ГРИГОРОВИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(6 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГРИГОРО́ВИЧ ''' Юрий Николаевич (2. 1. 1927-ж. т., Ленинград) – балет артисти, балетмейстер-хореограф, педагог, публицист, СССР эл арт. (1973), өзбек ССРинин эл арт. (1981), Казакстандын эмг. сиң. ишмери (1995), Башкырстан Респ-нын эл арт. (1996), Соц. Эмг. Баатыры (1986),
'''ГРИГОРО́ВИЧ ''' '''Юрий Николаевич''' (2. 1. 1927-жылы туулган, Ленинград) – балет артисти, балетмейстер-хореограф, педагог, публицист, СССР эл артисти (1973), Өзбек ССРинин эл артисти (1981), Казакстандын эмгек сиңирген ишмери (1995), Башкырстан Республикасынын эл артисти (1996), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1986), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977, 1985). Ленинград хореографиялык окуу жайын бүтүргөн (1946). 1964-жылга чейин Ленинград опера жана балет театрынын солисти, 1962–1964-жылдары ушул театрдын балетмейстери, 1964–1995-жылдары Чоӊ театрдын башкы балетмейстери. Ленинград опера жана балет театрында коюлган С. Прокофьевдин «Таш гүл» (1957), А. Меликовдун «Сүйүү тууралуу баян» (1961), П. Чайковскийдин «Щелкунчик» (1966, Чоӊ театр; 1973, Вена)
[[File:ГРИГОРОВИЧ31.png | thumb | А. Эшпайдын «Ангара» балетинен көрүнүш. Балетмейстер Ю. Григорович.]]
[[File:ГРИГОРОВИЧ31.png | thumb | А. Эшпайдын «Ангара» балетинен көрүнүш. Балетмейстер Ю. Григорович.|337x337px]]


СССР мамл. сыйл. лауреаты (1977, 1985). Ленинград хореогр. окуу жайын бүтүргөн (1946). 1964-ж. чейин Ленинград опера ж-а балет театрынын солисти, 1962–64-ж. ушул театрдын балетмейстери, 1964–95-ж. Чоӊ театрдын башкы балетмейстери. Ленинград опера ж-а балет театрында коюлган С. Прокофьевдин «Таш гүл» (1957), А. Меликовдун «Сүйүү тууралуу баян» (1961), П. Чайковскийдин «Щелкунчик» (1966, Чоӊ театр; 1973, Вена) спектаклдери балетмейстерлик чыг-лыгынын өсүшүнө түрткү берген. 1970-ж. П. Чайковскийдин«Ак куу көлү», 1973-ж. «Уйкудагы сулуу» балеттеринин жаӊы редакциясын койгон. А. Хачатуряндын «Спартак» балетинде элдик-баатырдык теманы классикалык бийдин каражаттары аркылуу ачып берген (1968; Лениндик сыйл., 1970). С. Прокофьевдин «Иван Грозный» (1975), «Ромо-Джулетта» (1979), А. Эшпайдын «Ангара» (1976; СССР мамл. сыйл., 1977), Д. Шостаковичтин «Алтын кылым» (1982), А. Глазуновдун «Раймонда» (1984), А. Адан – Ч. Пунинин «Корсар» (1994) ж. б. балеттерди койгон. 1973-жылдан Ленинград консерваториясында педагог. Ата мекенге сиң. эмг. үчүн I-, II-, III-даражадагы ордени (2002, 2007, 2011), Ленин ордени (1976, 1986) ж-а бир нече медалдар м-н сыйланган.
спектаклдери балетмейстерлик чыгармачылыгынын өсүшүнө түрткү берген. 1970-жылы П. Чайковскийдин «Ак куу көлү», 1973-жылы «Уйкудагы сулуу» балеттеринин жаӊы редакциясын койгон. А. Хачатуряндын «Спартак» балетинде элдик-баатырдык теманы классикалык бийдин каражаттары аркылуу ачып берген (1968; Лениндик сыйлыктын, 1970). С. Прокофьевдин «Иван Грозный» (1975), «Ромо-Джулетта» (1979), А. Эшпайдын «Ангара» (1976; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1977), Д. Шостаковичтин «Алтын кылым» (1982), А. Глазуновдун «Раймонда» (1984), А. Адан – Ч. Пунинин «Корсар» (1994) жана башка балеттерди койгон. 1973-жылдан Ленинград консерваториясында педагог. Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн I, II, III даражадагы ордени (2002, 2007, 2011), Ленин ордени (1976, 1986) жана бир нече медалдар менен сыйланган.
 
[[Файл:Григорович 2.jpg|left|thumb|Ю. Н. Григорорвич]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:37, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРИГОРО́ВИЧ Юрий Николаевич (2. 1. 1927-жылы туулган, Ленинград) – балет артисти, балетмейстер-хореограф, педагог, публицист, СССР эл артисти (1973), Өзбек ССРинин эл артисти (1981), Казакстандын эмгек сиңирген ишмери (1995), Башкырстан Республикасынын эл артисти (1996), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1986), СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977, 1985). Ленинград хореографиялык окуу жайын бүтүргөн (1946). 1964-жылга чейин Ленинград опера жана балет театрынын солисти, 1962–1964-жылдары ушул театрдын балетмейстери, 1964–1995-жылдары Чоӊ театрдын башкы балетмейстери. Ленинград опера жана балет театрында коюлган С. Прокофьевдин «Таш гүл» (1957), А. Меликовдун «Сүйүү тууралуу баян» (1961), П. Чайковскийдин «Щелкунчик» (1966, Чоӊ театр; 1973, Вена)

А. Эшпайдын «Ангара» балетинен көрүнүш. Балетмейстер Ю. Григорович.

спектаклдери балетмейстерлик чыгармачылыгынын өсүшүнө түрткү берген. 1970-жылы П. Чайковскийдин «Ак куу көлү», 1973-жылы «Уйкудагы сулуу» балеттеринин жаӊы редакциясын койгон. А. Хачатуряндын «Спартак» балетинде элдик-баатырдык теманы классикалык бийдин каражаттары аркылуу ачып берген (1968; Лениндик сыйлыктын, 1970). С. Прокофьевдин «Иван Грозный» (1975), «Ромо-Джулетта» (1979), А. Эшпайдын «Ангара» (1976; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1977), Д. Шостаковичтин «Алтын кылым» (1982), А. Глазуновдун «Раймонда» (1984), А. Адан – Ч. Пунинин «Корсар» (1994) жана башка балеттерди койгон. 1973-жылдан Ленинград консерваториясында педагог. Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн I, II, III даражадагы ордени (2002, 2007, 2011), Ленин ордени (1976, 1986) жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Ю. Н. Григорорвич