ГРАНАТА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРАНА́ТА ''' (лат. granatus – бүртүкчөлүү) – душмандын аскерин | '''ГРАНА́ТА ''' (лат. granatus – бүртүкчөлүү) – душмандын аскерин жана техникасын зыянга учуратуу максатында жасалган согуш куралынын бир түрү. Ал артиллериялык куралдан атылат же Граната ыргыткыч жана кол менен ыргытылат да, душманды жарылуудан пайда болуучу темир сыныкчалары, толкун күчү менен зыянга учуратат. Граната металл корпустан, жарылуучу заттан жана дүрмөттөн турат. Ал аракети боюнча согуп талкалоочу, тоскоолдукка тийгенде же абада жарылуучу болуп бөлүнөт. Азыркы кездеги кол менен ыргытма Граната (массасы 0,3– 1,2 ''кг'') жарылганда 3 миӊге жакын сыныктар чачырап, 5–200 ''м'' радиуста зыян келтирет. Кол менен ыргытма Гранатанын жөө аскерге, танкага каршы, химиялык, түтүн чыгарма, өрт чыгарма түрлөрү бар. Артиллериялык Гранаталар темир сыныктарын пайда кылуучу жана соот тешүүчү болуп бөлүнөт. Айрымдары калыӊдыгы 300–400 ''мм'' ге чейинки соотту теше алат. | ||
[[Файл:Гр.jpg|left|thumb|Кол гранатанын түрлөрү.]] | |||
[[Файл:AG-2.jpg|center|thumb|Гранатомёт]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:50, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРАНА́ТА (лат. granatus – бүртүкчөлүү) – душмандын аскерин жана техникасын зыянга учуратуу максатында жасалган согуш куралынын бир түрү. Ал артиллериялык куралдан атылат же Граната ыргыткыч жана кол менен ыргытылат да, душманды жарылуудан пайда болуучу темир сыныкчалары, толкун күчү менен зыянга учуратат. Граната металл корпустан, жарылуучу заттан жана дүрмөттөн турат. Ал аракети боюнча согуп талкалоочу, тоскоолдукка тийгенде же абада жарылуучу болуп бөлүнөт. Азыркы кездеги кол менен ыргытма Граната (массасы 0,3– 1,2 кг) жарылганда 3 миӊге жакын сыныктар чачырап, 5–200 м радиуста зыян келтирет. Кол менен ыргытма Гранатанын жөө аскерге, танкага каршы, химиялык, түтүн чыгарма, өрт чыгарма түрлөрү бар. Артиллериялык Гранаталар темир сыныктарын пайда кылуучу жана соот тешүүчү болуп бөлүнөт. Айрымдары калыӊдыгы 300–400 мм ге чейинки соотту теше алат.

