ГРАН ЧАКО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРАН ЧА́КО ''' (испанча grande – чоӊ, индейче – чако – аӊ уулоочу жер) – | '''ГРАН ЧА́КО ''' (испанча grande – чоӊ, индейче – чако – аӊ уулоочу жер) – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак. 19° ж-а 30° түштүк кеӊдиктердин аралыгында, негизинен Боливия, Парагвай, Аргентинанын аймагында. Рельефи түздүктүү, бийиктиги чыгышында 50–70 ''м'', батышында 500–600 ''м''ге чейин. Түндүгүнө субэкватордук, борбордук бөлүгүнө тропиктик, түштүгүнө субтропиктик климат мүнөздүү; жайы нымдуу. Июлдун орточо температурасы 12–21°С, январдыкы 26–30°С (максимуму 47°С; материктин эӊ ысык жери). Жылдык жаан-чачыны 500 ''мм''ден (түштүк-батышында) 1200 ''мм''ге чейин (түндүк-чыгышында). Дарыялары батышы м-н чыгышында (Парагвай, Парана) көп. Кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо, гуаякан ж. б.) басымдуу; батышына ксерофит бадалдары мүнөздүү. Жаныбарлар дүйнөсү бай. Саздак, шор жерлер кездешет. Кой асыралат; пахта өстүрүлөт. Аргентинанын түндүк-батышында нефть ж-а газ кендери бар. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:46, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРАН ЧА́КО (испанча grande – чоӊ, индейче – чако – аӊ уулоочу жер) – Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак. 19° ж-а 30° түштүк кеӊдиктердин аралыгында, негизинен Боливия, Парагвай, Аргентинанын аймагында. Рельефи түздүктүү, бийиктиги чыгышында 50–70 м, батышында 500–600 мге чейин. Түндүгүнө субэкватордук, борбордук бөлүгүнө тропиктик, түштүгүнө субтропиктик климат мүнөздүү; жайы нымдуу. Июлдун орточо температурасы 12–21°С, январдыкы 26–30°С (максимуму 47°С; материктин эӊ ысык жери). Жылдык жаан-чачыны 500 ммден (түштүк-батышында) 1200 ммге чейин (түндүк-чыгышында). Дарыялары батышы м-н чыгышында (Парагвай, Парана) көп. Кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо, гуаякан ж. б.) басымдуу; батышына ксерофит бадалдары мүнөздүү. Жаныбарлар дүйнөсү бай. Саздак, шор жерлер кездешет. Кой асыралат; пахта өстүрүлөт. Аргентинанын түндүк-батышында нефть ж-а газ кендери бар.