ГРЕК-ТҮРК СОГУШУ (1919–22): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГРЕК-ТҮРК СОГУШУ (1919–22) ''' – ''Антанта'' мамлекеттеринин баскынчылыгына каршы түрк элинин улуттук-боштондук согушу. Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы жеӊилгенден кийин англ., фр., италиялык аскерлер Түркиянын көп жерин оккупациялаган. Алдыӊкы державалардын чечими б-ча грек аскерлери Измирге басып кирет. Бирок Түркияда 1918-ж. башталган улуттук-боштондук кыймыл оккупанттардын планын жүзөгө ашырткан жок (к. ''Кемалчылар революциясы''). 1920-ж. 23-апрелде кемалчылар Түркиянын жаӊы улуттук Улуу чогулушун чакырып, ''Ататүрк'' башкарган Улуттук өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөттүн аскерлеринен грек армиясы 2 жолу (1921-ж. 10-январь, 31-март) жеӊилсе да, Анкарага өтө жакын кирип келген. Ушундай кырдаалда Түркия м-н РСФСРдин ортосунда Достук ж-а бир туугандык ж-дө келишимдин (1921-ж. 16-март) түзүлүшү түрк элинин улуттук-боштондук күрөшүнө чоӊ жардам берген. Түрк аскерлери 1922-ж. 30-августта Думлупынардын жанындагы салгылашта грек армиясын талкалап, 9-сентябрда Измирди, 18-сентябрда бүткүл Анадолуну бошоткон. Муаний убактылуу элдешүүсү (1922), ''Лозанна тынчтык келишими (1923)'' Г.-т. с-н бүтүрүп, Түркия өз алдынчалыгын сактап калган.
'''ГРЕК-ТҮРК СОГУШУ (1919–22) ''' – ''Антанта'' мамлекеттеринин баскынчылыгына каршы түрк элинин улуттук-боштондук согушу. Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы жеӊилгенден кийин англиялык, франциялык, италиялык аскерлер Түркиянын көп жерин оккупациялаган. Алдыӊкы державалардын чечими б-ча грек аскерлери Измирге басып кирет. Бирок Түркияда 1918-жылы башталган улуттук-боштондук кыймыл оккупанттардын планын жүзөгө ашырткан жок (к. ''Кемалчылар революциясы''). 1920-жылы 23-апрелде кемалчылар Түркиянын жаӊы улуттук Улуу чогулушун чакырып, ''Ататүрк'' башкарган Улуттук өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөттүн аскерлеринен грек армиясы 2 жолу (1921-ж. 10-январь, 31-март) жеӊилсе да, Анкарага өтө жакын кирип келген. Ушундай кырдаалда Түркия м-н РСФСРдин ортосунда достук ж-а бир туугандык жөнүндө келишимдин (1921-жыл 16-март) түзүлүшү түрк элинин улуттук-боштондук күрөшүнө чоӊ жардам берген. Түрк аскерлери 1922-жылы 30-августта Думлупынардын жанындагы салгылашта грек армиясын талкалап, 9-сентябрда Измирди, 18-сентябрда бүткүл Анадолуну бошоткон. Муаний убактылуу элдешүүсү (1922), ''Лозанна тынчтык келишими (1923)'' Грек-түрк согушун бүтүрүп, Түркия өз алдынчалыгын сактап калган.
 
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:12, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРЕК-ТҮРК СОГУШУ (1919–22) Антанта мамлекеттеринин баскынчылыгына каршы түрк элинин улуттук-боштондук согушу. Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы жеӊилгенден кийин англиялык, франциялык, италиялык аскерлер Түркиянын көп жерин оккупациялаган. Алдыӊкы державалардын чечими б-ча грек аскерлери Измирге басып кирет. Бирок Түркияда 1918-жылы башталган улуттук-боштондук кыймыл оккупанттардын планын жүзөгө ашырткан жок (к. Кемалчылар революциясы). 1920-жылы 23-апрелде кемалчылар Түркиянын жаӊы улуттук Улуу чогулушун чакырып, Ататүрк башкарган Улуттук өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөттүн аскерлеринен грек армиясы 2 жолу (1921-ж. 10-январь, 31-март) жеӊилсе да, Анкарага өтө жакын кирип келген. Ушундай кырдаалда Түркия м-н РСФСРдин ортосунда достук ж-а бир туугандык жөнүндө келишимдин (1921-жыл 16-март) түзүлүшү түрк элинин улуттук-боштондук күрөшүнө чоӊ жардам берген. Түрк аскерлери 1922-жылы 30-августта Думлупынардын жанындагы салгылашта грек армиясын талкалап, 9-сентябрда Измирди, 18-сентябрда бүткүл Анадолуну бошоткон. Муаний убактылуу элдешүүсү (1922), Лозанна тынчтык келишими (1923) Грек-түрк согушун бүтүрүп, Түркия өз алдынчалыгын сактап калган.