ГЛОБАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛОБАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР ''' – бүткүл адамзат жашоосун ж-а өнүгүүсүн түйшөлтүп козгогон, өзүнүн чечилиши үчүн дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин биргелешкен күч-аракеттерин талап кылган, маани-маӊызы жагынан азыркы заманда топтолгон өтө курч маселелердин жыйындысы. Биринчи даражадагы | '''ГЛОБАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР ''' – бүткүл адамзат жашоосун ж-а өнүгүүсүн түйшөлтүп козгогон, өзүнүн чечилиши үчүн дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин биргелешкен күч-аракеттерин талап кылган, маани-маӊызы жагынан азыркы заманда топтолгон өтө курч маселелердин жыйындысы. Биринчи даражадагы Глобалдык маселелердин катарына согуш ж-а тынчтык проблемалары кирет. Булардын ичинде чечилиши жалпыга бирдей зарыл маселелер бар: эл аралык коопсуздук, бүткүл дүйнөлүк термоядролук согуш коркунучу, куралсыздандыруу (массалык кыргын салуучу куралдарды жок кылуу), эл аралык мамилелерди демилитарлаштыруу, элдердин ортосундагы ишенимдерди бекемдөө д. у. с. Улуттун, ири зоналык аймактын чегинен чыгып, көп учурда дүйнөлүк масштабга өтүп кеткен: ''баӊгилик, экстремизм, террорчулук'' сыяктуу проблемалар планеталык аренада зор коркунучтарды жаратууда. Айрыкча: 1) термоядролук тирешүүлөрдүн капыстан дүйнөлүк алааматка айланып кетүү мүмкүндүгүнүн сакталып турушу, адамзат коопсуздугунун камсыз эместиги, дүйнөнүн бир кыйла өлкөлөрүндөгү ашкере артта калуучулук, жер жүзүнүн бир катар бөлүгүндө орун алып келаткан ачарчылык, туташ сабатсыздык, массалык жакырчылык сыяктуу дүйнө өлкөлөрүнүн бир кылка эмес өнүгүүлөрүнүн кесепеттери али өз коркунучтарын жоготуша элек; 2) табиятты глобалдуу өздөштүрүүдөн келип чыккан адамзат коому үчүн өтө кооптуу проблемалар; энергетиканын ж-а азык-түлүктүн жаӊы булактарын табуу үчүн күрөштүн, чийки заттардын жаӊы түрлөрүн массалык масштабда иштеп чыгуунун ж-а колдонуунун кеӊири кулач жайышы м-н дүйнөлүк экологиялык баланска алардын терс таасиринин өсүшү; океандар м-н жакынкы космос мейкиндиктерин өздөштүрүүдөгү глобалдык кыйынчылыктар ж. б.; 3) адам м-н коомдун ортосундагы мамилелердин курчушу; алардын улам жайылып тарап баратышы; илим-техника индустриясы улам бийиктеп өнүккөн сайын коом үчүн эӊ керектүү саламаттык сактоо ж-а билим берүү тармактарын өнүктүрүүнүн да ошончолук түрдө (алгебралык прогрессия м-н) кымбатка турушу. <br/>''К. Байбосунов.'' | ||
<br/>''К. Байбосунов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:09, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГЛОБАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕР – бүткүл адамзат жашоосун ж-а өнүгүүсүн түйшөлтүп козгогон, өзүнүн чечилиши үчүн дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин биргелешкен күч-аракеттерин талап кылган, маани-маӊызы жагынан азыркы заманда топтолгон өтө курч маселелердин жыйындысы. Биринчи даражадагы Глобалдык маселелердин катарына согуш ж-а тынчтык проблемалары кирет. Булардын ичинде чечилиши жалпыга бирдей зарыл маселелер бар: эл аралык коопсуздук, бүткүл дүйнөлүк термоядролук согуш коркунучу, куралсыздандыруу (массалык кыргын салуучу куралдарды жок кылуу), эл аралык мамилелерди демилитарлаштыруу, элдердин ортосундагы ишенимдерди бекемдөө д. у. с. Улуттун, ири зоналык аймактын чегинен чыгып, көп учурда дүйнөлүк масштабга өтүп кеткен: баӊгилик, экстремизм, террорчулук сыяктуу проблемалар планеталык аренада зор коркунучтарды жаратууда. Айрыкча: 1) термоядролук тирешүүлөрдүн капыстан дүйнөлүк алааматка айланып кетүү мүмкүндүгүнүн сакталып турушу, адамзат коопсуздугунун камсыз эместиги, дүйнөнүн бир кыйла өлкөлөрүндөгү ашкере артта калуучулук, жер жүзүнүн бир катар бөлүгүндө орун алып келаткан ачарчылык, туташ сабатсыздык, массалык жакырчылык сыяктуу дүйнө өлкөлөрүнүн бир кылка эмес өнүгүүлөрүнүн кесепеттери али өз коркунучтарын жоготуша элек; 2) табиятты глобалдуу өздөштүрүүдөн келип чыккан адамзат коому үчүн өтө кооптуу проблемалар; энергетиканын ж-а азык-түлүктүн жаӊы булактарын табуу үчүн күрөштүн, чийки заттардын жаӊы түрлөрүн массалык масштабда иштеп чыгуунун ж-а колдонуунун кеӊири кулач жайышы м-н дүйнөлүк экологиялык баланска алардын терс таасиринин өсүшү; океандар м-н жакынкы космос мейкиндиктерин өздөштүрүүдөгү глобалдык кыйынчылыктар ж. б.; 3) адам м-н коомдун ортосундагы мамилелердин курчушу; алардын улам жайылып тарап баратышы; илим-техника индустриясы улам бийиктеп өнүккөн сайын коом үчүн эӊ керектүү саламаттык сактоо ж-а билим берүү тармактарын өнүктүрүүнүн да ошончолук түрдө (алгебралык прогрессия м-н) кымбатка турушу.
К. Байбосунов.