ГИДРОТЕХНИКАЛЫК МЕЛИОРАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК МЕЛИОРА́ЦИЯ – ''' жердин суу режимин жакшыртууга багытталган чаралар системасы. Г. м-нын сугат, кургатуу, какыр, суусу жетишсиз талаа ж-а жарым чөлдүү аймактарда – суу жеткирүү, жерди шордон арылтуу, топурак эрозиясына каршы күрөшүү, дарыя суусун ж-а нугун жөнгө салуу, агын сууну сугатка пайдалануу сыяктуу түрлөрү бар. Г. м-ны пайдалануунун натыйжасында сугат жерде а. ч. өсүмдүгүнүн түшүмү, мис., дан эгини 1,5–2 эсе, тоют өсүмдүгү 4–5 эсе көбөйөт. Г. м. агротокой мелиорациясы, хим. мелиорация, а. ч. өндүрүшүнүн табигый шартын жакшыртуу б-ча мындан башка жумуштарга айкалыштырылат. Г. м. жумуштарын аткаруу үчүн плотина, дамба, суу сактагыч, суу бөлгүч, канал курулуп, суу түтүктөрү орнотулат, шахта ж-а артезиан кудугу казылып, көлмө жасалат, суу нугу тереӊдетилип, жээги кырдалат. Суу эрозиясынан сактануу үчүн эӊкейиш жерге арык ж-а суу токтотуучу жол салынып, тектирленет, артык баш суу агуучу арык тартылат. Г. м. жер үстүндөгү ж-а жер алдындагы суу режими м-н ресурстарына байланыштуу. Ошондуктан ал гидроэнергетика, суу м-н камсыз кылуу, суу транспорту, балык өстүрүү м-н шайкеш жүргүзүлөт.
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК МЕЛИОРА́ЦИЯ – ''' жердин суу режимин жакшыртууга багытталган чаралар системасы. Гидротехникалык мелиорациянын сугат, кургатуу, какыр, суусу жетишсиз талаа ж-а жарым чөлдүү аймактарда – суу жеткирүү, жерди шордон арылтуу, топурак эрозиясына каршы күрөшүү, дарыя суусун ж-а нугун жөнгө салуу, агын сууну сугатка пайдалануу сыяктуу түрлөрү бар. Гидротехникалык мелиорацияны пайдалануунун натыйжасында сугат жерде айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмү, мисалы, дан эгини 1,5–2 эсе, тоют өсүмдүгү 4–5 эсе көбөйөт. Гидротехникалык мелиорация агротокой мелиорациясы, химиялык мелиорация, айыл чарба өндүрүшүнүн табигый шартын жакшыртуу боюнча мындан башка жумуштарга айкалыштырылат. Гидротехникалык мелиорация жумуштарын аткаруу үчүн плотина, дамба, суу сактагыч, суу бөлгүч, канал курулуп, суу түтүктөрү орнотулат, шахта ж-а артезиан кудугу казылып, көлмө жасалат, суу нугу тереӊдетилип, жээги кырдалат. Суу эрозиясынан сактануу үчүн эӊкейиш жерге арык ж-а суу токтотуучу жол салынып, тектирленет, артык баш суу агуучу арык тартылат. Гидротехникалык мелиорация жер үстүндөгү ж-а жер алдындагы суу режими м-н ресурстарына байланыштуу. Ошондуктан ал гидроэнергетика, суу м-н камсыз кылуу, суу транспорту, балык өстүрүү м-н шайкеш жүргүзүлөт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:30, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГИДРОТЕХНИКАЛЫК МЕЛИОРА́ЦИЯ – жердин суу режимин жакшыртууга багытталган чаралар системасы. Гидротехникалык мелиорациянын сугат, кургатуу, какыр, суусу жетишсиз талаа ж-а жарым чөлдүү аймактарда – суу жеткирүү, жерди шордон арылтуу, топурак эрозиясына каршы күрөшүү, дарыя суусун ж-а нугун жөнгө салуу, агын сууну сугатка пайдалануу сыяктуу түрлөрү бар. Гидротехникалык мелиорацияны пайдалануунун натыйжасында сугат жерде айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмү, мисалы, дан эгини 1,5–2 эсе, тоют өсүмдүгү 4–5 эсе көбөйөт. Гидротехникалык мелиорация агротокой мелиорациясы, химиялык мелиорация, айыл чарба өндүрүшүнүн табигый шартын жакшыртуу боюнча мындан башка жумуштарга айкалыштырылат. Гидротехникалык мелиорация жумуштарын аткаруу үчүн плотина, дамба, суу сактагыч, суу бөлгүч, канал курулуп, суу түтүктөрү орнотулат, шахта ж-а артезиан кудугу казылып, көлмө жасалат, суу нугу тереӊдетилип, жээги кырдалат. Суу эрозиясынан сактануу үчүн эӊкейиш жерге арык ж-а суу токтотуучу жол салынып, тектирленет, артык баш суу агуучу арык тартылат. Гидротехникалык мелиорация жер үстүндөгү ж-а жер алдындагы суу режими м-н ресурстарына байланыштуу. Ошондуктан ал гидроэнергетика, суу м-н камсыз кылуу, суу транспорту, балык өстүрүү м-н шайкеш жүргүзүлөт.