ГРЕЧКО Андрей Антонович: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ГРЕЧКО 1 to ГРЕЧКО Андрей Антонович) |
||
(7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРЕЧКО ''' Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Россия империясы (азыркы Ростов | '''ГРЕЧКО ''' '''Андрей Антонович''' [4 (17). 10. 1903, Россия империясы (азыркы Ростов облусу, Куйбышев району, Куйбышево айылы) Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы облусу – 26. 4. 1976, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-жылы өз ыктыяры м-н Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түндүк Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түштүк фронттогу генералдар А. И. Деникин ж-а П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-жылы Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс м-н Түндүк Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск ж-а Туапсе багыттарындагы 47- ж-а 18-армиянын, 1943-жылдан Түндүк Кавказда 56-армиянын командачысы, 1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-жылы 15-декабрдан Украинаны, Польшаны ж-а Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-жылдарда Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-жылдарда Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-жылы ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-жылы апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-жылдарда СССР Коргоо министри. Ал Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам ж-а Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн ж-а кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги м-н армия ж-а аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары м-н жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-жылдарда КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-жылдарда КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б. шаарлардагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2, 1-даражадагы Суворов, 2, 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:54, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРЕЧКО Андрей Антонович [4 (17). 10. 1903, Россия империясы (азыркы Ростов облусу, Куйбышев району, Куйбышево айылы) Голодаевка кыштагы, Таганрог округу, Дон Армиясы облусу – 26. 4. 1976, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1955), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1958; 1973), Чехословакиянын Баатыры. 1919-жылы өз ыктыяры м-н Жумушчу-Дыйкандар Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. Украинада анархисттик түзүлүштөрдү жоюуга, Түндүк Кавказдагы улутчул кыймылдарды талкалоого, Түштүк фронттогу генералдар А. И. Деникин ж-а П. Н. Врангелдин аскерлерине каршы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1936), Башкы штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. 1938-жылдан полк командири, 1938-жылдан дивизиясынын штаб башчысы. 1939-жылы Кызыл Армиянын поляк өнөктүгүнө катышкан. Улуу Ата Мекендик согушта дивизиянын, 1942-жылдан корпустун, 12-марттан ыкчам топтун командири. 1942-жылдын апрелинен Донбасс м-н Түндүк Кавказда 12-армиянын, сентябрдан Новороссийск ж-а Туапсе багыттарындагы 47- ж-а 18-армиянын, 1943-жылдан Түндүк Кавказда 56-армиянын командачысы, 1943-жылдан Воронеж фронтунун командачысынын орун басары, 1943-жылы 15-декабрдан Украинаны, Польшаны ж-а Чехословакияны бошотууга катышкан 1-гвардиялык армиянын, 1945–53-жылдарда Киев аскер округунун командачысы, 1953–57-жылдарда Германиядагы советтик аскерлер тобунун башкы командачысы, 1957-жылы ноябрдан СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, 1960-жылы апрелден СССР Коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Варшава Келишимине мүчө өлкөлөрдүн Бириккен Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967–76-жылдарда СССР Коргоо министри. Ал Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн бекемдөөгө чоң салымын кошкон. Чехословакияга советтик аскерлердин киришин (1968), Даманск аралындагы чек ара жаңжалындагы согуштук аракеттерди (1969), Вьетнам ж-а Араб-Израиль согуштарындагы советтик аскер бөлүктөрүнүн ж-а кеңешчилеринин ишин көзөмөлдөгөн. Анын жетекчилиги м-н армия ж-а аскер-деңиз флоту жаңы аскер техникалары м-н жабдылган. Аскер кызматынын мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскарган. 1952–61-жылдарда КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961–73-жылдарда КПСС БКнын мүчөсү, 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты. Ысымы Москва, Киев ж. б. шаарлардагы көчөлөргө, Ленинград аскер-деңиз академиясына берилген. Өзү туулуп-өскөн мекенине эстелиги орнотулган. 6 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2, 1-даражадагы Суворов, 2, 1-даражадагы Кутузов, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.