ГРИГОРЬЕВ Василий Васильевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ГРИГОРЬЕВ to ГРИГОРЬЕВ Василий Васильевич) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРИГО́РЬЕВ ''' Василий Васильевич (15.3.1816, Россия, Санкт-Петербург –19.2.1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск | '''ГРИГО́РЬЕВ ''' '''Василий Васильевич''' (15.3.1816, Россия, Санкт-Петербург –19.2.1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск кыштагы) – орус тарыхчысы, белгилүү чыгыш таануучу. Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1853). 1834-жылы Санкт-Петербург университетин бүтүргөндөн кийин тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Чыгыш тилдер бөлүмүнө ишке кирген. 1853-жылы В. А. Перовскийдин отряды м-н Ак-Мечит (азыркы Кызыл-Ордо шаары) чебин алууга катышкан. Анын демилгеси м-н Оренбургда Орто Азия элдеринин тарыхы боюнча китепкана ачылган. 1863-жылы Санкт-Петербург университетинин чыгыш тарыхы кафедрасынын профессорлугуна дайындалып, ошол эле жылы чыгыш тилдеринин доктору деген илимий даражага ээ болгон. 1867-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Россия археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүн жетектеген. Орто Азия тарыхы боюнча бир нече эмгек жараткан. Немец окумуштуусу К. Риттердин «Жер таануу» деген эмгегине алгачкылардан болуп кошумчаларды киргизип, аны орус тилине которгон. Григорьев айрым макалаларын «Мендалий Пиралиев» деген ысым м-н чыгарган. 10–13-кылымдарда Орто Азия м-н Чыгыш Түркстандагы Караханиддер династиясына караган уруулардын жалпы тарыхына байланыштуу «Караханиддер каганаты» деген терминди колдонууну сунуштаган. Россияда чыгыш таануу боюнча лекция окуган алгачкы окумуштуулардын бири. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:44, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРИГО́РЬЕВ Василий Васильевич (15.3.1816, Россия, Санкт-Петербург –19.2.1881, Санкт-Петербургка жакын Павловск кыштагы) – орус тарыхчысы, белгилүү чыгыш таануучу. Россия ИАнын корреспондент-мүчөсү (1853). 1834-жылы Санкт-Петербург университетин бүтүргөндөн кийин тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин Чыгыш тилдер бөлүмүнө ишке кирген. 1853-жылы В. А. Перовскийдин отряды м-н Ак-Мечит (азыркы Кызыл-Ордо шаары) чебин алууга катышкан. Анын демилгеси м-н Оренбургда Орто Азия элдеринин тарыхы боюнча китепкана ачылган. 1863-жылы Санкт-Петербург университетинин чыгыш тарыхы кафедрасынын профессорлугуна дайындалып, ошол эле жылы чыгыш тилдеринин доктору деген илимий даражага ээ болгон. 1867-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Россия археологиялык коомунун Чыгыш бөлүмүн жетектеген. Орто Азия тарыхы боюнча бир нече эмгек жараткан. Немец окумуштуусу К. Риттердин «Жер таануу» деген эмгегине алгачкылардан болуп кошумчаларды киргизип, аны орус тилине которгон. Григорьев айрым макалаларын «Мендалий Пиралиев» деген ысым м-н чыгарган. 10–13-кылымдарда Орто Азия м-н Чыгыш Түркстандагы Караханиддер династиясына караган уруулардын жалпы тарыхына байланыштуу «Караханиддер каганаты» деген терминди колдонууну сунуштаган. Россияда чыгыш таануу боюнча лекция окуган алгачкы окумуштуулардын бири.