги ыкмалары – Гидрологиялык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги ж-а лабораториялык эксперименттер. Гидрологияда географиялык жалпылоо, Гидрологиялык аналогия ыкмалары ж-а математикалык статистика кеӊири пайдаланылат. Гидрология башында физикалык география, геология ж-а гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-кылымдын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Илимий аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кыргызстандын сууларынын Гидрологиясын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.
Ад.: Огиевский А. В. Гидрология суши. М., 1952; Калинин Г. П. Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г. Общая гидрология. Л., 1973. С. Аламанов.