ГОБИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГО́БИ ''' (монголчо говь – суусуз, какшыган жер) – | '''ГО́БИ ''' (монголчо говь – суусуз, какшыган жер) – Борбордук Азиянын түндүк ж-а түндүк-чыгышындагы чөлдүү, жарым чөлдүү аймак. Монголия м-н Кытайдын аймагында. Түндүгүнөн Монгол Алтайы ж-а Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань ж-а Алтынтаг тоолору м-н чектешет. Узундугу 2000 ''км''дей, туурасы 400 ''км''ге чейин. Аянты 2 млн ''км''<sup>2</sup>дей. Басымдуу бөлүгү – бийиктиги 900–1200 ''м''ге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу ж-а кумдуу чөлдөр, оёӊдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик; жайкы (45°С) ж-а кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 ''мм''. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал ж-а баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө ж-а эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги – мал-чарбачылык<br/> | ||
<br/> | [[File:ГОБИ54.png | thumb | Гоби чөлүнүн ландшафты.]](төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык өнүккөн. Монголиянын чегинде Чоӊ Гоби коругу уюшулган. | ||
[[File:ГОБИ54.png | thumb | Гоби чөлүнүн ландшафты.]] | |||
<br/>Ад.: ''Мурзаев Э. М.'' Монгольская Народная Республика. 2-ое изд. М., 1952; ''Петров М. П.'' Пустыни Центральной Азии. Т. 1–2, М.; Л., 1966–67; Физическая география материков и океанов. М., 1988. | <br/>Ад.: ''Мурзаев Э. М.'' Монгольская Народная Республика. 2-ое изд. М., 1952; ''Петров М. П.'' Пустыни Центральной Азии. Т. 1–2, М.; Л., 1966–67; Физическая география материков и океанов. М., 1988. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:43, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГО́БИ (монголчо говь – суусуз, какшыган жер) – Борбордук Азиянын түндүк ж-а түндүк-чыгышындагы чөлдүү, жарым чөлдүү аймак. Монголия м-н Кытайдын аймагында. Түндүгүнөн Монгол Алтайы ж-а Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань ж-а Алтынтаг тоолору м-н чектешет. Узундугу 2000 кмдей, туурасы 400 кмге чейин. Аянты 2 млн км2дей. Басымдуу бөлүгү – бийиктиги 900–1200 мге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу ж-а кумдуу чөлдөр, оёӊдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик; жайкы (45°С) ж-а кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал ж-а баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө ж-а эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги – мал-чарбачылык

(төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык өнүккөн. Монголиянын чегинде Чоӊ Гоби коругу уюшулган.
Ад.: Мурзаев Э. М. Монгольская Народная Республика. 2-ое изд. М., 1952; Петров М. П. Пустыни Центральной Азии. Т. 1–2, М.; Л., 1966–67; Физическая география материков и океанов. М., 1988.