ГОРЬКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГО́РЬКИЙ ''' Максим (чыныгы аты-жөнү – Алексей Максимович П е ш к о в) [16(28). 3. 1868, Нижний Новгород – 18. 6. 1936, Москванын жаны, Горки] – жазуучу. Өз алдынча окуп билим алган. Ата-энесинен эрте ажырап, өспүрүм чагынан көрүнгөндүн колунда жүргөн. Народниктердин жашыруун ийримине катышып, жумушчу-дыйкандар арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн. 1889-жылкы камактан кийин полициянын көзөмөлүнө түшкөн. | '''ГО́РЬКИЙ ''' '''Максим''' (чыныгы аты-жөнү – Алексей Максимович П е ш к о в) [16 (28). 3. 1868, Нижний Новгород – 18. 6. 1936, Москванын жаны, Горки] – жазуучу. Өз алдынча окуп билим алган. Ата-энесинен эрте ажырап, өспүрүм чагынан көрүнгөндүн колунда жүргөн. Народниктердин жашыруун ийримине катышып, жумушчу-дыйкандар арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн. 1889-жылкы камактан кийин полициянын көзөмөлүнө түшкөн. 1888–1889- жана 1891–1992-жылдары Россиянын көп жерин кыдырып чыккан. Туӊгуч жарык көргөн аӊгемеси – «Макар Чудра» (1892). Очерк, аӊгемелеринде мещандарды ашкерелеп, жарды-жалчы менен жумушчулардын мүдөөсүн жактаган. Реалисттик аӊгемелеринде («Коновалов», «Челкаш» жана башкалар) жаӊы социалдык-саясий аӊ-сезимдин белгилерин, жекече бунтарлыктын түбү боштугун көрсөткөн. М. Горькийдин айтылуу аллегориялык, романтикалык образдары («Изергиль кемпир», 1895; «Шумкар жөнүндө ыр», 1899; «Бороон кабарчысы жөнүндө ыр», 1901) революциялык пафоско жык толгон. Максим Горькийдин ошол учурдагы романдары менен | ||
[[File:ГОРЬКИЙ81.png | thumb | М. Горький. И. И. Бродский тарткан портрет. 1935.|left|411x411px]] | |||
пьесаларында реализм калыптана баштайт («Фома Гордеев», 1899; «Үчөө», 1900). 1899–1900-жылдары Горький Л. Н. ''Толстой'' жана А. П. ''Чехов'' менен таанышат. Алар Горькийдин талантына жогору баа беришкен.
Революция күчөгөн жылдарда анын пьесаларынын Москва көркөм театрында коюлушу коомдук зор окуяга айланып, падышачылыкка каршы манифестациялардын чыгышына себеп болот. «Мещандар» (1901) пьесасында орус жумушчусу биринчи жолу тарыхтын жаӊы каарманы катары көрсөтүлсө, «Түпкүрдө» пьесасы (1902) менен «Адам» лирикалык поэмасында (1903) адамдын улуулугу, чыгармачыл эс-акылы даӊазаланат. 1905-жылы революциялык иши үчүн М. Горький Петропавловск чебине камалып, андан дүйнөлүк коомчулуктун кысымы менен бошотулган. 1905–1907-жылдары революция мезгилинде «Душмандар» пьесасын жана «Эне» романын жазган. Ал роман көп тилдерге которулган. 1906–1913-жылдары Горький Италияда (Капри аралында) жашаган. 1910-жылдарда «Италия жөнүндө жомокторун» (1910–1911), таржымал повесттерин жазган. Ал 1913-жылы Россияга кайтып келген. «Звезда», «Правда» гезиттеринин жана «Просвещение» журналынын ишине катышкан. 1914-жылкы дүйнөлүк согушту айыптап, ага каршы «Летопись» журналын негиздеген. 1918–1921-жылдары «Всемирная литература» басмасын уюштурган. 1922-жылы таржымал чыгармасынын уландысы «Менин университеттерим» повестин жазган. Ошол эле жылдары ал Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, В. Г. Короленко, Л. Б. Красин жана башкалардын адабий портреттерин жараткан. 1925-жылы жарыяланган «Артамоновдордун иши» романында 1861-жылкы реформадан Октябрь революциясына чейинки буржуй үй-бүлөнүн тарыхы баяндалган. 1920–1930-жылдары Максим Горький тынчтык, демократияны бекемдөө, адабиятта реализм методун жайылтуу үчүн зор иштерди жүргүзгөн; советтик жазуучулардын Бүткүл союздук 1-съездин (1934) уюштуруп, ага жетекчилик кылган; СССР элдеринин адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө зор көмөк көрсөткөн. «Егор Булычов жана башкалар» (1932), «Достигаев жана башкалар» (1933), «Васса Железнова» (1935, 2-редакциясы) пьесаларын жазган. Горькийдин эӊ акыркы чыгармасы – «Клим Самгиндин өмүрү» (1925–1936; төртүнчү бөлүгү бүтпөй калган) деген роман-эпопея. Мында орус турмушунун кырк жылдык тарыхый окуялары, доордун курч идеялык-коомдук күрөшү жана карама-каршылыктары революциялык өнүгүштө сүрөттөлгөн. М. Горький көркөм сөздүн улуу сүрөткери гана эмес, залкар публицист жана сынчы болгон. Улуттук маданият үчүн эмгектин ролу, фольклордун мааниси адабияттын активдүү гуманизми жана элдүүлүгү жөнүндөгү Горькийдин ой-пикирлери реализмдин теориялык негизин түзүүдө зор таяныч болгон. Максим Горькийдин чыгармачылыгынын дүйнөлүк мааниси бар. Кыргыз совет адабиятынын жаралышы жана калыптанышы, анын негизги идеялык эстетикалык принциптери менен жанрларынын иштелип чыгышы үчүн Горькийдин адабий жана теориялык мурастары өтө чоӊ роль ойногон. М. Горькийдин чыгармаларын которууда У. Абдукаимов, К. Баялинов, С. Бектурсунов, М. Дөгдүров, Х. Карасаев, Т. Саманчин жана башкалар көп эмгек сиӊиришкен. | |||
(1892). Очерк, аӊгемелеринде мещандарды ашкерелеп, жарды-жалчы | |||

Чыг.: Собр. соч., Т. 1–30. М., 1949–56; Архив А. М. Горького. 1–30. М., 1939–71; Чыгармалар жыйнагы. 1–7-т. Ф., 1956–61; Эне. Ф., 1952; Балачак. Ф., 1954; Көрүнгөндүн колунда. Ф., 1954; Менин университеттерим. Ф., 1958. |
Чыг.: Собр. соч., Т. 1–30. М., 1949–56; Архив А. М. Горького. 1–30. М., 1939–71; Чыгармалар жыйнагы. 1–7-т. Ф., 1956–61; Эне. Ф., 1952; Балачак. Ф., 1954; Көрүнгөндүн колунда. Ф., 1954; Менин университеттерим. Ф., 1958.
Ад.: ''Самаганов Ж.'' Максим Горький. Ф., 1966; ''Бурсов Б.'' Роман М. Горького «Мать» и вопросы социалистического реализма. М.; Л., 1962. | ||

Ад.: ''Самаганов Ж.'' Максим Горький. Ф., 1966; ''Бурсов Б.'' Роман М. Горького «Мать» и вопросы социалистического реализма. М.; Л., 1962. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:21, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГО́РЬКИЙ Максим (чыныгы аты-жөнү – Алексей Максимович П е ш к о в) [16 (28). 3. 1868, Нижний Новгород – 18. 6. 1936, Москванын жаны, Горки] – жазуучу. Өз алдынча окуп билим алган. Ата-энесинен эрте ажырап, өспүрүм чагынан көрүнгөндүн колунда жүргөн. Народниктердин жашыруун ийримине катышып, жумушчу-дыйкандар арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн. 1889-жылкы камактан кийин полициянын көзөмөлүнө түшкөн. 1888–1889- жана 1891–1992-жылдары Россиянын көп жерин кыдырып чыккан. Туӊгуч жарык көргөн аӊгемеси – «Макар Чудра» (1892). Очерк, аӊгемелеринде мещандарды ашкерелеп, жарды-жалчы менен жумушчулардын мүдөөсүн жактаган. Реалисттик аӊгемелеринде («Коновалов», «Челкаш» жана башкалар) жаӊы социалдык-саясий аӊ-сезимдин белгилерин, жекече бунтарлыктын түбү боштугун көрсөткөн. М. Горькийдин айтылуу аллегориялык, романтикалык образдары («Изергиль кемпир», 1895; «Шумкар жөнүндө ыр», 1899; «Бороон кабарчысы жөнүндө ыр», 1901) революциялык пафоско жык толгон. Максим Горькийдин ошол учурдагы романдары менен

пьесаларында реализм калыптана баштайт («Фома Гордеев», 1899; «Үчөө», 1900). 1899–1900-жылдары Горький Л. Н. Толстой жана А. П. Чехов менен таанышат. Алар Горькийдин талантына жогору баа беришкен.
Революция күчөгөн жылдарда анын пьесаларынын Москва көркөм театрында коюлушу коомдук зор окуяга айланып, падышачылыкка каршы манифестациялардын чыгышына себеп болот. «Мещандар» (1901) пьесасында орус жумушчусу биринчи жолу тарыхтын жаӊы каарманы катары көрсөтүлсө, «Түпкүрдө» пьесасы (1902) менен «Адам» лирикалык поэмасында (1903) адамдын улуулугу, чыгармачыл эс-акылы даӊазаланат. 1905-жылы революциялык иши үчүн М. Горький Петропавловск чебине камалып, андан дүйнөлүк коомчулуктун кысымы менен бошотулган. 1905–1907-жылдары революция мезгилинде «Душмандар» пьесасын жана «Эне» романын жазган. Ал роман көп тилдерге которулган. 1906–1913-жылдары Горький Италияда (Капри аралында) жашаган. 1910-жылдарда «Италия жөнүндө жомокторун» (1910–1911), таржымал повесттерин жазган. Ал 1913-жылы Россияга кайтып келген. «Звезда», «Правда» гезиттеринин жана «Просвещение» журналынын ишине катышкан. 1914-жылкы дүйнөлүк согушту айыптап, ага каршы «Летопись» журналын негиздеген. 1918–1921-жылдары «Всемирная литература» басмасын уюштурган. 1922-жылы таржымал чыгармасынын уландысы «Менин университеттерим» повестин жазган. Ошол эле жылдары ал Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, В. Г. Короленко, Л. Б. Красин жана башкалардын адабий портреттерин жараткан. 1925-жылы жарыяланган «Артамоновдордун иши» романында 1861-жылкы реформадан Октябрь революциясына чейинки буржуй үй-бүлөнүн тарыхы баяндалган. 1920–1930-жылдары Максим Горький тынчтык, демократияны бекемдөө, адабиятта реализм методун жайылтуу үчүн зор иштерди жүргүзгөн; советтик жазуучулардын Бүткүл союздук 1-съездин (1934) уюштуруп, ага жетекчилик кылган; СССР элдеринин адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө зор көмөк көрсөткөн. «Егор Булычов жана башкалар» (1932), «Достигаев жана башкалар» (1933), «Васса Железнова» (1935, 2-редакциясы) пьесаларын жазган. Горькийдин эӊ акыркы чыгармасы – «Клим Самгиндин өмүрү» (1925–1936; төртүнчү бөлүгү бүтпөй калган) деген роман-эпопея. Мында орус турмушунун кырк жылдык тарыхый окуялары, доордун курч идеялык-коомдук күрөшү жана карама-каршылыктары революциялык өнүгүштө сүрөттөлгөн. М. Горький көркөм сөздүн улуу сүрөткери гана эмес, залкар публицист жана сынчы болгон. Улуттук маданият үчүн эмгектин ролу, фольклордун мааниси адабияттын активдүү гуманизми жана элдүүлүгү жөнүндөгү Горькийдин ой-пикирлери реализмдин теориялык негизин түзүүдө зор таяныч болгон. Максим Горькийдин чыгармачылыгынын дүйнөлүк мааниси бар. Кыргыз совет адабиятынын жаралышы жана калыптанышы, анын негизги идеялык эстетикалык принциптери менен жанрларынын иштелип чыгышы үчүн Горькийдин адабий жана теориялык мурастары өтө чоӊ роль ойногон. М. Горькийдин чыгармаларын которууда У. Абдукаимов, К. Баялинов, С. Бектурсунов, М. Дөгдүров, Х. Карасаев, Т. Саманчин жана башкалар көп эмгек сиӊиришкен.
Чыг.: Собр. соч., Т. 1–30. М., 1949–56; Архив А. М. Горького. 1–30. М., 1939–71; Чыгармалар жыйнагы. 1–7-т. Ф., 1956–61; Эне. Ф., 1952; Балачак. Ф., 1954; Көрүнгөндүн колунда. Ф., 1954; Менин университеттерим. Ф., 1958.
Ад.: Самаганов Ж. Максим Горький. Ф., 1966; Бурсов Б. Роман М. Горького «Мать» и вопросы социалистического реализма. М.; Л., 1962.