ГИНДУКУШ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИНДУКУ́Ш ''' (иранча Хинду – Индия ж-а кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан м-н Пакистандын аймагында. | '''ГИНДУКУ́Ш ''' (иранча Хинду – Индия ж-а кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан м-н Пакистандын аймагында. Узундугу 800 ''км''дей, туурасы 350 ''км''ге чейин. Эӊ бийик жери 7690 ''м'' (Тиричмир чокусу), борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 ''м''ге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго ж-а альп тибиндеги рельефтүү, мөӊгүлүү (аянты 6,2 миӊ ''км''<sup>2</sup>) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндукуштун батыш уландысы – ''Паропамиз'' тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 ''мм'' (түштүк-чыгышында 1000 ''мм''ге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл ж-а кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо – муздак чөл ландшафттары мүнөздүү. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:18, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГИНДУКУ́Ш (иранча Хинду – Индия ж-а кух – тоо) – Азиядагы тоо системасы. Негизинен Афганстан м-н Пакистандын аймагында. Узундугу 800 кмдей, туурасы 350 кмге чейин. Эӊ бийик жери 7690 м (Тиричмир чокусу), борбордук ж-а чыгыш бөлүктөрү башка жерлеринен 4000 мге бийик. Тоолор альп бүктөлүшүнөн пайда болуп, метаморфизмделген байыркы тоо тектерден (сланец, гранит, акиташ ж. б.), ошондой эле мезозой-кайнозойдун чөкмө катмарларынан турат. Тегерек чокулуу орто бийиктеги кырка тоолор чыгышта бийик бөксө тоолорго ж-а альп тибиндеги рельефтүү, мөӊгүлүү (аянты 6,2 миӊ км2) айрым массивдерге өтөт. Негизги кырка тоолору Баба, Пагман. Гиндукуштун батыш уландысы – Паропамиз тоолору. Климаты континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 300–800 мм (түштүк-чыгышында 1000 ммге чейин). Тикендүү бадал өскөн тоолуу жарым чөл ж-а кургак талаа, түштүк-чыгыш капталдарында жалбырагы күбүлмө, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, бийик бөксө тоолордо – муздак чөл ландшафттары мүнөздүү.