ГОНДВАНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГОНДВА́НА ''' (Индиянын Гонд уруусу м-н Вана табигый аймагынын атынан) – орто ж-а жогорку палеозойдо, о. эле алгачкы мезозойдо Түш. жарым шарда орун алган гипотезалык зор материк. Австр. геолог Э. Зюсс (1831–1914) карбонпермдеги суперматерикти да Г. деп атаган. Ага Түш. Американын басымдуу бөлүгү (Анд тоолорунун чыгышы), Африка (Атлас тоолорунан тышкары), Арабстан, Индстан жарым аралдары (Гималай тоолорунан түштүгүрөөк жайгашкан аймак), Австралия (Чыгыш кырка тоолорунун батышы) ж-а Антарктида кирип, зор материкти түзгөн. Г. палеозойдун аягында, триаста ж-а юрада болгон трансгрессиянын негизинде (Инди океаны аркылуу) Түш. жарым шардагы материктерге ажыраган. Г-нын болгондугун карбон мезгилиндеги муз каптоонун калдыктары – корумдары (тиллит тоо тектери), флювий-гляциалдык (муз-суудагы) шагылдар, о. эле алардын арасында катып калган өсүмдүктөрдүн түрлөрү – глоссоптериялык флора, пермь мезгилинин фаунасы ж. б. далилдеп турат. Акыркы мезгилдеги глобалдык тектон. кыймылдар да Г-нын болгонун айгинелейт. Г-нын Түн. Жарым шардагы антиподу – ''Лавразия. К. Сагындыков.''
'''ГОНДВА́НА ''' (Индиянын Гонд уруусу м-н Вана табигый аймагынын атынан) – орто ж-а жогорку палеозойдо, ошондой эле алгачкы мезозойдо Түштүк жарым шарда орун алган гипотезалык зор материк. Австриялык геолог Э. Зюсс (1831–1914) карбонпермдеги суперматерикти да Гондвана деп атаган. Ага Түштүк Американын басымдуу бөлүгү (Анд тоолорунун чыгышы), Африка (Атлас тоолорунан тышкары), Арабстан, Индстан жарым аралдары (Гималай тоолорунан түштүгүрөөк жайгашкан аймак), Австралия (Чыгыш кырка тоолорунун батышы) ж-а Антарктида кирип, зор материкти түзгөн. Гондвана палеозойдун аягында, триаста ж-а юрада болгон трансгрессиянын негизинде (Инди океаны аркылуу) Түштүк жарым шардагы материктерге ажыраган. Гондвананын болгондугун карбон мезгилиндеги муз каптоонун калдыктары – корумдары (тиллит тоо тектери), флювий-гляциалдык (муз-суудагы) шагылдар, ошондой эле алардын арасында катып калган өсүмдүктөрдүн түрлөрү – глоссоптериялык флора, пермь мезгилинин фаунасы ж. б. далилдеп турат. Акыркы мезгилдеги глобалдык тектоникалык кыймылдар да Гондвананын болгонун айгинелейт. Гондвананын Түндүк Жарым шардагы антиподу – ''Лавразия.''
 
''К. Сагындыков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:58, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГОНДВА́НА (Индиянын Гонд уруусу м-н Вана табигый аймагынын атынан) – орто ж-а жогорку палеозойдо, ошондой эле алгачкы мезозойдо Түштүк жарым шарда орун алган гипотезалык зор материк. Австриялык геолог Э. Зюсс (1831–1914) карбонпермдеги суперматерикти да Гондвана деп атаган. Ага Түштүк Американын басымдуу бөлүгү (Анд тоолорунун чыгышы), Африка (Атлас тоолорунан тышкары), Арабстан, Индстан жарым аралдары (Гималай тоолорунан түштүгүрөөк жайгашкан аймак), Австралия (Чыгыш кырка тоолорунун батышы) ж-а Антарктида кирип, зор материкти түзгөн. Гондвана палеозойдун аягында, триаста ж-а юрада болгон трансгрессиянын негизинде (Инди океаны аркылуу) Түштүк жарым шардагы материктерге ажыраган. Гондвананын болгондугун карбон мезгилиндеги муз каптоонун калдыктары – корумдары (тиллит тоо тектери), флювий-гляциалдык (муз-суудагы) шагылдар, ошондой эле алардын арасында катып калган өсүмдүктөрдүн түрлөрү – глоссоптериялык флора, пермь мезгилинин фаунасы ж. б. далилдеп турат. Акыркы мезгилдеги глобалдык тектоникалык кыймылдар да Гондвананын болгонун айгинелейт. Гондвананын Түндүк Жарым шардагы антиподу – Лавразия.

К. Сагындыков.