ГЛОТТОХРОНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЛОТТОХРОНОЛО́ГИЯ ''' (гр. glоtta – тил, chrjnos – убакыт ж-а ''...логия'') – салыштырма-тарыхый тил илиминин тилдик өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын ж-а анын негизинде тектеш тилдердин бөлүнүшү м-н жакындык даражасын аныктап-изилдөөчү тармагы. Жакындыкты аныктоо үчүн тектеш тилдердин түрдүү деӊгээлдерин изилдеп салыштырууга да болот, бирок так сандык маалыматтар сөздүктү статистикалык изилдөө (лексика-статистика) аркылуу гана алынат. Лексика-статистикалык Г. пикирлешүүдө жыш колдонулган негизги сөздөрдүн өзгөрүү ылдамдыгынын бирдейлиги ж-дөгү божомолдун негизинде тектеш тилдердин бөлүнүү мезгилин аныктайт. Табигый тилдердин сөздүктөрүндөгү мындай негизги сөздөрдүн катарына жактама ж-а сурама ат атоочтор, кыймылды, физиол. функцияны же туюмду билгизген этиштер, өлчөм-көлөмдү, түстү көрсөтүүчү сөздөр, космос көрүнүштөрүнүн, жаныбарлардын аталыштары сыяктуу сөздөр кирет. Тилдин миӊ жылдык же андан ашык мезгилдеги тарыхын иликтөөдө сөздүктөрдүн 100–200 сөздөн турган жогорудагыдай негизги топторунун 80%тен ашуун бөлүгү сакталып калары аныкталган. Бир топко кирген эки тилдин негизги сөздүк тизмектеринде сакталып калган тектеш (окшош) сөздөрдүн проценттик көрсөткүчтөрүн салыштыруу м-н, ал тилдердин бири-биринен бөлүнгөн бактысын аныктоого болот. Г-нын жыйынтыктары лексикага гана тиешелүү болот; фонологиялык ж-а морфол. жактан айырмаланган тектеш диалектилери Г-нын көз карашынан алганда өз ара айырмаланбай калат. Бирок лингв. сөздүктөрдө же сөздөрдүн негизги тизмелеринде байкаларлык айырмачылыкка ээ болбогону м-н, фонологиялык ж-а морфол. критерийлери б-ча айырмаланган тилдер ар башка тилдер катары каралышы мүмкүн. Мис., исланд тили башка скандинав тилдеринен лексикалык курамы эмес, морфол. ж-а фонологиялык критерийлери б-ча айырмаланат. Демек, Г. убакыттын тилдин башка деӊгээлдерине эмес, сөздүгүнө канчалык таасир тийгизгенине жараша тилдердин бири-биринен бөлүнгөн мезгилин аныктоого мүмкүндүк берет. Лексика-статистикалык мезгил башка экстралингв. факторлорго (мис., бир тилде же диалектиде сүйлөгөндөрдүн ар кайсы жакка тарап кетүүсү ж. б.) көз каранды эмес. Г. 1948–52-ж. М. Сводеш тарабынан түзүлүп, Э. Сепирдин айрым идеяларына таянган. Сов. тил илиминде Г-нын өркүндөтүлгөн ыкмасы – белгилүү мезгил аралыгына тиешелүү тексттердеги сөздөрдү эмес, уӊгу морфемаларды (негиздерди) эсептөө сунуш кылынган. Мындай ыкма б-ча изилдөөлөр бир кыйла тагыраак жыйынтыктарды берет.
'''ГЛОТТОХРОНОЛО́ГИЯ ''' (гр. glоtta – тил, chrjnos – убакыт ж-а ''...логия'') – салыштырма-тарыхый тил илиминин тилдик өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын ж-а анын негизинде тектеш тилдердин бөлүнүшү м-н жакындык даражасын аныктап-изилдөөчү тармагы. Жакындыкты аныктоо үчүн тектеш тилдердин түрдүү деӊгээлдерин изилдеп салыштырууга да болот, бирок так сандык маалыматтар сөздүктү статистикалык изилдөө (лексика-статистика) аркылуу гана алынат. Лексика-статистикалык Глоттохронология пикирлешүүдө жыш колдонулган негизги сөздөрдүн өзгөрүү ылдамдыгынын бирдейлиги жөнүндөгү божомолдун негизинде тектеш тилдердин бөлүнүү мезгилин аныктайт. Табигый тилдердин сөздүктөрүндөгү мындай негизги сөздөрдүн катарына жактама ж-а сурама ат атоочтор, кыймылды, физиологиялык функцияны же туюмду билгизген этиштер, өлчөм-көлөмдү, түстү көрсөтүүчү сөздөр, космос көрүнүштөрүнүн, жаныбарлардын аталыштары сыяктуу сөздөр кирет. Тилдин миӊ жылдык же андан ашык мезгилдеги тарыхын иликтөөдө сөздүктөрдүн 100–200 сөздөн турган жогорудагыдай негизги топторунун 80%тен ашуун бөлүгү сакталып калары аныкталган. Бир топко кирген эки тилдин негизги сөздүк тизмектеринде сакталып калган тектеш (окшош) сөздөрдүн проценттик көрсөткүчтөрүн салыштыруу м-н, ал тилдердин бири-биринен бөлүнгөн бактысын аныктоого болот. Глоттохронологиянын жыйынтыктары лексикага гана тиешелүү болот; фонологиялык ж-а морфологиялык жактан айырмаланган тектеш диалектилери Глоттохронологиянын көз карашынан алганда өз ара айырмаланбай калат. Бирок лингвистикалык сөздүктөрдө же сөздөрдүн негизги тизмелеринде байкаларлык айырмачылыкка ээ болбогону м-н, фонологиялык ж-а морфологиялык критерийлери б-ча айырмаланган тилдер ар башка тилдер катары каралышы мүмкүн. Мисалы, исланд тили башка скандинав тилдеринен лексикалык курамы эмес, морфологиялык ж-а фонологиялык критерийлери б-ча айырмаланат. Демек, Глоттохронология убакыттын тилдин башка деӊгээлдерине эмес, сөздүгүнө канчалык таасир тийгизгенине жараша тилдердин бири-биринен бөлүнгөн мезгилин аныктоого мүмкүндүк берет. Лексика-статистикалык мезгил башка экстралингвистикалык факторлорго (мисалы, бир тилде же диалектиде сүйлөгөндөрдүн ар кайсы жакка тарап кетүүсү ж. б.) көз каранды эмес. Глоттохронология 1948–52-жылдары М. Сводеш тарабынан түзүлүп, Э. Сепирдин айрым идеяларына таянган. Советтик тил илиминде Глоттохронологиянын өркүндөтүлгөн ыкмасы – белгилүү мезгил аралыгына тиешелүү тексттердеги сөздөрдү эмес, уӊгу морфемаларды (негиздерди) эсептөө сунуш кылынган. Мындай ыкма боюнча изилдөөлөр бир кыйла тагыраак жыйынтыктарды берет.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:04, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГЛОТТОХРОНОЛО́ГИЯ (гр. glоtta – тил, chrjnos – убакыт ж-а ...логия) – салыштырма-тарыхый тил илиминин тилдик өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын ж-а анын негизинде тектеш тилдердин бөлүнүшү м-н жакындык даражасын аныктап-изилдөөчү тармагы. Жакындыкты аныктоо үчүн тектеш тилдердин түрдүү деӊгээлдерин изилдеп салыштырууга да болот, бирок так сандык маалыматтар сөздүктү статистикалык изилдөө (лексика-статистика) аркылуу гана алынат. Лексика-статистикалык Глоттохронология пикирлешүүдө жыш колдонулган негизги сөздөрдүн өзгөрүү ылдамдыгынын бирдейлиги жөнүндөгү божомолдун негизинде тектеш тилдердин бөлүнүү мезгилин аныктайт. Табигый тилдердин сөздүктөрүндөгү мындай негизги сөздөрдүн катарына жактама ж-а сурама ат атоочтор, кыймылды, физиологиялык функцияны же туюмду билгизген этиштер, өлчөм-көлөмдү, түстү көрсөтүүчү сөздөр, космос көрүнүштөрүнүн, жаныбарлардын аталыштары сыяктуу сөздөр кирет. Тилдин миӊ жылдык же андан ашык мезгилдеги тарыхын иликтөөдө сөздүктөрдүн 100–200 сөздөн турган жогорудагыдай негизги топторунун 80%тен ашуун бөлүгү сакталып калары аныкталган. Бир топко кирген эки тилдин негизги сөздүк тизмектеринде сакталып калган тектеш (окшош) сөздөрдүн проценттик көрсөткүчтөрүн салыштыруу м-н, ал тилдердин бири-биринен бөлүнгөн бактысын аныктоого болот. Глоттохронологиянын жыйынтыктары лексикага гана тиешелүү болот; фонологиялык ж-а морфологиялык жактан айырмаланган тектеш диалектилери Глоттохронологиянын көз карашынан алганда өз ара айырмаланбай калат. Бирок лингвистикалык сөздүктөрдө же сөздөрдүн негизги тизмелеринде байкаларлык айырмачылыкка ээ болбогону м-н, фонологиялык ж-а морфологиялык критерийлери б-ча айырмаланган тилдер ар башка тилдер катары каралышы мүмкүн. Мисалы, исланд тили башка скандинав тилдеринен лексикалык курамы эмес, морфологиялык ж-а фонологиялык критерийлери б-ча айырмаланат. Демек, Глоттохронология убакыттын тилдин башка деӊгээлдерине эмес, сөздүгүнө канчалык таасир тийгизгенине жараша тилдердин бири-биринен бөлүнгөн мезгилин аныктоого мүмкүндүк берет. Лексика-статистикалык мезгил башка экстралингвистикалык факторлорго (мисалы, бир тилде же диалектиде сүйлөгөндөрдүн ар кайсы жакка тарап кетүүсү ж. б.) көз каранды эмес. Глоттохронология 1948–52-жылдары М. Сводеш тарабынан түзүлүп, Э. Сепирдин айрым идеяларына таянган. Советтик тил илиминде Глоттохронологиянын өркүндөтүлгөн ыкмасы – белгилүү мезгил аралыгына тиешелүү тексттердеги сөздөрдү эмес, уӊгу морфемаларды (негиздерди) эсептөө сунуш кылынган. Мындай ыкма боюнча изилдөөлөр бир кыйла тагыраак жыйынтыктарды берет.