ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР ''' – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. | '''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР ''' – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу м-н камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын Гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу ж-а суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу ж-а суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. а т а й ы н Гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык ж-а гидродинамикалык ж. б.), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши ж-а тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма ж-а типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп ж-а материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Ача ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б. Гидротехникалык курулмаларга кирет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:23, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу м-н камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын Гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу ж-а суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу ж-а суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. а т а й ы н Гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык ж-а гидродинамикалык ж. б.), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши ж-а тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма ж-а типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп ж-а материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Ача ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б. Гидротехникалык курулмаларга кирет.