ГЛОССИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЛОССИ́Т ''' (гр. glоssa – тил) – тилдин сезгениши. Ал жаракат алуудан, инфекциялык фактордун кошулушу м-н жерг. сезгичтиктин төмөндөшүнөн, ''авитаминоздон'', жетишсиз тамактануудан ж. б. жалпы организмдин сезгичтигинин өзгөрүшүнөн болот. Ал көбүнчө ички органдардын ооруларынын белгиси болуп эсептелет. Тилдин былжыр челинин өзгөрүшү айрым ооруларды диагноздоого мүмкүндүк берет. Мис., ичеги ооруларында тил кургак (бүктөлмөлүү), кан ооруларында жылмакай ж. б. болот. Кээде айрым дарыларды ичкенден кийинки кабылдоо катары учурайт. Бардык курактагы адамдар ооруйт. Дарылоодо аны пайда кылган себептерди жоготуу, ооздун ичин таза кармоо, витамин берүү керек.
'''ГЛОССИ́Т ''' (гр. glоssa – тил) – тилдин сезгениши. Ал жаракат алуудан, инфекциялык фактордун кошулушу м-н жергиликтүү сезгичтиктин төмөндөшүнөн, ''авитаминоздон'', жетишсиз тамактануудан ж. б. жалпы организмдин сезгичтигинин өзгөрүшүнөн болот. Ал көбүнчө ички органдардын ооруларынын белгиси болуп эсептелет. Тилдин былжыр челинин өзгөрүшү айрым ооруларды диагноздоого мүмкүндүк берет. Мисалы, ичеги ооруларында тил кургак (бүктөлмөлүү), кан ооруларында жылмакай ж. б. болот. Кээде айрым дарыларды ичкенден кийинки кабылдоо катары учурайт. Бардык курактагы адамдар ооруйт. Дарылоодо аны пайда кылган себептерди жоготуу, ооздун ичин таза кармоо, витамин берүү керек.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:49, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГЛОССИ́Т (гр. glоssa – тил) – тилдин сезгениши. Ал жаракат алуудан, инфекциялык фактордун кошулушу м-н жергиликтүү сезгичтиктин төмөндөшүнөн, авитаминоздон, жетишсиз тамактануудан ж. б. жалпы организмдин сезгичтигинин өзгөрүшүнөн болот. Ал көбүнчө ички органдардын ооруларынын белгиси болуп эсептелет. Тилдин былжыр челинин өзгөрүшү айрым ооруларды диагноздоого мүмкүндүк берет. Мисалы, ичеги ооруларында тил кургак (бүктөлмөлүү), кан ооруларында жылмакай ж. б. болот. Кээде айрым дарыларды ичкенден кийинки кабылдоо катары учурайт. Бардык курактагы адамдар ооруйт. Дарылоодо аны пайда кылган себептерди жоготуу, ооздун ичин таза кармоо, витамин берүү керек.