ГРАКХТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГРАКХТАР, ''' бир тууган Т и б е р и й (б. з. ч. 163, Рим – б. з. ч. 133, ошол эле жер) ж-а Г а й (б. з. ч. 153, Рим – б. з. ч. 121, ошол эле жер) – Байыркы Римдеги саясий-мамл. ишмерлер. Тектүү ак сөөк үй-бүлөдөн чыгышкан, мыкты билим алышкан. Тиберийдин мамл. жерди пайдаланууну чектөө ж-дө киргизген мыйзам долбоорун элдик чогулуш кабыл алган. Аны жүзөгө ашыруу үчүн агрардык комиссия түзүлүп, бирок ага ири жер ээлери, сенат каршы чыгып, Тиберий элдик трибунду шайлоо убагында падыша болууга умтулган деген жалаа м-н өлтүрүлгөн. Б. з. ч. 123- ж-а 122-ж. элдик трибун болуп шайланган Гай бир тууганы Тиберийдин агрардык мыйзамын калыбына келтирип, башка демокр. реформаларды да жүргүзгөн. Агрардык реформаны италиялык союздаштарына да таратууну, аларга Рим жаранынын укугун берүү мыйзамын сунуш кылган. Бул долбоор Сенаттын, шаардык ж-а кыштактык плебстердин каршылыгын туудурган. Г. бул реформалар м-н Рим дыйкандарынын жакырдануусун токтотууга аракеттенген. Агрардык реформанын натыйжасында 80 жаран жер алган. Бирок, бул реформалар убактылуу гана ийгиликке жетишкен. Б. з. ч. 111-жылдагы мыйзам б-ча сатылган мамл. жер жеке менчикке айланган.
'''ГРАКХТАР, ''' бир тууган Т и б е р и й (б. з. ч. 163, Рим – б. з. ч. 133, ошол эле жер) ж-а Г а й (б. з. ч. 153, Рим – б. з. ч. 121, ошол эле жер) – Байыркы Римдеги саясий-мамлекеттик ишмерлер. Тектүү ак сөөк үй-бүлөдөн чыгышкан, мыкты билим алышкан. Тиберийдин мамлекеттик жерди пайдаланууну чектөө ж-дө киргизген мыйзам долбоорун элдик чогулуш кабыл алган. Аны жүзөгө ашыруу үчүн агрардык комиссия түзүлүп, бирок ага ири жер ээлери, сенат каршы чыгып, Тиберий элдик трибунду шайлоо убагында падыша болууга умтулган деген жалаа м-н өлтүрүлгөн. Б. з. ч. 123- ж-а 122-жылдары элдик трибун болуп шайланган Гай бир тууганы Тиберийдин агрардык мыйзамын калыбына келтирип, башка демократиялык реформаларды да жүргүзгөн. Агрардык реформаны италиялык союздаштарына да таратууну, аларга Рим жаранынын укугун берүү мыйзамын сунуш кылган. Бул долбоор Сенаттын, шаардык ж-а кыштактык плебстердин каршылыгын туудурган. Гракхтар бул реформалар м-н Рим дыйкандарынын жакырдануусун токтотууга аракеттенген. Агрардык реформанын натыйжасында 80 жаран жер алган. Бирок, бул реформалар убактылуу гана ийгиликке жетишкен. Б. з. ч. 111-жылдагы мыйзам б-ча сатылган мамлекеттик жер жеке менчикке айланган.
<br/>Ад.: ''Сергеенко М. Е.'' Земельная реформа Тиберия Гракха и рассказ Аппиана//Вестник древней истории. 1958, ¹ 2.
 
<br />Ад.: ''Сергеенко М. Е.'' Земельная реформа Тиберия Гракха и рассказ Аппиана//Вестник древней истории. 1958, ¹ 2.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:08, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРАКХТАР, бир тууган Т и б е р и й (б. з. ч. 163, Рим – б. з. ч. 133, ошол эле жер) ж-а Г а й (б. з. ч. 153, Рим – б. з. ч. 121, ошол эле жер) – Байыркы Римдеги саясий-мамлекеттик ишмерлер. Тектүү ак сөөк үй-бүлөдөн чыгышкан, мыкты билим алышкан. Тиберийдин мамлекеттик жерди пайдаланууну чектөө ж-дө киргизген мыйзам долбоорун элдик чогулуш кабыл алган. Аны жүзөгө ашыруу үчүн агрардык комиссия түзүлүп, бирок ага ири жер ээлери, сенат каршы чыгып, Тиберий элдик трибунду шайлоо убагында падыша болууга умтулган деген жалаа м-н өлтүрүлгөн. Б. з. ч. 123- ж-а 122-жылдары элдик трибун болуп шайланган Гай бир тууганы Тиберийдин агрардык мыйзамын калыбына келтирип, башка демократиялык реформаларды да жүргүзгөн. Агрардык реформаны италиялык союздаштарына да таратууну, аларга Рим жаранынын укугун берүү мыйзамын сунуш кылган. Бул долбоор Сенаттын, шаардык ж-а кыштактык плебстердин каршылыгын туудурган. Гракхтар бул реформалар м-н Рим дыйкандарынын жакырдануусун токтотууга аракеттенген. Агрардык реформанын натыйжасында 80 жаран жер алган. Бирок, бул реформалар убактылуу гана ийгиликке жетишкен. Б. з. ч. 111-жылдагы мыйзам б-ча сатылган мамлекеттик жер жеке менчикке айланган.


Ад.: Сергеенко М. Е. Земельная реформа Тиберия Гракха и рассказ Аппиана//Вестник древней истории. 1958, ¹ 2.