ГРАММЕМА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРАММЕ́МА ''' – жалпыланган маанидеги | '''ГРАММЕ́МА ''' – жалпыланган маанидеги грамматикалык категориянын структурасынын майда элементтери. Мисалы, зат атоочтун сан категориясы – анын жалпыланган маанидеги грамматикалык категорияларынын бири. Ал эми жекелик сан, көптүк сан ошол жалпыланган сан категориясынын майда бөлүктөрү, б. а. Граммема болуп эсептелет. Ошол эле этиштин жалпыланган жак категориясынын компоненттери болгон 1-жак, 2-жак, 3-жак – анын Граммемалары. Ал жалпыланган маанидеги грамматикалык категория сыяктуу эле бирдиктүү мааниге ж-а ал маанини билдирүүчү бирдиктүү тилдик категорияларга ээ. Граммема грамматикалык категориянын структурасынын ичинде грамматикалык категорияны бир система катары түзүүчү бири-бирине карама-каршы турган грамматикалык формалардын катарларынын бири болуп саналат. Мисалы, өз ара бири-бирине карама-каршы турган учур чак, келер чак, өткөн чактын формаларынын катарлары этиштин грамматикалык чак категориясынын структурасын түзөт. Ошондой эле «көрдү» деген сөз формасында 3-жактык маани, «көрдүм» дегенде 1-жактык, «көрдүӊ», «көрдүӊүз» дегенде 2-жактык маани бар. Мындай грамматикалык маанилери боюнча бири-биринен айырмаланса да, алар жалпысынан бир топко – жактык маанилерге биригип, грамматикалык жак категориясын түзүшөт. | ||
[[Category: 2-том]] |
09:40, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРАММЕ́МА – жалпыланган маанидеги грамматикалык категориянын структурасынын майда элементтери. Мисалы, зат атоочтун сан категориясы – анын жалпыланган маанидеги грамматикалык категорияларынын бири. Ал эми жекелик сан, көптүк сан ошол жалпыланган сан категориясынын майда бөлүктөрү, б. а. Граммема болуп эсептелет. Ошол эле этиштин жалпыланган жак категориясынын компоненттери болгон 1-жак, 2-жак, 3-жак – анын Граммемалары. Ал жалпыланган маанидеги грамматикалык категория сыяктуу эле бирдиктүү мааниге ж-а ал маанини билдирүүчү бирдиктүү тилдик категорияларга ээ. Граммема грамматикалык категориянын структурасынын ичинде грамматикалык категорияны бир система катары түзүүчү бири-бирине карама-каршы турган грамматикалык формалардын катарларынын бири болуп саналат. Мисалы, өз ара бири-бирине карама-каршы турган учур чак, келер чак, өткөн чактын формаларынын катарлары этиштин грамматикалык чак категориясынын структурасын түзөт. Ошондой эле «көрдү» деген сөз формасында 3-жактык маани, «көрдүм» дегенде 1-жактык, «көрдүӊ», «көрдүӊүз» дегенде 2-жактык маани бар. Мындай грамматикалык маанилери боюнча бири-биринен айырмаланса да, алар жалпысынан бир топко – жактык маанилерге биригип, грамматикалык жак категориясын түзүшөт.