ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР ''' – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Г. к. деӊиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы б-ча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу м-н камсыз кылуу, спорттук максатта, о. эле жалпы ж-а атайын Г. к. болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Г. к-га суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу ж-а суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу ж-а суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. а т а й ы н Г. к. болуп эсептелет. Г. к-дын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер мех. (статикалык ж-а гидродинамикалык ж. б.), физика-хим. (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биол. (жыгач бөлүгүнүн чириши ж-а тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Г. к-ды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма ж-а типтүү констр-лар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп ж-а материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кырг-ндагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Ача ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б. Г. к-га кирет.
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР ''' – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу м-н камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын Гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу ж-а суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу ж-а суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. а т а й ы н Гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык ж-а гидродинамикалык ж. б.), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши ж-а тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма ж-а типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп ж-а материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Ача ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б. Гидротехникалык курулмаларга кирет.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:23, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу м-н камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын Гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу ж-а суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу ж-а суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. а т а й ы н Гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык ж-а гидродинамикалык ж. б.), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши ж-а тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма ж-а типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп ж-а материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Ача ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б. Гидротехникалык курулмаларга кирет.