ГОГОЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГО́ГОЛЬ ''' Николай Васильевич [20. 3 (1. 4). 1809, Полтава губерниясы, Миргород уезди, Чоӊ Сорочинцы | '''ГО́ГОЛЬ ''' '''Николай Васильевич''' [20. 3 (1. 4). 1809, Полтава губерниясы, Миргород уезди, Чоӊ Сорочинцы кыштагы. – 21. 2 (4. 3). 1852, Москва шаары] – орус жазуучусу, акын драматург, сынчы, публицист. Нежин жогорку илимдер гимназиясында окуган (1821–1828). 1834-жылдан Санкт-Петербург университетинин жалпы тарых кафедрасында, 1836-жылдан «Современник» журналында иштеген. Париж, Рим, Санкт-Петербург, Одесса, Москва шаарларында жашаган. 1829-жылы жазылган «Ганц Кюхельгартен» идиллиясы ийгиликтүү чыкпай калат. 1831-жылы А. С. ''Пушкин'' менен таанышуусу анын жазуучу катары калыптанышына түрткү берген.Н. В. Гоголь «Диканька хуторунун жанындагы кечелер» аттуу чыгармасы (1831–1832) аркылуу белгилүү болгон. 1835-жылы жарыяланган «Арабески», «Миргород» жыйнактары В. Г. ''Белинский'' тарабынан жогору бааланган. Н. Гоголь драматург катары да таанылган. Анын драмалык чыгармаларынын эӊ мыктысы – «Текшерүүчү» 1836-жылы жарыкка чыккан жана театрда коюлган. 1836-жылдан Римде жашап, «Өлүү жандар» роман-поэмасын жаза баштаган. Анын 1-тому (1842) журтчулукка «Текшерүүчүдөн» да күчтүүрөөк таасир калтырган. «Өлүү жандарга» удаалаш «Шинель» повестин жарыялаган. Ал эки чыгарма орус адабиятындагы сын реализминин өзүнчө бир манифести болгон. Гоголь өзүнө чейинки жазуучулар анчалык барк албаган турмуштук материалды сүрөттөөгө көп көӊүл бурган. Анын чыгармалары Россиядагы феодалдык мамилелердин өз күнүн жашап бүткөнүн айкындап, орус сын реализминин андан ары өсүп-өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Улуу жазуучу жараткан коомдун түрдүү катмарларынын типтүү өкүлдөрүнүн классикалык образдары кийинки доорлордун окурмандары үчүн чыныгы «бейтааныш тааныштарга» (Белинский) айланууда. Гоголдун чыгармалары кыргыз окурмандары менен көрүүчүлөрүнө кеӊири белгилүү. Анын «Текшерүүчү» комедиясы 1929-жылы кыргыз театр студиясында, 30-жылдарда «Үйлөнүү» комедиясы кыргыз сахнасында ийгилик менен коюлган. «Шинель» (1952), «Өлүү жандар» (1953), «Тарас Бульба» (1954), «Иван Иванович Иван Никифорович менен кантип чатакташкандыгы тууралуу повесть» жана башка прозалык чыгармалары, ошондой эле чыгармаларынын 2 томдугу (1959) кыргыз тилинде басылып чыккан. | ||
Ад.: ''Белинский В. Г.'' О Гоголе. Статьи, рецензии, письма. М., 1949; ''Храпченко М. Б.'' Творчество Гоголя. М., 1959. | |||
[[File:ГОГОЛЬ57.png | thumb | Н. В. Гоголь. Ф. А. Моллер тарткан портрет.|left|328x328px]] | |||
[[Файл:Гоголь жана театр.jpg|thumb|431x431px|Гоголь жана театр.]] | |||
[[Файл:Кыргыз театры.jpg|center|thumb|Н. В. Гоголдун «Үйлөнүү» пьесасы кыргыз сахнасында]] | |||
<br /> | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:54, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГО́ГОЛЬ Николай Васильевич [20. 3 (1. 4). 1809, Полтава губерниясы, Миргород уезди, Чоӊ Сорочинцы кыштагы. – 21. 2 (4. 3). 1852, Москва шаары] – орус жазуучусу, акын драматург, сынчы, публицист. Нежин жогорку илимдер гимназиясында окуган (1821–1828). 1834-жылдан Санкт-Петербург университетинин жалпы тарых кафедрасында, 1836-жылдан «Современник» журналында иштеген. Париж, Рим, Санкт-Петербург, Одесса, Москва шаарларында жашаган. 1829-жылы жазылган «Ганц Кюхельгартен» идиллиясы ийгиликтүү чыкпай калат. 1831-жылы А. С. Пушкин менен таанышуусу анын жазуучу катары калыптанышына түрткү берген.Н. В. Гоголь «Диканька хуторунун жанындагы кечелер» аттуу чыгармасы (1831–1832) аркылуу белгилүү болгон. 1835-жылы жарыяланган «Арабески», «Миргород» жыйнактары В. Г. Белинский тарабынан жогору бааланган. Н. Гоголь драматург катары да таанылган. Анын драмалык чыгармаларынын эӊ мыктысы – «Текшерүүчү» 1836-жылы жарыкка чыккан жана театрда коюлган. 1836-жылдан Римде жашап, «Өлүү жандар» роман-поэмасын жаза баштаган. Анын 1-тому (1842) журтчулукка «Текшерүүчүдөн» да күчтүүрөөк таасир калтырган. «Өлүү жандарга» удаалаш «Шинель» повестин жарыялаган. Ал эки чыгарма орус адабиятындагы сын реализминин өзүнчө бир манифести болгон. Гоголь өзүнө чейинки жазуучулар анчалык барк албаган турмуштук материалды сүрөттөөгө көп көӊүл бурган. Анын чыгармалары Россиядагы феодалдык мамилелердин өз күнүн жашап бүткөнүн айкындап, орус сын реализминин андан ары өсүп-өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Улуу жазуучу жараткан коомдун түрдүү катмарларынын типтүү өкүлдөрүнүн классикалык образдары кийинки доорлордун окурмандары үчүн чыныгы «бейтааныш тааныштарга» (Белинский) айланууда. Гоголдун чыгармалары кыргыз окурмандары менен көрүүчүлөрүнө кеӊири белгилүү. Анын «Текшерүүчү» комедиясы 1929-жылы кыргыз театр студиясында, 30-жылдарда «Үйлөнүү» комедиясы кыргыз сахнасында ийгилик менен коюлган. «Шинель» (1952), «Өлүү жандар» (1953), «Тарас Бульба» (1954), «Иван Иванович Иван Никифорович менен кантип чатакташкандыгы тууралуу повесть» жана башка прозалык чыгармалары, ошондой эле чыгармаларынын 2 томдугу (1959) кыргыз тилинде басылып чыккан.
Ад.: Белинский В. Г. О Гоголе. Статьи, рецензии, письма. М., 1949; Храпченко М. Б. Творчество Гоголя. М., 1959.


