ГЛАЗУНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛАЗУНО́В ''' Александр Константинович [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, | '''ГЛАЗУНО́В ''' '''Александр Константинович''' [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, музыкант, коомдук ишмер. Республиканын эл артисти (1922). Оксфорд, Кембриж университеттеринин музыка боюнча ардактуу доктору (1907). Композиция боюнча Н. А. ''Римский-Корсаковдон'' таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын профессору, 1905-жылдан ректору, Октябрь революциясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу жана агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. А. Глазунов – «''Кубаттуу топтун''» жана П. Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири.

| [[File:ГЛАЗУНОВ46.png | thumb | А. К. Глазунов. И. Е. Репин тарткан портрет.
1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.|left|331x331px]] | ||
[[File:ГЛАЗУНОВ46.png | thumb | А. К. Глазунов. И. Е. Репин тарткан портрет. | Чыгармачылыгы негизинен симфониялык музыкада кеӊири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументтүүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симфониялык поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Александр Глазунов орус камералык музыкасына да чоӊ салым кошкон. Н. А. Римский-Корсаков менен бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. ''Глинканын'' чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Раймонда» балети коюлган. 1960-жылы Пенза шаарындагы бир көчөгө анын ысмы коюлган. | ||

1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.]] | |||

Ад.: ''Ганина М.'' А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961. | |||

Ад.: ''Ганина М.'' А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:14, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГЛАЗУНО́В Александр Константинович [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, музыкант, коомдук ишмер. Республиканын эл артисти (1922). Оксфорд, Кембриж университеттеринин музыка боюнча ардактуу доктору (1907). Композиция боюнча Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын профессору, 1905-жылдан ректору, Октябрь революциясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу жана агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. А. Глазунов – «Кубаттуу топтун» жана П. Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири.

1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.
Чыгармачылыгы негизинен симфониялык музыкада кеӊири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументтүүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симфониялык поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Александр Глазунов орус камералык музыкасына да чоӊ салым кошкон. Н. А. Римский-Корсаков менен бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. Глинканын чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Раймонда» балети коюлган. 1960-жылы Пенза шаарындагы бир көчөгө анын ысмы коюлган.
Ад.: Ганина М. А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961.