ГЛОТТОГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛОТТОГЕНЕ́З ''' (гр. gоtta – тил ж-а ''...генез'') – адамдын табигый тыбыштык тилинин калыптануу процесси; тилдин келип чыгышы | '''ГЛОТТОГЕНЕ́З ''' (гр. gоtta – тил ж-а ''...генез'') – адамдын табигый тыбыштык тилинин калыптануу процесси; тилдин келип чыгышы жөнүндөгү философиялык, психологиялык көз караштардын уландысы. Комплекстүү маселе катары лингвистикалык ыкмалардын ж-а адам жөнүндөгү илимдердин жардамы м-н изилденет. Салыштырма-тарыхый метод тилдик топтордун баба тилинин болжолдуу формаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет; ал эми тарыхый типология методу аркылуу негизги тилдик категориялардын калыптануу жолдорун аныктоого болот. Антропологиялык ж-а ага жакын илимдердин методдору адамдын азыркы типтеги табигый тыбыштык тили болжол м-н 100 миӊ жыл мурда пайда болгонун көрсөткөн. Глоттогенез теориясы лингвист-окумуштуулар А. Громбетти, Б. Розенкранц, антропологдор В. В. Бунак, Г. У. Хьюс, А. Либерман, палеоневролог В. И. Кечеткова тарабынан иштелип чыккан. 1984-жылы Парижде Глоттогенезди изилдөө боюнча эл аралык борбор түзүлгөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:56, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГЛОТТОГЕНЕ́З (гр. gоtta – тил ж-а ...генез) – адамдын табигый тыбыштык тилинин калыптануу процесси; тилдин келип чыгышы жөнүндөгү философиялык, психологиялык көз караштардын уландысы. Комплекстүү маселе катары лингвистикалык ыкмалардын ж-а адам жөнүндөгү илимдердин жардамы м-н изилденет. Салыштырма-тарыхый метод тилдик топтордун баба тилинин болжолдуу формаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет; ал эми тарыхый типология методу аркылуу негизги тилдик категориялардын калыптануу жолдорун аныктоого болот. Антропологиялык ж-а ага жакын илимдердин методдору адамдын азыркы типтеги табигый тыбыштык тили болжол м-н 100 миӊ жыл мурда пайда болгонун көрсөткөн. Глоттогенез теориясы лингвист-окумуштуулар А. Громбетти, Б. Розенкранц, антропологдор В. В. Бунак, Г. У. Хьюс, А. Либерман, палеоневролог В. И. Кечеткова тарабынан иштелип чыккан. 1984-жылы Парижде Глоттогенезди изилдөө боюнча эл аралык борбор түзүлгөн.