ГИДРОХИМИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОХИ́МИЯ ''' – жаратылыш сууларынын | '''ГИДРОХИ́МИЯ ''' – жаратылыш сууларынын химиялык курамын ж-а анын айлана-чөйрөдөгү физикалык, химиялык, биологиялык процесстерге байланыштуу өзгөрүүсүн изилдөөчү илим. Жер кыртышындагы минералдарды эритүүчү суунун касиетин, тоо тек, топурак, атмосфералык аба ж-а организмдер м-н аракеттенүүсүнөн болуучу суудагы химиялык процесстерди, гидросферадагы элементтердин миграциясын да изилдейт. Жаратылыш сууларынын белгилүү түрүн – агын суулардын, көлдөрдүн, деӊиз суусунун, жер алдындагы ж-а атмосфералык суулардын химиялык курамын аныктайт. Гидрохимиялык изилдөө үчүн ''анализдик химиянын'' түрдүү ыкмалары (спектр анализи, ''хроматография'', полярография) колдонулат. Гидрохимия айрым өтмө илимдердин (петрография, гидрогеология, гидробиология ж. б.) өнүгүшү үчүн, суу м-н камсыз кылуу, сугаруу, кен издөө ж-а минералдык сууларга бальнеологиялык жактан баа берүү ж. б. практикалык иштер үчүн чоӊ мааниге ээ. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:39, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГИДРОХИ́МИЯ – жаратылыш сууларынын химиялык курамын ж-а анын айлана-чөйрөдөгү физикалык, химиялык, биологиялык процесстерге байланыштуу өзгөрүүсүн изилдөөчү илим. Жер кыртышындагы минералдарды эритүүчү суунун касиетин, тоо тек, топурак, атмосфералык аба ж-а организмдер м-н аракеттенүүсүнөн болуучу суудагы химиялык процесстерди, гидросферадагы элементтердин миграциясын да изилдейт. Жаратылыш сууларынын белгилүү түрүн – агын суулардын, көлдөрдүн, деӊиз суусунун, жер алдындагы ж-а атмосфералык суулардын химиялык курамын аныктайт. Гидрохимиялык изилдөө үчүн анализдик химиянын түрдүү ыкмалары (спектр анализи, хроматография, полярография) колдонулат. Гидрохимия айрым өтмө илимдердин (петрография, гидрогеология, гидробиология ж. б.) өнүгүшү үчүн, суу м-н камсыз кылуу, сугаруу, кен издөө ж-а минералдык сууларга бальнеологиялык жактан баа берүү ж. б. практикалык иштер үчүн чоӊ мааниге ээ.