ГИПЕРКИНЕЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИПЕРКИНЕ́З ''' (''гипер''... ж-а гр. kinesis – кыймыл) – нерв системасы | '''ГИПЕРКИНЕ́З ''' (''гипер''... ж-а гр. kinesis – кыймыл) – нерв системасы органикалык ж-а функциялык бузулганда болуучу эрксиз кыймылдар. Ага атетоз, хорея, ''паркинсонизм'' ж. б. кирет. Атетоздо негизинен кол эрксиз кыймылдайт, муштум араӊ түйүлүп, жазылбайт же манжалар жазылган бойдон бүгүлбөй калат. Гиперкинездин калтырама түрү көп кездешет. Ал нерв системасынын кайсы бир оорусунда, функциялык бузулууларында, кээде тукум куума болот. Анда киши кыймылдаса да, кыймылдабаса да башы калчылдап, колу калтырай берет, бирок уктаганда жоголуп, бир нерсеге капа болгондо күчөйт. Истериялык ''невроздордо'', ошондой эле ''неврастения, психастенияда'' түрдүү эрксиз кыймылдар пайда болот. Алар мээ кыртышында патологиялык козголуунун дайыма пайда болушуна байланыштуу. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:06, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГИПЕРКИНЕ́З (гипер... ж-а гр. kinesis – кыймыл) – нерв системасы органикалык ж-а функциялык бузулганда болуучу эрксиз кыймылдар. Ага атетоз, хорея, паркинсонизм ж. б. кирет. Атетоздо негизинен кол эрксиз кыймылдайт, муштум араӊ түйүлүп, жазылбайт же манжалар жазылган бойдон бүгүлбөй калат. Гиперкинездин калтырама түрү көп кездешет. Ал нерв системасынын кайсы бир оорусунда, функциялык бузулууларында, кээде тукум куума болот. Анда киши кыймылдаса да, кыймылдабаса да башы калчылдап, колу калтырай берет, бирок уктаганда жоголуп, бир нерсеге капа болгондо күчөйт. Истериялык невроздордо, ошондой эле неврастения, психастенияда түрдүү эрксиз кыймылдар пайда болот. Алар мээ кыртышында патологиялык козголуунун дайыма пайда болушуна байланыштуу.