ГОББС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГОББС ''' (Hobbes) Томас (5. 4. 1588, Уэстпорт, Уилтшир графтыгы – 4. 12. 1679, Хардуик-Холл, Дербишир графтыгы) – англ. философ, метафизиканын механикачыл системасын толук, жеткире иштеп чыгып, негиздеген. Анын негизи эмгектери: «Дене жөнүндө» (1655), «Адам жөнүндө» (1658), «Жаран жөнүндө» (1642) – филос. үчилтиги, «Левиафан» (1651) ж. б. Г-тун көз карашы б-ча геометрия ж-а механика илимдери – ил. ой жүгүртүүнүн идеалдык үлгүлөрү. Жаратылыш деген чоӊдугу, түспөлү, абалы ж-а кыймылы (козголуп жылышы) б-ча айырмаланган көлөмдүү (узун-туурасы бар) дене тулкулардын жыйындысы. Г. тааным «идеялардын» жардамы м-н ишке ашат дейт. Бул идеялардын булагы – тышкы дүйнө. Демек, эч бир идея тубаса болбойт, билим, тажрыйба аркылуу алынат, «бардык илим туюмдардан келип чыгат». Рационалдуу илим – бул тилдин ж-а сөздөр аркылуу берилүүчү чыныгы же жалган туюм-сезимдердин, ойлондуруучу сөздөрдүн өзүнчө бир айкалыштары аркылуу түзүлөт, туюмдардан тышкары эч нерсе жок болгондуктан, бул сөздөр туюмдар аркылуу гана белгиленет. Г. таанып билүүнүн ''дедукция, индукция'' методдорун айырмалаган. Укук ж-а мамлекет ж-дөгү окуусунда Г. коом кудайдын кудурети м-н пайда болгон деген теорияны четке каккан.
'''ГОББС ''' (Hobbes) '''Томас''' (5. 4. 1588, Уэстпорт, Уилтшир графтыгы – 4. 12. 1679, Хардуик-Холл, Дербишир графтыгы) – англиялык философ, метафизиканын механикачыл системасын толук, жеткире иштеп чыгып, негиздеген. Анын негизи эмгектери: «Дене жөнүндө» (1655), «Адам жөнүндө» (1658), «Жаран жөнүндө» (1642) – философиялык үчилтиги, «Левиафан» (1651) ж. б. Гоббстун көз карашы боюнча геометрия ж-а механика илимдери – илимий ой жүгүртүүнүн идеалдык үлгүлөрү. Жаратылыш деген чоӊдугу, түспөлү, абалы ж-а кыймылы (козголуп жылышы) боюнча айырмаланган көлөмдүү (узун-туурасы бар) дене тулкулардын жыйындысы. Гоббс тааным «идеялардын» жардамы м-н ишке ашат дейт. Бул идеялардын булагы – тышкы дүйнө. Демек, эч бир идея тубаса болбойт, билим, тажрыйба аркылуу алынат, «бардык илим туюмдардан келип чыгат». Рационалдуу илим – бул тилдин ж-а сөздөр аркылуу берилүүчү чыныгы же жалган туюм-сезимдердин, ойлондуруучу сөздөрдүн өзүнчө бир айкалыштары аркылуу түзүлөт, туюмдардан тышкары эч нерсе жок болгондуктан, бул сөздөр туюмдар аркылуу гана белгиленет. Гоббс таанып билүүнүн ''дедукция, индукция'' методдорун айырмалаган. Укук ж-а мамлекет жөнүндөгү окуусунда Гоббс коом кудайдын кудурети м-н пайда болгон деген теорияны четке каккан.
<br/>''Т. Эсенгелдиев''.
 
<br />''Т. Эсенгелдиев''.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:37, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГОББС (Hobbes) Томас (5. 4. 1588, Уэстпорт, Уилтшир графтыгы – 4. 12. 1679, Хардуик-Холл, Дербишир графтыгы) – англиялык философ, метафизиканын механикачыл системасын толук, жеткире иштеп чыгып, негиздеген. Анын негизи эмгектери: «Дене жөнүндө» (1655), «Адам жөнүндө» (1658), «Жаран жөнүндө» (1642) – философиялык үчилтиги, «Левиафан» (1651) ж. б. Гоббстун көз карашы боюнча геометрия ж-а механика илимдери – илимий ой жүгүртүүнүн идеалдык үлгүлөрү. Жаратылыш деген чоӊдугу, түспөлү, абалы ж-а кыймылы (козголуп жылышы) боюнча айырмаланган көлөмдүү (узун-туурасы бар) дене тулкулардын жыйындысы. Гоббс тааным «идеялардын» жардамы м-н ишке ашат дейт. Бул идеялардын булагы – тышкы дүйнө. Демек, эч бир идея тубаса болбойт, билим, тажрыйба аркылуу алынат, «бардык илим туюмдардан келип чыгат». Рационалдуу илим – бул тилдин ж-а сөздөр аркылуу берилүүчү чыныгы же жалган туюм-сезимдердин, ойлондуруучу сөздөрдүн өзүнчө бир айкалыштары аркылуу түзүлөт, туюмдардан тышкары эч нерсе жок болгондуктан, бул сөздөр туюмдар аркылуу гана белгиленет. Гоббс таанып билүүнүн дедукция, индукция методдорун айырмалаган. Укук ж-а мамлекет жөнүндөгү окуусунда Гоббс коом кудайдын кудурети м-н пайда болгон деген теорияны четке каккан.


Т. Эсенгелдиев.