ГРЕКИЯ (Байыркы Эллада): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ГРЕКИЯ 1 to ГРЕКИЯ (Байыркы Эллада)) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
7 сап: | 7 сап: | ||
гат. Анда Кнос, Фест, Агия-Триада, Маллия сыяктуу чакан мамлекеттер пайда болот. Крит жазуусу өнүгүп, пиктографиядан иероглифке көчөт (б. з. ч. 23–17-кылымдар). 18-кылым ченде жаӊы муун боюнча жазуу системасы жаралат. Криттиктер чоӊ флот куруп, Эгей деӊизинин бир катар аралдарын багындырат. 17-кылымдан Микен, Тиринф, Пилос сыяктуу айрым алгачкы кул ээлик мамлекеттер калыптанат. Б. з. ч. 17-кылымдын ортосунда ж-а 16-кылымдын аягында Ахей династиясынын бийлиги күч алат. Коло доорунун соӊку баскычында Крит мамлекеттери күч алып, шаарлар өсүп, тышкы байланыштар кеӊейген. Бирок б. з. ч. 1470-жылдар чамасында Крит аралында болгон жер титирөөдөн шаар-кыштактар кыйрап, калк көп зыянга учурап, арал ээн калган. Кносто гана ак сарайлар калыбына келтирилип, анда болжол м-н 1380-жылга чейин чакан мамлекет сакталып турган. Б. з. ч. 16–13-кылымдарда материктеги Грекия жогорку деӊгээлге жетет. Ахейлердин ''микен маданияты'' коӊшу өлкөлөргө, ошондой эле Египетке таасир тийгизет. Алардын жазмасы өөрчүй баштайт. 13-кылымда деӊиздин ары жагындагы өлкөлөргө жортуул жасайт. Б. з. ч. 1200-жылы ченде уруулар материктеги Грекияга ж-а Критке басып кире баштаган. Афины гана көз каранды эместигин сактап калган. 9-кылымга жакын грек уруулары: эолийлер Түндүк Грекияга, дорийлер Ортоӊку Грекияга ж-а Пелопоннестин чыгыш жагына, ал эми ионийлер Аттикага жайгашкан; көз каранды эместигин сактап калган ахей уруулары Аркадия м-н Ахейди көздөй сыйлыгышкан. Бул мезгилде гректер Кичи Азия аралдарын (жээктери м-н кошо) колониялаштыра баштаган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда темирден эмгек куралдары көп жасалып, натыйжада кол өнөрчүлөр өзүнчө бөлүнүп чыгат. Соода жүргүзүп, калкты чийки зат ж-а азык-түлүк м-н камсыз кылуу маселеси Грекиянын шаарлары үчүн маанилүү ишке айланат. Шаарларда жерсиз дыйкандар көбөйүп, кул жумшоо күч алат. Айрыкча б. з. ч. 7–6-кылымдарда колония ээлөө күчөйт. Гректер Эгей деӊизинин түштүгүн, Сицилиянын чыгышын, Италиядагы Тарент булуӊунун жээктерин ээлеп, Кара деӊиз жээктерине чейин жетет. Ошондон улам 6-кылымда гректер эл аралык маанидеги соода-сатык жүргүзө баштайт. Ошол кезде Грекия башка жактардан кул, азык-түлүк, чийки зат ташып турган. Шаарларда кулдар көбөйүп, соода ж-а кол өнөрчүлүк өөрчүп, ушул кесиптер жаатында кул ээлери чыккан. Уруу ак сөөктөрүнүн карызкорлорго жасаган мындай зомбулуктары ''демостун'' (эркин калк) каршылыгын туудурган. Айыгышкан күрөштүн натыйжасында демос кээ бир шаарларда карыздарды жойдурган (к. ''Солондун реформалары''). Бирок уруу ак сөөктөрү демостун күрөшүнөн улам чыккан мындай реформаларга катуу каршы турган. Б. з. ч. 7–6-кылымдарда материктеги Грекиянын бир кыйла шаарларында Грек тираниясы орногон. Б. з. ч. 8–6-кылымдардын аралыгында байыркы грек коомундагы социалдык-экономикалык ж-а саясий уюмдашуунун бөтөнчө формасы – ''полистер'' калыптанган. Булар эрктүү жарандардын коллективи катары кулдарга, көз каранды калктын башка категорияларына ж-а чет өлкөлөрдөн келгендерге каршы турган. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында экономикасы күчтүү өнүккөн айрым полистерде (Коринф, Афины ж. б.) кулчулук кеӊири таралган. Бирок кээ бир полистерде (Спарта, Криттеги, Аргостогу полистер ж. б.) көпкө чейин кулчулук м-н катар уруулук түзүлүштүн калдыктары да сакталган. 6-кылымдын аягында шаарлардын адепки бирикмеси – Спарта баштаган ''Пелопоннес союзу'' түзүлөт. Б. з. ч. 5–4-кылымдарда Грекиянын тарыхында полистик түзүлүштүн, экономикалык-саясий ж-а маданий гүлдөөнүн доору болгон. Экономикалык жактан алга кеткен соода иши, кол өнөрчүлүк, полис чарбачылыгы кул эмгегине негизделген. Кулдар кол өнөрчүлүк устаканаларында, кендерде ж. б. иштей баштаган. Грекиянын гүлдөп-өскөн доору Афинынын жогорулашына байланыштуу болгон. ''Грек-перс согуштарында (б. з. ч. 500–449)'' Афины жеӊип, анын башчылыгы м-н Эгей деӊизинин аралдарында ж-а жээктеринде мамлекеттердин ''Делос союзу'' түзүлгөн. Бул жагдай Афинынын беделин көтөргөн. Афинынын күч-кубаты абдан артып, саясий түзүлүшү демократиялашып, маданияты өйдөлөп турган мезгил б. з. ч. 443–429-жылдар болду, бирок бул доор көпкө созулган эмес. Союздаш өлкөлөр көз каранды эместикке умтулган, батыштагы соода жолдорун талашкан Афины м-н Спарта Грекияга үстөмдүк кылуу үчүн таймашкан. Ушул өз ара таймаштар грек полистеринин көбүн камтыган ''Пелопоннес согушуна (б. з. ч. 431–404)'' алып келген. Согушта Афины союзу жеӊилип, Грекияда Спартанын гегемондук доору башталган. 395-жылы Спарта баштаган Коринф согушу чыккан. Грекиянын шаарларын бийлөө Спартага өткөн. Кийин Фивы демократтары спарталыктарды кууп чыгып, мурдагы Беотия союзун (б. з. ч. 6-кылым) калыбына келтирген. Б. з. ч. 378–377-жылдарда Спартага каршы күрөшүү үчүн экинчи Афины деӊиз союзу түзүлгөн, бирок бул да көп өтпөй ыдырап кеткен. Ушул мезгилде Грекиянын түндүгүндө ''Македония'' пайда болгон. Анын падышасы Филипп II Грекиянын улам бир бөлүгүн каратып ала берген (б. з. ч. 349–344). ''Александр Македонский'' кол башчылык кылган грек-македон армиясынын Чыгышта көп жерди басып алышы ''эллинизм'' доорун ачкан. Александр Македонский өлгөн соӊ анын монархиясы ыдыраган (323). Диадохтор м-н алардын мурасчыларынын (эпигондордун) таймашы өз алдынча эллин мамлекеттеринин түзүлүшүнө алып келет. Эллин доорундагы Грекияда аскердик мамлекеттер м-н союздар көп болгон. Булар жалпы Грекияга үстөмдүк кылуу укугун бири биринен талашып турган. Афины баштаган мамлекеттер Македонияга каршы турган, бирок ал таймашта Македония жеӊип чыккан. Ошентсе да Македония Балкан жарым аралындагы үстөмдүгүн бүт бойдон калыбына келтире алган жок. Жаӊыдан пайда болгон күчтүү эки союз (Ахей союзу ж-а Этолий союзу) теӊ Македонияга каршы күрөш жүргүзгөн. Ушулардын кесепетинен шаарлар кыйрап, калктар кулдукка сатылган. Киноскефалдын жанындагы согушта (197) римдиктер Македонияны жеӊет. 196-жылдан Македониянын саясий мааниси бара-бара төмөндөп, 148-жылы Андриск көтөрүлүшү басылгандан кийин, Римдин провинциясына (Иллирия ж-а Эпир м-н бирге) айланат. Рим империясынын кыйроо мезгилинде, анын чыгыш бөлүмүндө 4-кылымда түзүлгөн Чыгыш Рим империясы – Византиянын негизги уюткусу болуп калат. | гат. Анда Кнос, Фест, Агия-Триада, Маллия сыяктуу чакан мамлекеттер пайда болот. Крит жазуусу өнүгүп, пиктографиядан иероглифке көчөт (б. з. ч. 23–17-кылымдар). 18-кылым ченде жаӊы муун боюнча жазуу системасы жаралат. Криттиктер чоӊ флот куруп, Эгей деӊизинин бир катар аралдарын багындырат. 17-кылымдан Микен, Тиринф, Пилос сыяктуу айрым алгачкы кул ээлик мамлекеттер калыптанат. Б. з. ч. 17-кылымдын ортосунда ж-а 16-кылымдын аягында Ахей династиясынын бийлиги күч алат. Коло доорунун соӊку баскычында Крит мамлекеттери күч алып, шаарлар өсүп, тышкы байланыштар кеӊейген. Бирок б. з. ч. 1470-жылдар чамасында Крит аралында болгон жер титирөөдөн шаар-кыштактар кыйрап, калк көп зыянга учурап, арал ээн калган. Кносто гана ак сарайлар калыбына келтирилип, анда болжол м-н 1380-жылга чейин чакан мамлекет сакталып турган. Б. з. ч. 16–13-кылымдарда материктеги Грекия жогорку деӊгээлге жетет. Ахейлердин ''микен маданияты'' коӊшу өлкөлөргө, ошондой эле Египетке таасир тийгизет. Алардын жазмасы өөрчүй баштайт. 13-кылымда деӊиздин ары жагындагы өлкөлөргө жортуул жасайт. Б. з. ч. 1200-жылы ченде уруулар материктеги Грекияга ж-а Критке басып кире баштаган. Афины гана көз каранды эместигин сактап калган. 9-кылымга жакын грек уруулары: эолийлер Түндүк Грекияга, дорийлер Ортоӊку Грекияга ж-а Пелопоннестин чыгыш жагына, ал эми ионийлер Аттикага жайгашкан; көз каранды эместигин сактап калган ахей уруулары Аркадия м-н Ахейди көздөй сыйлыгышкан. Бул мезгилде гректер Кичи Азия аралдарын (жээктери м-н кошо) колониялаштыра баштаган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда темирден эмгек куралдары көп жасалып, натыйжада кол өнөрчүлөр өзүнчө бөлүнүп чыгат. Соода жүргүзүп, калкты чийки зат ж-а азык-түлүк м-н камсыз кылуу маселеси Грекиянын шаарлары үчүн маанилүү ишке айланат. Шаарларда жерсиз дыйкандар көбөйүп, кул жумшоо күч алат. Айрыкча б. з. ч. 7–6-кылымдарда колония ээлөө күчөйт. Гректер Эгей деӊизинин түштүгүн, Сицилиянын чыгышын, Италиядагы Тарент булуӊунун жээктерин ээлеп, Кара деӊиз жээктерине чейин жетет. Ошондон улам 6-кылымда гректер эл аралык маанидеги соода-сатык жүргүзө баштайт. Ошол кезде Грекия башка жактардан кул, азык-түлүк, чийки зат ташып турган. Шаарларда кулдар көбөйүп, соода ж-а кол өнөрчүлүк өөрчүп, ушул кесиптер жаатында кул ээлери чыккан. Уруу ак сөөктөрүнүн карызкорлорго жасаган мындай зомбулуктары ''демостун'' (эркин калк) каршылыгын туудурган. Айыгышкан күрөштүн натыйжасында демос кээ бир шаарларда карыздарды жойдурган (к. ''Солондун реформалары''). Бирок уруу ак сөөктөрү демостун күрөшүнөн улам чыккан мындай реформаларга катуу каршы турган. Б. з. ч. 7–6-кылымдарда материктеги Грекиянын бир кыйла шаарларында Грек тираниясы орногон. Б. з. ч. 8–6-кылымдардын аралыгында байыркы грек коомундагы социалдык-экономикалык ж-а саясий уюмдашуунун бөтөнчө формасы – ''полистер'' калыптанган. Булар эрктүү жарандардын коллективи катары кулдарга, көз каранды калктын башка категорияларына ж-а чет өлкөлөрдөн келгендерге каршы турган. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында экономикасы күчтүү өнүккөн айрым полистерде (Коринф, Афины ж. б.) кулчулук кеӊири таралган. Бирок кээ бир полистерде (Спарта, Криттеги, Аргостогу полистер ж. б.) көпкө чейин кулчулук м-н катар уруулук түзүлүштүн калдыктары да сакталган. 6-кылымдын аягында шаарлардын адепки бирикмеси – Спарта баштаган ''Пелопоннес союзу'' түзүлөт. Б. з. ч. 5–4-кылымдарда Грекиянын тарыхында полистик түзүлүштүн, экономикалык-саясий ж-а маданий гүлдөөнүн доору болгон. Экономикалык жактан алга кеткен соода иши, кол өнөрчүлүк, полис чарбачылыгы кул эмгегине негизделген. Кулдар кол өнөрчүлүк устаканаларында, кендерде ж. б. иштей баштаган. Грекиянын гүлдөп-өскөн доору Афинынын жогорулашына байланыштуу болгон. ''Грек-перс согуштарында (б. з. ч. 500–449)'' Афины жеӊип, анын башчылыгы м-н Эгей деӊизинин аралдарында ж-а жээктеринде мамлекеттердин ''Делос союзу'' түзүлгөн. Бул жагдай Афинынын беделин көтөргөн. Афинынын күч-кубаты абдан артып, саясий түзүлүшү демократиялашып, маданияты өйдөлөп турган мезгил б. з. ч. 443–429-жылдар болду, бирок бул доор көпкө созулган эмес. Союздаш өлкөлөр көз каранды эместикке умтулган, батыштагы соода жолдорун талашкан Афины м-н Спарта Грекияга үстөмдүк кылуу үчүн таймашкан. Ушул өз ара таймаштар грек полистеринин көбүн камтыган ''Пелопоннес согушуна (б. з. ч. 431–404)'' алып келген. Согушта Афины союзу жеӊилип, Грекияда Спартанын гегемондук доору башталган. 395-жылы Спарта баштаган Коринф согушу чыккан. Грекиянын шаарларын бийлөө Спартага өткөн. Кийин Фивы демократтары спарталыктарды кууп чыгып, мурдагы Беотия союзун (б. з. ч. 6-кылым) калыбына келтирген. Б. з. ч. 378–377-жылдарда Спартага каршы күрөшүү үчүн экинчи Афины деӊиз союзу түзүлгөн, бирок бул да көп өтпөй ыдырап кеткен. Ушул мезгилде Грекиянын түндүгүндө ''Македония'' пайда болгон. Анын падышасы Филипп II Грекиянын улам бир бөлүгүн каратып ала берген (б. з. ч. 349–344). ''Александр Македонский'' кол башчылык кылган грек-македон армиясынын Чыгышта көп жерди басып алышы ''эллинизм'' доорун ачкан. Александр Македонский өлгөн соӊ анын монархиясы ыдыраган (323). Диадохтор м-н алардын мурасчыларынын (эпигондордун) таймашы өз алдынча эллин мамлекеттеринин түзүлүшүнө алып келет. Эллин доорундагы Грекияда аскердик мамлекеттер м-н союздар көп болгон. Булар жалпы Грекияга үстөмдүк кылуу укугун бири биринен талашып турган. Афины баштаган мамлекеттер Македонияга каршы турган, бирок ал таймашта Македония жеӊип чыккан. Ошентсе да Македония Балкан жарым аралындагы үстөмдүгүн бүт бойдон калыбына келтире алган жок. Жаӊыдан пайда болгон күчтүү эки союз (Ахей союзу ж-а Этолий союзу) теӊ Македонияга каршы күрөш жүргүзгөн. Ушулардын кесепетинен шаарлар кыйрап, калктар кулдукка сатылган. Киноскефалдын жанындагы согушта (197) римдиктер Македонияны жеӊет. 196-жылдан Македониянын саясий мааниси бара-бара төмөндөп, 148-жылы Андриск көтөрүлүшү басылгандан кийин, Римдин провинциясына (Иллирия ж-а Эпир м-н бирге) айланат. Рим империясынын кыйроо мезгилинде, анын чыгыш бөлүмүндө 4-кылымда түзүлгөн Чыгыш Рим империясы – Византиянын негизги уюткусу болуп калат. | ||
'''Байыркы Грек маданияты.''' Грек полистеринде тоо-кен иштери ж-а металлургия, курулуш техникасы, карапа ж-а текстиль өндүрүшүнүн өөрчүшү, алфавиттик жазууга негизделген жазмалардын пайда болушу ж-а кеӊири таралышы гректердин өз кошуналары, Жакынкы Чыгыш ж-а Африка өлкөлөрү м-н ургаалдуу чарбалык, соода-сатык мамилелерин жүргүзүүгө шарт түзгөн. Анын баары байыркы Грекияда илимдин, адабияттын, сүрөт, театр, музыка өнөрлөрүнүн дүркүрөп өнүгүшүнө алып келген. Ал эми байыркы грек маданияты жалпы адамзат маданиятынын кийинки өнүгүшүнө өтө зор таасир тийгизген. | |||
Грек полистеринде тоо-кен иштери ж-а металлургия, курулуш техникасы, карапа ж-а текстиль өндүрүшүнүн өөрчүшү, алфавиттик жазууга негизделген жазмалардын пайда болушу ж-а кеӊири таралышы гректердин өз кошуналары, | |||
'''Мифологиясы жана дини.''' Байыркы гректердин турмушунда мифтердин мааниси чоӊ болгон. Алар өз айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуяларды мифтер аркылуу түшүнүшкөн. Мифологиялык көз караш боюнча бардык укмуштар жерден чыккан. Мисалы, мифтерде Зевс бүркүт, ак куу, чагылган, ал эми Афина үкү же жылан кейпинде сүрөттөлгөн. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыкта грек мифологиясы өнүгүүнүн эӊ жогорку чегине жеткен. Бул кезде Олимп тоосун мекендеген кудайлардын баары «адамдар ж-а кудайлар атасы» Зевске багынып, ар бири өзүнчө милдет аткарган. Мисалы, Афина – согуш, кол өнөрчүлүк, шаар м-н өлкөнү коргоо кудайы; Гермес – соода кудайы; Афродита – сүйүү м-н сулуулук кудайы ж. б. Олимп мифологиясы боюнча кудайлар м-н шайтандар адам кейпинде сүрөттөлгөн. Мурдагы укмуштар жөнүндөгү жомоктордун ордуна баатырлар тууралуу (Геракл ж. б.) мифтер келип чыккан. Грек мифологиясынын өсүшү м-н катар дин да өнүгөт. Дин жаратылыштан тышкаркы күчкө ишенүү, ага арнап курмандык чалуу сыяктуу үрп-адат, жөрөлгөлөрдү тараткан. Грек мифологиясы м-н дини Байыркы Чыгыш элдеринин кээ бир адат-салттарын кабыл алган. Грек мифологиясы антикалык искусствого негиз болгон. | |||
Байыркы гректердин турмушунда мифтердин мааниси чоӊ болгон. Алар өз айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуяларды мифтер аркылуу түшүнүшкөн. | |||
'''Философиясы.''' Байыркы грек философиясы – б. з. ч. 7-кылымдын аягы – б. з. 6-кылымынын башында өөрчүп, айрым жалпылыктарга ээ болгон философиялык билимдердин (окуулардын) жыйындысы. Грек философиясына Вавилон, Финикия, Египеттин мифологиясы м-н философиясы чоӊ таасир тийгизген. Байыркы грек философиясынын башаты болгон натурфилософия табият сырларын философиялык түшүндүрүү аракетинен келип чыккан. Натурфилософия б. з. ч. 7–6-кылымдарда Кичи Азиянын Милет шаарында түптөлгөн. Бул мектептин негиздөөчүсү ''Фалес'' (б. з. ч. 642–547), ал эми окуучулары Анаксимандр ж-а Анаксимен болгон. Эгер Фалес бардык нерсе суудан чыгып, кайра сууга айланат десе, Анаксимандр дүйнөнүн уюткусу апейрон деп, ал эми кыймылдын булагы жылуулук м-н сууктуктун карама-каршылыгында жатат деп караган. Анаксимен болсо дүйнө абадан жаралган деп айткан. Б. з. ч. 530–470-жылдары философиянын борбору Эфес шаарына оойт. Анда көрүнүктүү философ ''Гераклит'' иштеген. Ал дүйнө башаты дайыма тутанып, өчүп турган от деп эсептеген: «Дүйнө бирдиктүү, ал кудайлар же адамдар тарабынан жаратылган эмес, ал түбөлүк тирүү от болгон, боло берет ж-а мыйзам ченемдүү түрдө тутанып же өчө берет. Жашоо – бул кыймыл. Тынымсыз өнүгүү – суу агымындай, ага эки жолу кирүүгө болбойт»... Грек философиясынын дагы бир белгилүү мектеби ''Пифагор'' тарабынан негизделген. Пифагор дүйнөнүн башаты ж-а негизи деп сандарды эсептеген. Сандар – материалдык, моралдык, руханий сапаттарга ээ деп карап, алар дүйнөнүн негизин гана түзбөстөн, алар космосто да тартипти түзүп турушат. Бир саны – бардыгынын башаты деген. Пифагор «философ», «философия» түшүнүктөрүн алгачкы болуп колдонгон. Б. з. ч. 7-кылымда Элей шаарында элей (Парменид, Зенон), б. з. ч. 5-кылымда эволюционизм (Эмпедокл), ноология (Анаксагор) философиялык мектептери түзүлгөн. Антикалык философиянын өнүгүүсүндө маанилүү орунду атомизм мектеби ээлейт. Жаратылыштын атомдордон турары жөнүндөгү идеяларды Левкипп ж-а ''Демокрит'' иштеп чыгышкан. Демокрит дүйнөнү бир бүтүн нерсе катары карап, ал көрүнбөс ж-а бөлүнбөс эӊ көп бөлүкчөлөр – атомдордон куралып, дайыма кыймылда турат деп санаган. Жан дагы атомдордон турат. Демокриттин атомисттик окуусун Эпикур, Лукреций өөрчүткөн. Б. з. ч. 5-кылымда Афины шаары философиялык ой-пикирдин борборуна айланат. ''Грек-перс согуштарынан'' кийин Афины шаары өлкөнүн экономикалык, саясий, маданий борборуна айланышы, мында билимдүү адамдарды тарбиялоо зарылчылыгын пайда кылган. Мындай билим берүүнү кесип кылган атайын даярдыгы бар адамдарды – софисттер (Протагор, Горгий) деп аташкан. Протагор: «Бардык нерсе адам м-н өлчөнөт, адамга канааттануу алып келген нерсенин баары жакшы, азап тартууга алып келсе жаман»,– деп караган. Антикалык ж-а дүйнөлүк философиянын өнүгүшүнө зор салым кошкон ''Сократ'' болгон. Сократ софисттерди акылмандыкты үйрөткөндүгү үчүн акы алгандыгын сындаган. Акылмандык ж-а сулуулук – бул кудайдан, аны сатууга ж-а сатып алууга болбойт деп эсептеген. «Мен эч нерсе билбешимди даана билем», «Ар дайым өзүӊдү таанып бил» сыяктуу ойлору м-н ал нерселердин физикалык табиятын таанып-билүү мүмкүн эместигин, ушундан улам адам өзүн-өзү таанып-билүүгө умтулуусу зарыл экендигин белгилеген. Сократ ар дайым талаш-тартыш, талкууларды уюштуруп, диалектика деп аталган философиялык методго негиз салган. Сократтын эӊ белгилүү шакирти ''Платон'' болгон. Платон Академия деп аталган философиялык мектепти түзүү м-н, идеалисттик философияга негиз салган. Ал биринчилерден болуп өнүккөн (идеалдуу) мамлекет кандай болушу керектиги тууралуу эмгегин жазган. Грек философторунун катарында өзгөчө орунду ''Аристотель'' ээлеген. Аристотель Платондун Академиясынын угуучусу, ''Александр Македондскийдин'' окутуучусу болгон. Платондун окуусун сынга алып («Платон менин досум, бирок акыйкат андан кымбат»), материянын объективдүүлүгүн туура баамдап, ал жок болбой түбөлүк жашай берет деген. Б. з. ч. 4–3ылымдарда стоиктер ж-а скептиктер, Эпикурдун мектептери түзүлгөн. 6-кылымда байыркы грек философиясынын өз алдынча өнүгүүсү токтогону м-н, анын идеялары кийинки мезгилдердеги философиялык ойлордун, окуулардын өнүгүүсүнө таасир тийгизген. | |||
Байыркы грек философиясы – б. з. ч. 7- | |||
'''Адабияты''' – европалык адабияттардын эӊ байыркысы. Ал грек калкынын фольклорунан пайда болгон. Гомерге ыйгарылып жүргөн «''Илиада''» ж-а «''Одиссея''» поэмалары – грек адабиятынын төл башы чыгармаларынан. Б. з. ч. 7–6-кылымдарда лирика жанры өнүккөн. Флейтанын коштоосунда аткарылуучу саясий-согуштук, үгүт-сүйүү темаларындагы элегия ж-а какшык-күлкү мазмундуу ямб жанры жаралган. Ионияда өнүккөн проза жанрынын көрүнүктүү өкүлү – ''Эзоп''. Афиныда демократиянын өнүгүшү драма жанрынын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Атактуу Эсхилдин чыгармалары демократия деспотизмди жеӊип жаткан мезгилди сүрөттөйт. Анын «Прометейи» кийинки доорлордо да өз маанисин жоготкон жок. Драматург ''Софоклдун'' чыгармачылыгы да Афины демократиясынын гүлдөп өнүгүп турган учуруна туш келген. ''Аристофандын'' комедияларында Афинынын саясий ж-а маданий турмушу сындалып, анын агрессиячыл тышкы саясаты айыпталган. Б. з. ч. 4-кылымда чечендик өнөр (Исократ), философиялык диалог (Платон) сыяктуу жанрлар мыкты өнүккөн. Грекияга Македониянын бийлиги орноп, эллиндик мамлекеттердин түзүлө башташы (3-кылымдын башы), римдиктердин соӊку жапырыгы (2-кылымдын орто чени) грек маданий турмушунун кедерин кетирген. Ошондой болсо да грек адабияты биротоло жок болуп кетпей, кийинки доорлордун адабиятынын өсүп-өркүндөшү үчүн бийик үлгү катары кызмат өтөп келген. | |||
– | |||
'''Театры.''' Грек драматургиясы м-н театрынын башаты Дионис кудайга арналган түшүм майрамдарынан башталат. Аларда аткарылган дифирам м-н ырларда диалогдун ж-а театрдагыдай кыймыл-аракеттин элементтери болгон. Акын Феспид (б. з. ч. 6-кылымдын 2-жарымы) хордон өзгөчө өнөрпозду – актёрду бөлүп чыгарган. Ошол туӊгуч актёр Феспид болгон деп айтылат. Театрдын мааниси полис демократиясы өнүгүп турган учурда айрыкча жогорулаган. Адепки театрлардын түзүлүшүнө Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан өӊдүү улуу драматургдардын чыгармалары өбөлгө болгон. Театрда оюн көрсөтүү жагын мамлекет уюштурган. Грек театрларында аялдардын ролун эркектер аткарган. Актёрлордун бардыгы беткап кийип ойношкон. Театрларда трагедия ж-а комедиядан тышкары, сатирикалык драмалар да коюлган. Грекиянын театр маданияты дүйнө жүзүндөгү театр маданиятынын өсүшүнө зор таасир эткен. | |||
Грек драматургиясы м-н театрынын башаты Дионис кудайга арналган түшүм майрамдарынан башталат. Аларда аткарылган дифирам м-н ырларда диалогдун ж-а театрдагыдай кыймыл-аракеттин элементтери болгон. Акын Феспид (б. з. ч. 6- | '''Архитектура жана сүрөт өнөрү.''' Грекиянын көркөм эстеликтери Балкан жарым аралынын аймагында, Кичи Азияда, Аппенин жарым аралынын түштүгүндө сакталган. Грек архитектурасы мегарондук микен маданиятынан башталат. Байыркы грек искусствосунун өнүгүү жолу гомер, архаика, классика, эллин мезгили деген этаптарга бөлүнөт. Г о м е р м е з г и л и н д е сүрөт түшүрүлгөн карапаларды жасоо кеӊири өнүккөн. Мегарондук архитектуранын негизинде алгачкы грек храмдары салынган. А р х а и к а м е з г и л и н д е полистердин өнүгүшүнө байланыштуу турак жай кварталдары, коомдук-соода борборлору (агоралар) ж-а коргон чептер (акрополдор), коомдук таш имараттар, стадион, театр, гимнасий ж-а палестра сыяктуу окуу жайларынын имараттары курулган. Геранын (Олимпте), Аполлондун (Коринфте) храмдары салынган. К л а с с и к а л ы к м е з г и л д е Грекия архитектурасы гүлдөп-өнүгүүнүн жогорку тепкичине көтөрүлгөн. Шаарлар пландуу курулуп, порт ж-а гавандарды салуу өркүндөгөн. Олимпте Зевстин, Афиныда Парфенон ж-а Эрехтейон храмдары сыяктуу Грекия архитектурасынын мыкты үлгүлөрү курулган. Э л л и н м е з г и л и н д е грек мад-ты Афиныдан Кичи Азиянын шаарларына оошкон. Скульптуралык портрет өнөрү мыкты өнүккөн, курулуш иштери кеӊири кулач жайып, пландуу салынган жаӊы шаарлар өсүп чыккан (Александрия, Антиохия, Селевкия ж. б.). Байыркы грек искусствосунун тажрыйбасы кийинки доорлордун көркөм маданиятына таасирин тийгизген. | ||
Ад.: ''Сергеев В. С''. История Древней Греции. 3 изд. М., 1963; Древние цивилизации (Под общей редакцией Г. И. Бонгард-Левина). М., 1989; ''Варнеке Б. В.'' История античного театра. М.; Л., 1940; ''Радциг С. И.'' История древнегреческой литературы. М., 1969; ''Асмус В. Ф.'' История античной философии. М., 1965; ''Полевой В. М.'' Искусство Грекии. Древний мир. М., 1970. | Ад.: ''Сергеев В. С''. История Древней Греции. 3 изд. М., 1963; Древние цивилизации (Под общей редакцией Г. И. Бонгард-Левина). М., 1989; ''Варнеке Б. В.'' История античного театра. М.; Л., 1940; ''Радциг С. И.'' История древнегреческой литературы. М., 1969; ''Асмус В. Ф.'' История античной философии. М., 1965; ''Полевой В. М.'' Искусство Грекии. Древний мир. М., 1970. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:32, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРЕКИЯ Б а й ы р к ы Э л л а д а – Балкан жарым аралынын түштүгүндө, Эгей деӊизинин

аралында, Фракиянын жээктеринде, Кичи Азиянын батыш жээктеринде жайгашкан байыркы грек шаар-мамлекеттеринин (полистеринин) аймагынын жалпы аталышы. Археологиялык изилдөөлөргө караганда Македониядан Элидага чейинки жерлерде адам баласы ортоӊку палеолит доорунда (100–40-миӊ жылдыктар чамасы) эле жашаган. Неолит доорунда Грекиянын эли отурукташып, эгин айдап, мал баккан. Ортоӊку палеолит доорунда калыптанган уруулук түзүлүш неолит доорунда абдан өөрчүгөн. Коло доорундагы Грекиянын маданияты (болжол м-н б. з. ч. 28–12-кылымдар) хронологиялык жактан алгачкы, ортоӊку ж-а соӊку деп үч мезгилге бөлүнөт. Шарттуу түрдө аны Крит-Микен (же Эгей) маданиятыты деп да атайт. Алгачкы коло доорунда (3-миӊ жылдыкта) Сирос, Парос, Мелос ж. б. аралдарда күмүш, коргошун, жез кендерин казып, аларды иштетүү, металлдан идиш, курал-жарак ж. б. жасоо кеӊири таралган, кумура ж-а курулуш кол өнөрчүлүгү да өөрчүгөн. Лемнос аралына Полиохни, Аттикага Агиос-Козмас шаарлары түшкөн. Б. з. ч. 2200–2000-жылдар аралыгында уруулардын ич ара согушунан улам аралдар күч алып, ал эми материктеги грек урууларынын ичинен ахейлер ж-а ионийлер кубаттанган. Ортоӊку коло доорунда чарбачылык ж-а коомдук турмуш жагынан Крит алдыга чы-

гат. Анда Кнос, Фест, Агия-Триада, Маллия сыяктуу чакан мамлекеттер пайда болот. Крит жазуусу өнүгүп, пиктографиядан иероглифке көчөт (б. з. ч. 23–17-кылымдар). 18-кылым ченде жаӊы муун боюнча жазуу системасы жаралат. Криттиктер чоӊ флот куруп, Эгей деӊизинин бир катар аралдарын багындырат. 17-кылымдан Микен, Тиринф, Пилос сыяктуу айрым алгачкы кул ээлик мамлекеттер калыптанат. Б. з. ч. 17-кылымдын ортосунда ж-а 16-кылымдын аягында Ахей династиясынын бийлиги күч алат. Коло доорунун соӊку баскычында Крит мамлекеттери күч алып, шаарлар өсүп, тышкы байланыштар кеӊейген. Бирок б. з. ч. 1470-жылдар чамасында Крит аралында болгон жер титирөөдөн шаар-кыштактар кыйрап, калк көп зыянга учурап, арал ээн калган. Кносто гана ак сарайлар калыбына келтирилип, анда болжол м-н 1380-жылга чейин чакан мамлекет сакталып турган. Б. з. ч. 16–13-кылымдарда материктеги Грекия жогорку деӊгээлге жетет. Ахейлердин микен маданияты коӊшу өлкөлөргө, ошондой эле Египетке таасир тийгизет. Алардын жазмасы өөрчүй баштайт. 13-кылымда деӊиздин ары жагындагы өлкөлөргө жортуул жасайт. Б. з. ч. 1200-жылы ченде уруулар материктеги Грекияга ж-а Критке басып кире баштаган. Афины гана көз каранды эместигин сактап калган. 9-кылымга жакын грек уруулары: эолийлер Түндүк Грекияга, дорийлер Ортоӊку Грекияга ж-а Пелопоннестин чыгыш жагына, ал эми ионийлер Аттикага жайгашкан; көз каранды эместигин сактап калган ахей уруулары Аркадия м-н Ахейди көздөй сыйлыгышкан. Бул мезгилде гректер Кичи Азия аралдарын (жээктери м-н кошо) колониялаштыра баштаган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда темирден эмгек куралдары көп жасалып, натыйжада кол өнөрчүлөр өзүнчө бөлүнүп чыгат. Соода жүргүзүп, калкты чийки зат ж-а азык-түлүк м-н камсыз кылуу маселеси Грекиянын шаарлары үчүн маанилүү ишке айланат. Шаарларда жерсиз дыйкандар көбөйүп, кул жумшоо күч алат. Айрыкча б. з. ч. 7–6-кылымдарда колония ээлөө күчөйт. Гректер Эгей деӊизинин түштүгүн, Сицилиянын чыгышын, Италиядагы Тарент булуӊунун жээктерин ээлеп, Кара деӊиз жээктерине чейин жетет. Ошондон улам 6-кылымда гректер эл аралык маанидеги соода-сатык жүргүзө баштайт. Ошол кезде Грекия башка жактардан кул, азык-түлүк, чийки зат ташып турган. Шаарларда кулдар көбөйүп, соода ж-а кол өнөрчүлүк өөрчүп, ушул кесиптер жаатында кул ээлери чыккан. Уруу ак сөөктөрүнүн карызкорлорго жасаган мындай зомбулуктары демостун (эркин калк) каршылыгын туудурган. Айыгышкан күрөштүн натыйжасында демос кээ бир шаарларда карыздарды жойдурган (к. Солондун реформалары). Бирок уруу ак сөөктөрү демостун күрөшүнөн улам чыккан мындай реформаларга катуу каршы турган. Б. з. ч. 7–6-кылымдарда материктеги Грекиянын бир кыйла шаарларында Грек тираниясы орногон. Б. з. ч. 8–6-кылымдардын аралыгында байыркы грек коомундагы социалдык-экономикалык ж-а саясий уюмдашуунун бөтөнчө формасы – полистер калыптанган. Булар эрктүү жарандардын коллективи катары кулдарга, көз каранды калктын башка категорияларына ж-а чет өлкөлөрдөн келгендерге каршы турган. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында экономикасы күчтүү өнүккөн айрым полистерде (Коринф, Афины ж. б.) кулчулук кеӊири таралган. Бирок кээ бир полистерде (Спарта, Криттеги, Аргостогу полистер ж. б.) көпкө чейин кулчулук м-н катар уруулук түзүлүштүн калдыктары да сакталган. 6-кылымдын аягында шаарлардын адепки бирикмеси – Спарта баштаган Пелопоннес союзу түзүлөт. Б. з. ч. 5–4-кылымдарда Грекиянын тарыхында полистик түзүлүштүн, экономикалык-саясий ж-а маданий гүлдөөнүн доору болгон. Экономикалык жактан алга кеткен соода иши, кол өнөрчүлүк, полис чарбачылыгы кул эмгегине негизделген. Кулдар кол өнөрчүлүк устаканаларында, кендерде ж. б. иштей баштаган. Грекиянын гүлдөп-өскөн доору Афинынын жогорулашына байланыштуу болгон. Грек-перс согуштарында (б. з. ч. 500–449) Афины жеӊип, анын башчылыгы м-н Эгей деӊизинин аралдарында ж-а жээктеринде мамлекеттердин Делос союзу түзүлгөн. Бул жагдай Афинынын беделин көтөргөн. Афинынын күч-кубаты абдан артып, саясий түзүлүшү демократиялашып, маданияты өйдөлөп турган мезгил б. з. ч. 443–429-жылдар болду, бирок бул доор көпкө созулган эмес. Союздаш өлкөлөр көз каранды эместикке умтулган, батыштагы соода жолдорун талашкан Афины м-н Спарта Грекияга үстөмдүк кылуу үчүн таймашкан. Ушул өз ара таймаштар грек полистеринин көбүн камтыган Пелопоннес согушуна (б. з. ч. 431–404) алып келген. Согушта Афины союзу жеӊилип, Грекияда Спартанын гегемондук доору башталган. 395-жылы Спарта баштаган Коринф согушу чыккан. Грекиянын шаарларын бийлөө Спартага өткөн. Кийин Фивы демократтары спарталыктарды кууп чыгып, мурдагы Беотия союзун (б. з. ч. 6-кылым) калыбына келтирген. Б. з. ч. 378–377-жылдарда Спартага каршы күрөшүү үчүн экинчи Афины деӊиз союзу түзүлгөн, бирок бул да көп өтпөй ыдырап кеткен. Ушул мезгилде Грекиянын түндүгүндө Македония пайда болгон. Анын падышасы Филипп II Грекиянын улам бир бөлүгүн каратып ала берген (б. з. ч. 349–344). Александр Македонский кол башчылык кылган грек-македон армиясынын Чыгышта көп жерди басып алышы эллинизм доорун ачкан. Александр Македонский өлгөн соӊ анын монархиясы ыдыраган (323). Диадохтор м-н алардын мурасчыларынын (эпигондордун) таймашы өз алдынча эллин мамлекеттеринин түзүлүшүнө алып келет. Эллин доорундагы Грекияда аскердик мамлекеттер м-н союздар көп болгон. Булар жалпы Грекияга үстөмдүк кылуу укугун бири биринен талашып турган. Афины баштаган мамлекеттер Македонияга каршы турган, бирок ал таймашта Македония жеӊип чыккан. Ошентсе да Македония Балкан жарым аралындагы үстөмдүгүн бүт бойдон калыбына келтире алган жок. Жаӊыдан пайда болгон күчтүү эки союз (Ахей союзу ж-а Этолий союзу) теӊ Македонияга каршы күрөш жүргүзгөн. Ушулардын кесепетинен шаарлар кыйрап, калктар кулдукка сатылган. Киноскефалдын жанындагы согушта (197) римдиктер Македонияны жеӊет. 196-жылдан Македониянын саясий мааниси бара-бара төмөндөп, 148-жылы Андриск көтөрүлүшү басылгандан кийин, Римдин провинциясына (Иллирия ж-а Эпир м-н бирге) айланат. Рим империясынын кыйроо мезгилинде, анын чыгыш бөлүмүндө 4-кылымда түзүлгөн Чыгыш Рим империясы – Византиянын негизги уюткусу болуп калат.
Байыркы Грек маданияты. Грек полистеринде тоо-кен иштери ж-а металлургия, курулуш техникасы, карапа ж-а текстиль өндүрүшүнүн өөрчүшү, алфавиттик жазууга негизделген жазмалардын пайда болушу ж-а кеӊири таралышы гректердин өз кошуналары, Жакынкы Чыгыш ж-а Африка өлкөлөрү м-н ургаалдуу чарбалык, соода-сатык мамилелерин жүргүзүүгө шарт түзгөн. Анын баары байыркы Грекияда илимдин, адабияттын, сүрөт, театр, музыка өнөрлөрүнүн дүркүрөп өнүгүшүнө алып келген. Ал эми байыркы грек маданияты жалпы адамзат маданиятынын кийинки өнүгүшүнө өтө зор таасир тийгизген.
Мифологиясы жана дини. Байыркы гректердин турмушунда мифтердин мааниси чоӊ болгон. Алар өз айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуяларды мифтер аркылуу түшүнүшкөн. Мифологиялык көз караш боюнча бардык укмуштар жерден чыккан. Мисалы, мифтерде Зевс бүркүт, ак куу, чагылган, ал эми Афина үкү же жылан кейпинде сүрөттөлгөн. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыкта грек мифологиясы өнүгүүнүн эӊ жогорку чегине жеткен. Бул кезде Олимп тоосун мекендеген кудайлардын баары «адамдар ж-а кудайлар атасы» Зевске багынып, ар бири өзүнчө милдет аткарган. Мисалы, Афина – согуш, кол өнөрчүлүк, шаар м-н өлкөнү коргоо кудайы; Гермес – соода кудайы; Афродита – сүйүү м-н сулуулук кудайы ж. б. Олимп мифологиясы боюнча кудайлар м-н шайтандар адам кейпинде сүрөттөлгөн. Мурдагы укмуштар жөнүндөгү жомоктордун ордуна баатырлар тууралуу (Геракл ж. б.) мифтер келип чыккан. Грек мифологиясынын өсүшү м-н катар дин да өнүгөт. Дин жаратылыштан тышкаркы күчкө ишенүү, ага арнап курмандык чалуу сыяктуу үрп-адат, жөрөлгөлөрдү тараткан. Грек мифологиясы м-н дини Байыркы Чыгыш элдеринин кээ бир адат-салттарын кабыл алган. Грек мифологиясы антикалык искусствого негиз болгон.
Философиясы. Байыркы грек философиясы – б. з. ч. 7-кылымдын аягы – б. з. 6-кылымынын башында өөрчүп, айрым жалпылыктарга ээ болгон философиялык билимдердин (окуулардын) жыйындысы. Грек философиясына Вавилон, Финикия, Египеттин мифологиясы м-н философиясы чоӊ таасир тийгизген. Байыркы грек философиясынын башаты болгон натурфилософия табият сырларын философиялык түшүндүрүү аракетинен келип чыккан. Натурфилософия б. з. ч. 7–6-кылымдарда Кичи Азиянын Милет шаарында түптөлгөн. Бул мектептин негиздөөчүсү Фалес (б. з. ч. 642–547), ал эми окуучулары Анаксимандр ж-а Анаксимен болгон. Эгер Фалес бардык нерсе суудан чыгып, кайра сууга айланат десе, Анаксимандр дүйнөнүн уюткусу апейрон деп, ал эми кыймылдын булагы жылуулук м-н сууктуктун карама-каршылыгында жатат деп караган. Анаксимен болсо дүйнө абадан жаралган деп айткан. Б. з. ч. 530–470-жылдары философиянын борбору Эфес шаарына оойт. Анда көрүнүктүү философ Гераклит иштеген. Ал дүйнө башаты дайыма тутанып, өчүп турган от деп эсептеген: «Дүйнө бирдиктүү, ал кудайлар же адамдар тарабынан жаратылган эмес, ал түбөлүк тирүү от болгон, боло берет ж-а мыйзам ченемдүү түрдө тутанып же өчө берет. Жашоо – бул кыймыл. Тынымсыз өнүгүү – суу агымындай, ага эки жолу кирүүгө болбойт»... Грек философиясынын дагы бир белгилүү мектеби Пифагор тарабынан негизделген. Пифагор дүйнөнүн башаты ж-а негизи деп сандарды эсептеген. Сандар – материалдык, моралдык, руханий сапаттарга ээ деп карап, алар дүйнөнүн негизин гана түзбөстөн, алар космосто да тартипти түзүп турушат. Бир саны – бардыгынын башаты деген. Пифагор «философ», «философия» түшүнүктөрүн алгачкы болуп колдонгон. Б. з. ч. 7-кылымда Элей шаарында элей (Парменид, Зенон), б. з. ч. 5-кылымда эволюционизм (Эмпедокл), ноология (Анаксагор) философиялык мектептери түзүлгөн. Антикалык философиянын өнүгүүсүндө маанилүү орунду атомизм мектеби ээлейт. Жаратылыштын атомдордон турары жөнүндөгү идеяларды Левкипп ж-а Демокрит иштеп чыгышкан. Демокрит дүйнөнү бир бүтүн нерсе катары карап, ал көрүнбөс ж-а бөлүнбөс эӊ көп бөлүкчөлөр – атомдордон куралып, дайыма кыймылда турат деп санаган. Жан дагы атомдордон турат. Демокриттин атомисттик окуусун Эпикур, Лукреций өөрчүткөн. Б. з. ч. 5-кылымда Афины шаары философиялык ой-пикирдин борборуна айланат. Грек-перс согуштарынан кийин Афины шаары өлкөнүн экономикалык, саясий, маданий борборуна айланышы, мында билимдүү адамдарды тарбиялоо зарылчылыгын пайда кылган. Мындай билим берүүнү кесип кылган атайын даярдыгы бар адамдарды – софисттер (Протагор, Горгий) деп аташкан. Протагор: «Бардык нерсе адам м-н өлчөнөт, адамга канааттануу алып келген нерсенин баары жакшы, азап тартууга алып келсе жаман»,– деп караган. Антикалык ж-а дүйнөлүк философиянын өнүгүшүнө зор салым кошкон Сократ болгон. Сократ софисттерди акылмандыкты үйрөткөндүгү үчүн акы алгандыгын сындаган. Акылмандык ж-а сулуулук – бул кудайдан, аны сатууга ж-а сатып алууга болбойт деп эсептеген. «Мен эч нерсе билбешимди даана билем», «Ар дайым өзүӊдү таанып бил» сыяктуу ойлору м-н ал нерселердин физикалык табиятын таанып-билүү мүмкүн эместигин, ушундан улам адам өзүн-өзү таанып-билүүгө умтулуусу зарыл экендигин белгилеген. Сократ ар дайым талаш-тартыш, талкууларды уюштуруп, диалектика деп аталган философиялык методго негиз салган. Сократтын эӊ белгилүү шакирти Платон болгон. Платон Академия деп аталган философиялык мектепти түзүү м-н, идеалисттик философияга негиз салган. Ал биринчилерден болуп өнүккөн (идеалдуу) мамлекет кандай болушу керектиги тууралуу эмгегин жазган. Грек философторунун катарында өзгөчө орунду Аристотель ээлеген. Аристотель Платондун Академиясынын угуучусу, Александр Македондскийдин окутуучусу болгон. Платондун окуусун сынга алып («Платон менин досум, бирок акыйкат андан кымбат»), материянын объективдүүлүгүн туура баамдап, ал жок болбой түбөлүк жашай берет деген. Б. з. ч. 4–3ылымдарда стоиктер ж-а скептиктер, Эпикурдун мектептери түзүлгөн. 6-кылымда байыркы грек философиясынын өз алдынча өнүгүүсү токтогону м-н, анын идеялары кийинки мезгилдердеги философиялык ойлордун, окуулардын өнүгүүсүнө таасир тийгизген.
Адабияты – европалык адабияттардын эӊ байыркысы. Ал грек калкынын фольклорунан пайда болгон. Гомерге ыйгарылып жүргөн «Илиада» ж-а «Одиссея» поэмалары – грек адабиятынын төл башы чыгармаларынан. Б. з. ч. 7–6-кылымдарда лирика жанры өнүккөн. Флейтанын коштоосунда аткарылуучу саясий-согуштук, үгүт-сүйүү темаларындагы элегия ж-а какшык-күлкү мазмундуу ямб жанры жаралган. Ионияда өнүккөн проза жанрынын көрүнүктүү өкүлү – Эзоп. Афиныда демократиянын өнүгүшү драма жанрынын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Атактуу Эсхилдин чыгармалары демократия деспотизмди жеӊип жаткан мезгилди сүрөттөйт. Анын «Прометейи» кийинки доорлордо да өз маанисин жоготкон жок. Драматург Софоклдун чыгармачылыгы да Афины демократиясынын гүлдөп өнүгүп турган учуруна туш келген. Аристофандын комедияларында Афинынын саясий ж-а маданий турмушу сындалып, анын агрессиячыл тышкы саясаты айыпталган. Б. з. ч. 4-кылымда чечендик өнөр (Исократ), философиялык диалог (Платон) сыяктуу жанрлар мыкты өнүккөн. Грекияга Македониянын бийлиги орноп, эллиндик мамлекеттердин түзүлө башташы (3-кылымдын башы), римдиктердин соӊку жапырыгы (2-кылымдын орто чени) грек маданий турмушунун кедерин кетирген. Ошондой болсо да грек адабияты биротоло жок болуп кетпей, кийинки доорлордун адабиятынын өсүп-өркүндөшү үчүн бийик үлгү катары кызмат өтөп келген.
Театры. Грек драматургиясы м-н театрынын башаты Дионис кудайга арналган түшүм майрамдарынан башталат. Аларда аткарылган дифирам м-н ырларда диалогдун ж-а театрдагыдай кыймыл-аракеттин элементтери болгон. Акын Феспид (б. з. ч. 6-кылымдын 2-жарымы) хордон өзгөчө өнөрпозду – актёрду бөлүп чыгарган. Ошол туӊгуч актёр Феспид болгон деп айтылат. Театрдын мааниси полис демократиясы өнүгүп турган учурда айрыкча жогорулаган. Адепки театрлардын түзүлүшүнө Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан өӊдүү улуу драматургдардын чыгармалары өбөлгө болгон. Театрда оюн көрсөтүү жагын мамлекет уюштурган. Грек театрларында аялдардын ролун эркектер аткарган. Актёрлордун бардыгы беткап кийип ойношкон. Театрларда трагедия ж-а комедиядан тышкары, сатирикалык драмалар да коюлган. Грекиянын театр маданияты дүйнө жүзүндөгү театр маданиятынын өсүшүнө зор таасир эткен.
Архитектура жана сүрөт өнөрү. Грекиянын көркөм эстеликтери Балкан жарым аралынын аймагында, Кичи Азияда, Аппенин жарым аралынын түштүгүндө сакталган. Грек архитектурасы мегарондук микен маданиятынан башталат. Байыркы грек искусствосунун өнүгүү жолу гомер, архаика, классика, эллин мезгили деген этаптарга бөлүнөт. Г о м е р м е з г и л и н д е сүрөт түшүрүлгөн карапаларды жасоо кеӊири өнүккөн. Мегарондук архитектуранын негизинде алгачкы грек храмдары салынган. А р х а и к а м е з г и л и н д е полистердин өнүгүшүнө байланыштуу турак жай кварталдары, коомдук-соода борборлору (агоралар) ж-а коргон чептер (акрополдор), коомдук таш имараттар, стадион, театр, гимнасий ж-а палестра сыяктуу окуу жайларынын имараттары курулган. Геранын (Олимпте), Аполлондун (Коринфте) храмдары салынган. К л а с с и к а л ы к м е з г и л д е Грекия архитектурасы гүлдөп-өнүгүүнүн жогорку тепкичине көтөрүлгөн. Шаарлар пландуу курулуп, порт ж-а гавандарды салуу өркүндөгөн. Олимпте Зевстин, Афиныда Парфенон ж-а Эрехтейон храмдары сыяктуу Грекия архитектурасынын мыкты үлгүлөрү курулган. Э л л и н м е з г и л и н д е грек мад-ты Афиныдан Кичи Азиянын шаарларына оошкон. Скульптуралык портрет өнөрү мыкты өнүккөн, курулуш иштери кеӊири кулач жайып, пландуу салынган жаӊы шаарлар өсүп чыккан (Александрия, Антиохия, Селевкия ж. б.). Байыркы грек искусствосунун тажрыйбасы кийинки доорлордун көркөм маданиятына таасирин тийгизген.
Ад.: Сергеев В. С. История Древней Греции. 3 изд. М., 1963; Древние цивилизации (Под общей редакцией Г. И. Бонгард-Левина). М., 1989; Варнеке Б. В. История античного театра. М.; Л., 1940; Радциг С. И. История древнегреческой литературы. М., 1969; Асмус В. Ф. История античной философии. М., 1965; Полевой В. М. Искусство Грекии. Древний мир. М., 1970.