ГЛАЗУНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЛАЗУНО́В ''' Александр Константинович [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, муз.-коомдук ишмер. Респ-нын эл арт. (1922). Оксфорд, Кембриж ун-ттеринин музыка б-ча ардактуу доктору (1907). Композиция б-ча Н. А. ''Римский-Корсаковдон'' таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын проф., 1905-жылдан ректору, Октябрь рев-ясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу ж-а агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. Г. – «''Кубаттуу топтун''» ж-а Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири.
'''ГЛАЗУНО́В ''' '''Александр Константинович''' [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, музыкант, коомдук ишмер. Республиканын эл артисти (1922). Оксфорд, Кембриж университеттеринин музыка боюнча ардактуу доктору (1907). Композиция боюнча Н. А. ''Римский-Корсаковдон'' таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын профессору, 1905-жылдан ректору, Октябрь революциясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу жана агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. А. Глазунов – «''Кубаттуу топтун''» жана П. Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири.

[[File:ГЛАЗУНОВ46.png | thumb | А. К. Глазунов. И. Е. Репин тарткан портрет.
1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.|left|331x331px]]
[[File:ГЛАЗУНОВ46.png | thumb | А. К. Глазунов. И. Е. Репин тарткан портрет.
Чыгармачылыгы негизинен симфониялык музыкада кеӊири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументтүүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симфониялык поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Александр Глазунов орус камералык музыкасына да чоӊ салым кошкон. Н. А. Римский-Корсаков менен бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. ''Глинканын'' чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Раймонда» балети коюлган. 1960-жылы Пенза шаарындагы бир көчөгө анын ысмы коюлган.

1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.]]

Чыг-лыгы негизинен симф. музыкада кеӊири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументт үүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симф. поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Г. орус камералык музыкасына да чоӊ салым кошкон. Н. А. Римский-Корсаков м-н бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. ''Глинканын'' чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында «Раймонда» балети коюлган. 1960-ж. Пенза ш-ндагы бир көчөгө анын ысмы коюлган.

Ад.: ''Ганина М.'' А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961.

Ад.: ''Ганина М.'' А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:14, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГЛАЗУНО́В Александр Константинович [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, музыкант, коомдук ишмер. Республиканын эл артисти (1922). Оксфорд, Кембриж университеттеринин музыка боюнча ардактуу доктору (1907). Композиция боюнча Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын профессору, 1905-жылдан ректору, Октябрь революциясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу жана агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. А. Глазунов – «Кубаттуу топтун» жана П. Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири.

А. К. Глазунов. И. Е. Репин тарткан портрет.
1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.

Чыгармачылыгы негизинен симфониялык музыкада кеӊири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументтүүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симфониялык поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Александр Глазунов орус камералык музыкасына да чоӊ салым кошкон. Н. А. Римский-Корсаков менен бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. Глинканын чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Раймонда» балети коюлган. 1960-жылы Пенза шаарындагы бир көчөгө анын ысмы коюлган.

Ад.: Ганина М. А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961.